БАЛЫКТЫ ТҮРЛӨП БЫШЫРЫҢЫЗ

Адатта, балыкты майга кызарта кууруп жегенди жактырабыз. Сууга, бууга бышырса балыктын курамында витаминдер көбүрөөк сакталат дешет адистер. Бул жолу балык бышыруу боюнча 4 рецептти сунуштайбыз.

КАМЫРГА ОРОЛГОН БАЛЫК

Даярдоо ыкмасы:

1. Эленген унга туз кошуп, бөлмө температурасындагы каймак майды майда туурап үстүнө салабыз да, кол менен бириктиребиз. Эми сууну аз-аздан куюп жумшак камыр жууруйбуз. Камырды муздаткычка 20 мүнөт сала туруу керек.

2. Балыктын ашыкча суусун сүрүп салып, аз-аздан туз, мурч себелеп сиңиребиз.

3. Лимондун кабыгын кырып алабыз. Ага каймак майды, майда тууралган укроп менен базиликти, туз, мурч татытып аралаштырабыз. Муну балык этине тегиз сүйкөйбүз.

4. Камырды 2-3 миллиметр калыңдыкта жайып, ортосуна балык этин жайгаштырабыз. Жумуртканын агын камырдын калган жерине сүйкөп, ороп бириктиребиз. Бетине жумуртканын сарысынан сүйкөп, майланган табага же пергамент кагазы төшөлгөн табага салып, 200 градуста ысып турган электр мешине 25 мүнөт коёбуз.

5. Даяр болгон балыкты 5 мүнөт муздатып, анан дасторконго сунуңуз.

КУУРУЛГАН БАЛЫК

Даярдоо ыкмасы:

1. Балык чоң болсо туурасынан 1,5-2 сантиметр калыңдыкта кесебиз. Майда болсо ошол бойдон куурулат. Балыкка туз, мурч себелеп сүйкөп, 5-10 мүнөттөн соң лимон ширесинен сиңирип чыгабыз.

2. Эленген унга балык кесимдерин оонатып, алдын ала ысып турган көмөч казандагы майга салып эки бетин тең кызарта бышырабыз.

3. Гарнир катары помидор, капуста түрлөрүнөн 2-3 мүнөт майга кууруп жиберип кошсоңуз да жакшы айкалышат.

ФИН УХАСЫ

Даярдоо ыкмасы:

1. Балыкты майда кылкандарынан тазалап, башын, чоң сөөктөрүн жана аарчылып төрткө бөлүнгөн пиязды сууга салып 15 мүнөт кайнатабыз.

2. Шорпосун сүзүп алып, кайнап чыкканда орто көлөмдө тууралган картошканы салабыз. 5 мүнөт кайнаганда балык этин салып 10 мүнөт кайнатабыз.

3. Кам каймакка унду себелеп аралаштырып, шорпого аз-аздан куюп аралаштырабыз. 10 мүнөт кайнаган соң майда тууралган укропту кошуп бир борк эттирип оттон чыгарабыз. Балык шорпобуз даяр!

ЭЛЕКТР МЕШИНДЕ БЫШКАН БАЛЫК

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач лимондун жарымынын ширесин сыгып, үстүнө өсүмдүк майын, татымалдарды кошуп аралаштырабыз.

2. Балыкты тазалап, жууп алып, ичи-сыртына лимон аралашмасынын жарымын сүйкөп 15-20 мүнөт коё туруу керек.

3. Ага чейин жашылчаларды жууп, аарчый турганын аарчып, чоң кесимдерге бөлөбүз. Үстүнө лимон аралашмасынын калганын куюп, туз себелеп алабыз.

4. Электр мешин 180 градуска ысытып, табасына фольга төшөйбүз. Жашылчаларды, андан соң балыкты жайгаштырабыз. Табанын үстүн кайра фольга менен буу чыкпагыдай жаап, жарым саатка салабыз. Жарым сааттан кийин үстүн ачып, мешти 220 градуска коюп дагы 15 мүнөт бышырабыз.

5. Бышкаан балыкты тарелкаларга бөлүштүрүп, жанына жашылчаларды салып, лимон кесимдери менен кооздоп дасторконго суна бериңиз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан