ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 12-июндан 18-июнга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Апта кой жылдызындагылар үчүн ийгиликтүү болбойт. Жетекчилигиңиздин же кесиптештердин орунсуз сынына кабылып маанайыңыз түшөт. Эс алуу, саякатка чыгуу сизди күтүлбөгөн көйгөйлөрдөн алыстатат. Түшүнүксүз иштер менен алектенип ортодо сөгүш укпайын десеңиз, сизге түздөн-түз тиешеси жок маселени чечүүгө ашыкпаңыз. Апта сизден кыраакылыкты, этияттыкты талап кылат. Кичинекей туура эмес кадам да карьераңыздын өсүшүнө зыянын тийгизип коёт.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Сүйүүдө, ишкерликте ийгиликтер бирдей келип, кубанасыз. Жогорку окуу жайга тапшырууну көздөп жүргөндөр кесип тандоодо туура тыянак чыгарганы жакшы, балким, сизге бул убакта ата-энеңиздин кеңеши абдан керек. Ошондой эле жумуш деп жүрүп организмиңизди чарчатып албаңыз, кийин калыпка келтирүү кыйын болот, бир аз эс алууга да мүмкүнчүлүк бериңиз. Белгилүү бир чыгымдарды камтыган иш-чара болот, андыктан чөнтөгүңүзгө ашыкча акча сала жүрүңүз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Күндөр тынч жана бир нукта өтөт. Жашооңузга кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизем деп жүрсөңүз, бул апта оң натыйжа бербейт. Андыктан аракетиңизди, энергияңызды башка пайдалуу иштерге жумшап туруңуз. Сүйүүдө өзүмчүл экениңизди түшүнүп, муну сиз жакшы сапат катары эсептейсиз. Эгиз айымдар кош бойлуулугу тууралуу билип кубанышат. Ишкердик менен алектенгендер чыгымга учурашат, бирок анын орду тез эле толукталат.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Аракетиңиздин көбүн карьералык өсүшкө жумшасаңыз жаңылбайсыз. Берилген тапшырмаларды кылдат аткарып, тырышчаак болуңуз, бул аракетиңиз көз жаздымда калбай туура бааланат. Ишкерликке канчалык көп акча коротсоңуз, ошончолук кирешеңиз көп болот. Жумушта кесиптештер арасында көрө албастык, интригалар орун алышы мүмкүн. Сүйүүдө өзүңүздүн максатыңызга жете билиңиз, мамиле курууда адам менен ыгын таап сүйлөшүүнү өздөштүрүңүз.


АРСТАН (23.07–23.08)

Бир нече жумушту чогуу бүтүрөм деп баштап алып, аягына чыга албай кыйналасыз, андыктан өзүңүздүн дараметиңизге туура баа бериңиз. Сүйүүдө кызганычтын айынан өнөктөшүңүз менен чыр чыгышы мүмкүн, абалды туура нукка буруп кетпесеңиз, келишпестик эки ажырым жолго түшүү менен аяктайт. Тобокелдиктерди эске алуу зарыл, анткени акыркы учурда баарын өзгөртө турган жагдайлар болот.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Бийкечтер жакындарына да карызга акча бербеши керек дешет жылдыздар. Анткени алдыда кыялыңыздагы буюмду сатып алууда акча жетпей кыйналышыңыз мүмкүн. Өнөкөт оорулар күч алганын байкасаңыз дароо дарыгерге кайрылыңыз. Айлык маянаңыз көтөрүлөт, бирок жумушта аткара турган милдеттериңиз да көбөйөт. Үй-бүлөлүү бийкечтер өнөктөшү менен кеңешпей чечим чыгарганынан улам андан тил угушу мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Ата-энеңиз менен мамилеңиз начарлайт, бирок күнөөнү алардан эмес, өзүңүздөн издегениңиз туура. Көптөр сиздин жолуңузга тоскоол болуп, пландарыңызга каршы чыгышат. Мунун алдын алуунун жалгыз жолу – пландарды алдын ала эч кимге айтпоо. Кыйынчылыкка кабылган адамга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Сүйүүдө туруктуулугуңуз менен сүйүктүүңүздүн ишенимине ээ болосуз.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Чаяндар башкалардын жардамына ишенсе болот. Көйгөйлөрдү чечүүдө эмоцияга алдырбаңыз, акыл калчап, эмоция башкарып иш кылсаңыз гана ойдогудай тыянакка жетесиз. Өнөктөшүңүздү атайын кызгантам деп жаман жорукка баруудан оолак болуңуз, анын кызганыч сезимин ойготом деп, тескерисинче, көңүлүн калтырып аласыз. Спорт менен машыгып дене-мүчөңүздү калыпка келтирүүгө ыңгайлуу убакыт.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Көптөгөн жаачылар алдына жаңы максат коюп, буга чейинки пландар, кыялдар түп орду менен өзгөрөт. Бирок көп адамдардан кол үзүп, айрым принциптериңизди жокко чыгарасыз. Салтанат, кече, тойлордон калбай барыңыз, бул да болсо алака-катыштын жандануусунун бир себеби. Жеке мамиледе сүйүктүүңүздөн кымбат баалуу белек күтпөңүз, анын бар экенине, жаныңызда болуп, сизди сүйгөнүнө ыраазы болуңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Корогон энергияңызды толтуруңуз, мындан өзүңүзгө ишенимиңиз артып, баштаган ишиңиз ийгиликтүү болот. Бири-бирине таарынып жүргөн түгөйлөр жарашат. Бизнесте баш аламандыктар көп болот, туруктуулукту азырынча күтпөңүз. Негизгиси, киреше-чыгаша, эсеп-кысапка так болуңуз. Текечер айымдар курбуларынын сезимтал маселесин талкуулоодо абайлашы керек, тамаша сүйлөйм деп анын эски жарасын сыйрып алышы мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Суу куярлар жумушта өзүнө бир аз эс алууга шарт түзүшү керек. Сүйүү мамилесинде оор кырдаал түзүлөт, сүйүктүүңүздүн өз алдынчалыкка болгон аракети сизден кол үзгүсү келгендей сезим калтырышы мүмкүн, бирок андай эмес. Анын эркиндикке, өз алдынчалыкка болгон аракетин туура түшүнүңүз. Ата-энеңиздин көзөмөлү чарчатып жибериши мүмкүн, бирок алардын эмне үчүн кооптонуп жатканын угуп көрүңүз.


БАЛЫК (20.02–20.03

Дээрлик эч кандай тоскоолдуктарга кабылбайсыз. Ал эми ийгилик сизге акырындан келет. Баарына дароо, заматта жетишим керек деген оюңуздан кайтыңыз. Командада иштөө жөндөмүңүз сыналат, тил табышуу, ишти чогуу алып кетүү канчалык маанилүү экенин сезип, өзүңүздү туура алып жүрүшүңүз керек болот. Ишкердикте талаш-тартыштар, нааразычылыктар, дооматтар болушу мүмкүн, абалдан татыктуу чыгасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан