БИР БҮРКҮМ. ЖООКЕР ОКТОН ЖАРАКАТ АЛДЫ...

  • Азамат Темиркулов экология министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Ноокаттагы “Кадастр” мекемесинин кызматкерлери 65 гектар жерди мыйзамсыз берүүгө шектелип кармалышты.
  • Өлкөдө 3 айда 1200 мас айдоочу айдоочулук күбөлүктөн ажыратылды.
  • Грозный-Бишкек-Грозный аба каттамы 15-июндан тарта жанданары маалымдалды.
  • Депутат Тазабек Икрамов социалдык желеде сөгүнгөн жарандарга 50-100 миң сом айып пул салууну сунуштады.
  • Эсептөө палатасы 2022-жылы 46 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузууну аныктаганы айтылды.
  • Туризм департаменти: Быйыл Кыргызстанга 10 миллион турист келери күтүлүүдө.
  • Коргоо министрлиги: Кыргыз армиясында “дедовщина” азайып жатат.
  • Өлкөгө кымбат баалуу унааны мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган прокуратура кызматкери кармалды.
  • Чүйдүн Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктө бир жоокер октон жаракат алды, себеби – этиятсыздык деп айтылды.
  • Сузакта 7-июнда чайканалардын бири өрттөнүп 2 адам каза тапты.
  • Динара Ашимова, депутат: “Мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү форманы киргизүү зарыл”.
  • Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 2 депутаты 25 миң сом пара алууга шектелип кармалышты.
  • Кемпир-Абад суу сактагычына 19 жаштагы жигит чөгүп каза тапты.
  • Президент Садыр Жапаров 8-июнда Астана эл аралык форумуна катышты.
  • Ошто балдардын жайкы лагерлери 12-июндан тарта ачылары маалымдалды.
  • УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолунун курулушун жеке көзөмөлүнө алганын билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан