ӨТМҮШ ЖЕ КЕЛЕЧЕК МЕНЕН ЭМЕС, УЧУР ЧАКТА ЖАША!

Адамдар үчүн кыйын нерсе – учур чакта жашоо. Көп учурда адамдар мурунку жашоосун эстеп, ошолорду анализ кылуу менен алек болушат. Же болбосо келечекти кыялдануу менен көп убактысын коротушат. “Сиз учур чакта жашап, ошол учурдун даамын сезсеңиз, чыныгы бактылуулуктун даамын таткан болосуз” дейт психолог Барчынай Таникулова. Ойду токтотуу, концентрацияны бир жерге коюу же жөн гана бактылуулуктун сырын ачуу жөнүндө сөз кылалы.

Азыркынын тренди учур чак менен жашоо болуп жатпайбы. Бул нерсе адамга эмне үчүн зарыл?

– Учур чакта жашоону чечмелесек мындай: Адамдар көп учурда өткөн жашоосун эстеп же келечекке максат коюп, дал ошол учурдагы абалга фокус коё албай калат. Эстеп көрүңүзчү, сиз 5 жашыңызда кандай элеңиз? 5 жаштагы бала ойногондо кандай берилүү менен ойнойт, ээ? Табиятта эмне болуп жатканын, мисалы, кумурскалардын кыймылын байкайт. Анын уюгун көпкө карап тура бериши мүмкүн. Асмандагы булуттардын жылып жатканын сааттар бою карап тура бериши мүмкүн. Мына ушул учур чак менен жашоо, жашоонун даамын сезүү, бактылуу болуу. Баягы 5 жаштагы бала чоңойду, эмне болду? Тиричиликке киришип кетти, “окуш керек, муну бүтүрүш керек” деп жатып учур чактын баркын аңдабай калды. Дүйнөдөгү миллионерлердин көбү ошол учур чактан эле чоң идеяларды жаратып байышкан.

Учур чактын сыйкыры дагы эмнеде?

– Сыйкырдын баары учур чакта. Күчтүү концентрация да учур чакта болот. Мисалы, сиз бир ишке 5 жаштагы баладай берилип, жан дилиңиз, жүрөгүңүз менен бардык фокусту ошол ишке коюп аракет кылып көрсөңүз колуңуздан баары келерин билесиз. Учур чакта күчтүү энергия жатат. Ойду токтотуп, мурункуну эстебей, келечекти ойлонбой ошол турган учуруңуздан ырахат алып көрүңүзчү. Көзүңүздү жумуп, колуңуздагы кофени автоматтык түрдө ичпей, чыныгы даамын сезиңизчи. Сонун бекен? Мына ушундай кичине эле нерседен жашоонун бактылуу учурларын кармай аласыз. А бизде кандай, автоматтык түрдө жашайбыз. Анткени жашоо ыргагы тез болуп жатат, иштерге жетишип калуу керек.

Адамдар эмнеге көп учурда өтмүшүндө же келечекте жашайт?

– Ал мындан келип чыгат. Биздин чыныгы жашообуздун 2 гана пайызы өзүбүздүн каалоолорубуз. Калган 98 пайызы ата-энебизден өткөн программалар, коом таңуулаган түшүнүктөр, ошолордун басымында калганбыз. Элдин пикирине карап курулган жашоо. Ким акчалуу болсо, ошол бактылуудай көрүнгөн сезим. Кымбат унаалар, заңгыраган үйлөр... “Ии, ушундай кылыш керек турбайбы” деп алып чуркай беребиз. Ошол нерсеге абдан берилип алганбыз, адамдар чындап өздөрү эмнени каалайт, билбей калышкан. Балким, ага байлыктын деле кереги жоктур. Кээде өтмүшкө, таарынычтарга берилип алабыз. Күчтүү эмоцияда адам ошол жакта калып калат. Демек, адам ким экенин, өзүнүн ичинде жаткан ресурстарды билбегендиктен, чыныгы жашоону келечектен же өтмүштөн издей беребиз. Ал жакта эч нерсе жок, баары учур чакта.

Учур чакка келген адамдардын абалы кандай болуп өзгөрөт?

– Керемет нерселер күндө болуп жатат. Адам жүрөгү тынчтыкка келсе, ага Жараткан өзү жардам бере баштайт. “Каалоолор кантип орундалат?” деген сабагымда бул тууралуу кенен айтылат. Мен өзүмдүн эле мисалымда айтсам, учур чакка келүүм менен жашоом түп тамырынан бери өзгөрдү. Акыл токтогон учурда Жараткан бардык маселелерди чечип баштайт. Эми бирөө Жараткан десе, бирөө аалам дейт. Айырмасы жок, айтор, жогорку күч. Ошону сезе билиш керек. Үй-бүлөм менен мамилем жакшырды. Каржылык көз карандысыздыкка жеттим, эң негизгиси, ким экенимди жана эмне кылышым керектигин билдим. Учур чак менен жашап баштаганда адамда өнөкөт оорулардын баары жоголот, бактылуулук сезими келет, жашоонун даамын сезип, ар бир учурдан ырахат алып жашай баштайт.

Учур чакта кармалуунун атайын бир ыкмалары барбы?

– Ойдун көптүгү бизге учур чакта жашоого уруксат бербейт. Андыктан ойду токтотууну үйрөнүү керек. Ойду токтотууну бир нече ыкмасы бар, элдин колундагы көп колдонула турган нерсе – медитация же сүкүт абалы. Бул нерсе адамды тынчтыкка алып келет. Акыл токтоп, жүрөккө тынчтык келиши керек. Акыл алдыга же аркага жүгүрбөй, бир жерде турганда учур чакка келебиз. Эң биринчиси – учур чак бизге эмне үчүн керек экенин билип, аңдап-сезишибиз зарыл. Учур чак менен жашагандардын көбүндө бактылуулук пайда болот. Өзүнүн күчүн сезе алат. Эмне кыла турганын так билет. Адегенде ушул тууралуу мээге сигнал жиберүү керек. Ойду токтото турган дагы бир жакшы ыкма – 10 секунд эч нерсени ойлонбой катып калуу. Аны “нөл абалы” деп коёт. 10-15 эле секунд ойду токтото алсак организмде чоң реакция жүрөт. Бул ыкманы жасаганда мээ чар жайыт ойлордон акырындап тазалана баштайт. Бизде азыр эмне көп, керексиз маалымат көп. Ошондуктан социалдык тармактарда бизге кереги жок эле нерселерди окуп мээге маалымат жыйбаш керек. Интернет желесин аз караганга аракет кылуу керек.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан