Эльдар Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты: «МАСЕЛЕ ЧЕЧҮҮ КЫЙЫН ЭКЕНИНЕ ДЕПУТАТ БОЛГОНДО ЫНАНДЫМ»

Эльдар Сулайманов парламентте жаңы депутат. “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан жаштардын квотасы менен шайланып келген. Каарманыбыз “жаштар саясатчыларга көп алданып калышты, азыр көбү саясатта жок, активдүү эмес, шайлоодо добуш берүүгө деле катышпай калышты. Биз жаштардын саясатка келүүсүнө шарт түзүп беришибиз керек, ошондо гана жаңы саясий муун пайда болот” дейт ал.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 3-июль

Туулган жери– Жалал–Абад облусу, Ала-Бука району

Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн

Хоббиси – кышында лыжа, жайында велосипед тебет. Ат минип тоого чыгат

Эл билбеген өнөрү – жаа атат, кээде 3-4 сааттап жаа атканды жакшы көрөт

“УБАГЫНДА АТАМ ДА УШУЛ ПАРТИЯДАН ДЕПУТАТ БОЛГОН”

– Ата-тегим Чоң-Алайдан болот. Мен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда чоңоюп, өстүм. Депутат болуп калышыма элдин көйгөйүн жон терим менен сезгеним себеп болду. Ош шаарында көп жыл жашадым, ал жакта жамгыр жааган сайын ичүүчү суу өчүп калат, тротуарлар, жолдор аябай начар. Ошонун баарын көрүп зээним кейийт эле. Ошол көйгөйлөрдү чечүүгө таасир тийгизгим келди. Өзүмдү дараметимди сынап көрөйүн деп Ош шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлигимди коюп, өтүп кеттим. Ал жакта 5 ай иштегенден кийин “өзүңдүн тилкеңден жакшы добуш алыптырсың, жаштар квотасы менен биздин партияга кел” деп сунуштап калышты. Ойлонуп көрүп макул болдум. “Ата-Журт Кыргызстан” мага абдан жакын партия. Убагында (ред.: 2010-жылдары) Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен бирге атам Нурлан Сулайманов да ушул партиядан парламентке депутат болуп шайланып келген. Жаш болсом да аракет кылайын деп талапкерлигимди коюп, насип экен өтүп кеттим. Жогорку Кеңешке келген 2 жыл ичинде чоң тажрыйба топтодум, 2 мыйзам долбооруна авторлош болдум. Мурун мен “ушуну оңой эле чечип койсо болмок да” деген нерселер чынында оңой эмес экенине ынандым. Бул жакта айтыш оңой, жасаш кыйыныраак экен. Депутаттык иште мага жакканы - элдин көйгөйүн чечип, жардам бергенден ырахат аласың, бирөөгө пайдаң тийип жатканыңа кубанасың.

“ЖАШТАР АЛДАНА БЕРИП ЧАРЧАШТЫ...”

– Статистикага таянсак, бизде 1 миллион 200 миңден ашык жаштар бар, бирок жаштар саясатта аз. Көбү чет өлкөдө миграцияда. Алар алдана берип чарчашты, мурда “мына, силерди да тизмеге киргиздик” деп коюп иш жүзүндө партия лидери каалаганын депутат кылчу да. Азыр систем башка, жакында адилеттүү шайлоо өткөрдүк. Мурункудай систем болуп баарын партия жетекчиси чечип койсо, балким, мен деле парламентке келбей калмакмын. Кыргыз саясатына жаштарды алып келүүгө шарт түзүшүбүз керек ошондо жаңы саясий муун алмашат. Антпесе азыр жаштар шайлоого деле катышпай калышты, коомдук иштерде активдүү эмес.

“КАЛКАЛАЙ ТУРГАН ЧОҢ БИЗНЕСИМ ЖОК”

– Депутат болгуча бир нече мамлекеттик кызматтарда: Улуттук электр тармактарында, Каржы полициясында, Калкты каттоо мамлекеттик борборунда эмгектенгем. Кийин чакан бизнес ачтым. Биринчи бизнесим – бөтөлкөдөгү ичүүчү суу болду. Чоң-Алайдан деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан мөңгү суусунан алып келип, заводдон бөтөлкөлөргө куюп сатчубуз. Кийин курулуш тармагында иштеп жүрдүм. Азыр ал бизнестердин баары жок. Үй-бүлөмдү бакканга чакан бизнесим бар, ошол жетет. Парламентке депутаттар бизнесин калкалаганы келишет деп айтышат экен, менин коргогудай деле чоң бизнесим жок. Байкасаңыз, азыр парламентте мурункудай алкомагнат, курулуш тармагындагы магнаттар жок, алардын көбү акчасы болсо да өтпөй калышты. Азыр парламентте чоң бизнесмендерден 2-3 эле депутат бар.

“САБАКТАН “3” АЛЫП КЕЛСЕМ, АТАМ ТАҢ АТКЫЧА ТАПШЫРМА АТКАРТКАН”

– Мен 7 жашка чыккыча Ала-Букада жашадык. Балалык кезим сонун өттү. Түнкү саат 10-11ге чейин сыртта ойной берет элек. Азыр мен балдарымды түнгө чейин ойноткондон чочулайм. Айылда жашап жүргөндө 2-3 чакырым жерден фляга, чакалар менен таза суу ташычумун. Кийин Ош шаарына көчүп кеттик, мен шаардагы №16 гимназияда окуп калдым. 11 жашымда биринчи жолу өз алдымча базарга барып, апам жазып берген тизме боюнча үйгө азык-түлүк алып келгем. Ошондон кийин апам мени такай базарга жиберчү болду. 8-класста окуп жүргөндө атамдын жумушунан улам Бишкекке көчүп келдик. Борборго көнүү абдан кыйын болду, мектепте балдар кошпойт “айылдык” деп, өзүм да орусча кыйратып билбейм, айтор, бир жыл дегенде араң көнүшүп, досторго кошулгам. Азыр бардык классташтарым менен мамилебиз жакшы. Бир айда бир жолугуп турабыз, айрымдары “сен депутат болгону биз менен сүйлөшпөй калдың” деп таарынышат (күлүп). Мектепте жалаң бешке окудум дебейм, “5”, “4”, “3” деген баалар аралаш болчу. Бир жолу атам күндөлүгүмдөн “3” деген бааны көрүп калып, экөөбүз таң аткыча тапшырма жазганбыз. Урушуп, какыс-кокус кылчу эмес, акырын түшүндүрүп, бирок көпкө чейин жанымда отура берээр эле. Үйдүн улуусу болгонумдан улам апам 9-классымда эле ашканада тамак-аш жасаганды үйрөтүп койгон. Ошондо эле 5-6 түрдүү тамак жасаганды билчүмүн. Азыр деле кээде илхом келип калса ашканада “шеф” болуп коём.

“СТУДЕНТ КЕЗДЕ 20 СОМ МЕНЕН ОКУУГА БАРЫП КЕЛЧҮМҮН”

– 30 жашымда үйлөндүм, учурда 4 уулум бар. Негизи эркек баланы катуу эле кармаш керек. Мен университетте окуп жүргөндө атам мага жол киреге 10 сом, бир нерсе алып жегенге деп 10 сом, күнүнө 20 сом эле берчү. Ал жетеби-жетпейби сурабайт эле. Албетте, 20 сом эч нерсеге жетпейт эле. Ал убакта кыздар менен сүйлөшкүң келет, аларды киного чакырып, балмуздак алып бергиң келет ага жетпейт да. 1-курсту ошентип 20 сом менен барып келип эле бүтүргөм. 2-курстан баштап окуудан сырткары бир чет өлкөлүк компанияда документ кагаздары менен иштеп баштадым, айлыгым 6000 сом эле, өзүмө кенен жетчү.

“АТАМ ЖАСАГАН ИШТЕРДИ БИР ДА МИНИСТР ЖАСАЙ АЛГАН ЖОК”

– Атам Нурлан Сулайманов 2010-жылга чейин транспорт министри болуп иштеген. Эмнеге аны коррупцияга айыптап иш козгоп, каралашкан? Анткени ошол мезгилде атам “Ата Журт” партиясы менен парламентке депутат болуп шайланып, бирок коалиция түзө алышпай “Ата Журт” оппозицияга кеткен. Саясий көз карашы үчүн, партияны алсыздандыруу максатында иш козгошкон. Козголгон кылмыш ишинде эч кандай далил болгон эмес, бир компания Транспорт министрлигине карыз болуп ошону төлөй албай калган, ошону атамды жеп алды деп “мамлекетке 5 миллион сом зыян келтирилди” деп кине тагышкан. Бирок кийин аны карыз болгон компания төлөп берген. Атам райондук, шаардык бардык соттон утуп чыккан. Кылмыш ишинин ачылганы, атамды чоң коррупционер катары көрсөтүп каралаганы ошол кездеги оппозиция менен акыйкатсыз күрөшүү ыкмасы болду деп эсептейм. Чынында атам жасаган иштерди бир да министр жасай алган жок. Атам министр болуп турганда Ош-Бишкек жолу реконструкциядан өткөн, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун долбоору атамдын убагында иштелип чыгып, насыя макулдашуулары, гранттык келишимдер баары бүтүп даяр болгондо 2010-жылдагы революция болуп кеткен. Ош - Эркеч-Там жолунун долбоору да ошондо иштелип чыгып, каражаттары табылган. Ысык-Көл шакекчеси деп көлдү тегерете магистралдык жол курулмак. Бишкектеги Түштүк магистраль жолун Сосновкага чейин жеткирүү планы болгон. Революциядан кийин ошол кездеги бийлик ал иштердин баарын “биз жасадык” деп чыкпадыбы. Азыр атам пенсияда, өзүнүн иштери менен алек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан