Байыш Ниязов, көк бөрүчү: «МЫНДАН АРЫ КОМАНДАДА ОЙНОБОЙМ, АЛАМАН УЛАК ЧАБАЙЫН ДЕП ЧЕЧТИМ»

Өзгөндүн Дөң-Булак айылынан чыккан белгилүү көк бөрүчү Ниязовдор тууралуу билбегендер аз. Ошол бир туугандардын бири, Кыргызстанда эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да сый-урматка ээ, эл аралык класстагы спорт чебери Байыш Ниязов менен көк бөрү дүйнөсү тууралуу маектештик.

– Арыбаңыз, Байыш мырза? Быйыл 9-май турниринде эч бир командада ойногон жоксуз. Карьераңызды жыйынтыктадыңызбы?

– Саламатсыздарбы? Ооба, командалык оюнда карьерамды жыйынтыктадым десем болот.

– Нооруз турниринде Ош облусунун атынан оюнга чыккансыз, андан кийинки эле турнирге чыкпай көк бөрүнү жыйыштырууңузга эмне себеп болду?

– Олуттуу деле себеп болгон жок. Жөн гана ойногонду каалаган жокмун. Мындан ары командалык оюнду токтотуп, аламан улак чабайын деп эле чечтим. Эми кезекти жаштарга берели.

– Жылдан-жылга көк бөрүдө эрежелер өзгөрүп жатпайбы. Бул өзгөрүүлөр жакшы жыйынтык берип жатабы?

– Ооба, мурункуга салыштырмалуу бир топ нерселер жакшырды. Мисалы, ат урдурганды айтсак, азыр ашыкча урдурууга тыюу салып койбодубу. Мурун биз күүлөнүп келип эле кагыша берчүбүз. Чаап келип додонун арасына кирип кетчүбүз. Азыр эрежени эске алып, калыстар жакшы көзөмөлдөп калышты.

– Көп жылдан бери командада да ойноп, аламан да чаап келесиз. Сизге кайсынысы жакын?

– Мага көбүнчө аламан жагат.

– Мм, аламан? Анда эмнеге көп жылдар бою көк бөрүнү таштаган жоксуз?

– Негизи командалык оюн да жагат. Чынында, мен элге командалык оюн аркылуу таанылгам. Ушул даражага жетишиме командалык оюндун салымы чоң дегендей. Бирок эми командалык оюнда жаракат көбүрөөк болот.

– Аламанчы, коопсузбу?

– Аламанда деле жаракат болбой койбойт. Баары Кудайдын буйругу менен да. Түз жолдо басып баратып деле чалынып жыгылып, кырсыктаган учур деле болот эмеспи.

– Аламанга коюлган байге да кызыктырса керек, ээ?

– Жок (күлүп), байгесине деле анча кызыкпайм. Мага болгону күчтүү, мыкты аттарды минип улак чапкан жагат.

– Деги эле спорттук карьераңыз кайсынысынан башталган?

– Аламандан башталган. Жайлоодо чоңойгонбуз да, ал жакта тынымсыз аламан улак болор эле. 7-8-классымдан тартып эле аралашып ойноп жүрдүм. Анан Ош облусунун курама командасына эң жаш оюнчу болуп кошулгам. Жыргалбек Саматов Оштогу оюнчулардан команда курап, Бишкекке барып оюн көрсөткөнбүз.

– Кайсы мезгил көк бөрүдө жылдызыңызды жандырды?

– “УГАИ” деген команда бар эле. Анда Апачи деген ат минип жекеме-жекеде оюн көрсөтчүмүн. Ошол учурда элге көбүрөөк көрүнө алдым. Андан кийин мени “Бөрүлү” командасына чакырышты. “Бөрүлү” ал учурда чемпион болуп турган команда эле. “Бөрүлүдө” Япончик деген ат минип жекеме-жекеге чыкчумун. Анда дагы жакшы оюн көрсөтүп, элге кыйла таанылгам. Андан кийин “Кожомкул”, “Рассвет” командаларында ойнодум. “Рассвет” эң жактырган командам эле. “Рассветтин” жетекчиси Индусбек Бөкөнбаев тартипке өтө бекем болчу. Ал кишиден тазалык, жүрүм-турум, тартип, айтор, жашоого керектүү көп нерсени үйрөндүк. Команданы абдан жакшы карачу. Азыр канча команда бар, бирок биринде дагы “Рассветтегидей” тартип жок го дейм. Оюндан кийин ат жабдыктарыңдын баарын тазалатчу, өтүктөрүбүздөн бери майлатчу.

Андан кийин “Достукка” өттүм, көп жыл ойнодум. Акыркы командам “Ала-Тоо” командасы болду.

– Бир туугандарыңыз да белгилүү улакчылар. Алар менен бир командада же аларга каршы ойногон учурларда сезимдер кандай болот?

– Бирге ойногонуң жакшы, каршылаш командада ойногон өтө жаман. Мен “Бөрүлүдө” ойноп жүргөндө Кыяз менен Манас “Рассветте” ойночу. Эсимде, бир ирет финалда беттешип калдык. Ошондо ушундай бир ыңгайсыз учур болгон. Мен аларды ат менен урдуруп алам, алар мени урдуруп кетет. Бетимдеги так ошол беттештен калган. Кыяз уруп кеткен. Эми бул спорт да, бир тууганым менен каршы келип калдым деп ойнобой коё албайсың, командаңдын жеңиши үчүн ойнойсуң. Ал оюнда биздин команда чемпион болгонбуз. “Ала-Тоодо” ойноп жүргөндө “Достукка” каршы оюн талаасына чыгып, Манас экөөбүз Кыязга каршы ойноп калдык. Кыяз Солдат деген атты минип чыгып, оюн башталганда эле мени уруп кетти. Бир нече секунд дем ала албай калдым, аттын башы бөйрөккө катуу тийди. Сүйлөй да албай калдым. “Кыяз, сениби шашпа, оюн бүтсүн анан көрсөтөм” дедим ичимден. Кыяз өтө боорукер, оюн бүтөрү менен келип “сизди урдуруп алдым” деп кечирим сураганы эсимде.

– Сиздердин бир туугандык мамилеңер өзгөчө экени сырттан да байкалып турат...

– Ата-энебиз бизди, бир туугандарды өтө жакын, жылуу мамиледе болууга тарбиялаган. Бир күн көрүшпөй, сүйлөшпөй калсак сагынышып кетебиз. 5-6 жыл мурун эле сбордо жүргөндө Кыяз экөөбүз Манасты ортого алып жатып эркелетчүбүз. Бир тууган деген – бири-бириңе күйө турган бир бооруң да.

– Бир чөйрөдө жүрөсүздөр, бири-бириңердин жүрүм-турумуңарды да көзөмөлдөп турсаңыздар керек, ээ?

– Баарыбызды улакка менден улуу Жаныш агам алып келген. Башынан эле бизди көзөмөлдөп, акылын айтып келет. Азыркы күнгө чейин "урушпа, ызы-чуу чыгарба, сөгүнбө, күчүңдү улактан, оюндан көрсөт. Бирөө сени сөксө дагы сөз кайрыба" деп бизди тартипке чакырып турат. Жаныш акем кийинчерээк улак чаппай калды, Баяман, Кыяз, Манас, төртөөбүз ойноп келебиз.

– Өзбекстанга да улак ойногону барып жүрөсүздөр, ал жакка сиздерди атайын чакырышабы?

– Ооба, чоң тойлордо атайын чакырышат. Ал жакта тааныш агалар, досторубуз бар. Убактыбызга туура келсе барып ойноп келебиз. Ал жакта мине турган аттарыбыздан бери даярдап коюшат.

– Дээрлик 20 жылыңыз көк бөрү менен өтүптүр. Көк бөрүдөн эмне таптыңыз?

– Дос, тааныш, кадыр-барк, айтор, баарын улак, ат аркылуу таптым. Көк бөрү мени ушул даражага жеткирди.

– Негизи элге таанымал инсан болууну кыялданчу белеңиз?

– Жаш кезде жакшы ойносом, элге белгилүү болсом деп кыялданчумун, тилек кылчумун. Кудай ошол күндөргө жеткирди. Таанымал болуунун жоопкерчилиги да чоң. Болушунча кичи пейил болууга, бирөөгө катуу сүйлөбөөгө, бирөө менен эч качан чыр-чатакка барбоого аракет кылам. Инилериме да ушул нерсени көп айтам. Ата-энем дагы бизге ушундай тарбия берген.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Бар болуңуз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан