БИЙЛИКТИ КҮЧ МЕНЕН БАСЫП АЛУУГА ДАЯРДАНГАН ДЕП ШЕКТЕЛИП 5 АДАМ КАРМАЛДЫ

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга алып келүүчү массалык баш аламандык уюштурууну пландаган деп шектелип 5 адам камакка алынганын УКМК жарыялады.

Маалыматка таянсак, топтолгон маалымат, аудио-видео жазуулардын негизинде кылмыш иши козголуп, атайын операцияда 30дан ашык адам кармалып, алардын ичинен бешөөсү камакка алынды.

- Бул кылмыштуу топ жыл бою өзүнө тарапташтарды жана өлкө боюнча бийликке абдан нааразы жарандарды тартуу боюнча максаттуу иш жүргүзгөнү аныкталды. Негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу – жарандык активист, “Элдик кеңеш” саясий партиясынын жетекчиси Н.Р.С. экендиги аныкталды. Анын жетекчилиги астында бийликти күч менен басып алуу пландарын талкуулоо, адамдарды мамлекеттик түзүмдөргө каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келген – деп айтылат маалыматта.

УКМК аталган топко өлкөнүн аймактарынан жүздөн ашык жаран тартылып, алардын аткарчу милдеттери так бөлүштүрүлгөнүн белгилейт.

- Жакын арада уюштуруу иштерине жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражат алуу күтүлгөн. Алар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык жаралган учурда дароо өздөрүнүн планын ишке ашырууну көздөшкөн – деген УКМК кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген 5 адам күнөөсүн моюнга алды деп кошумчалады.

Азыркы тапта бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Кылмышка шектелгендердин негизгиси – 64 жаштагы Роза Нурматова экени белгилүү болду. Коомчулукка Камчыбек Ташиевдин мурдагы тарапташы катары таанымал. 2011-жылы президенттик шайлоодо талапкер Камчыбек Ташиевдин атайын өкүлү болуп иштеген. Кармалгандардын катарында жарандык активист Гүлжигит Исаков да бар.

2022-жылы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйындарынын биринде Адахан Мадумаров менен кайым айтышып, депуттарга “булар өлкөдө баш аламандык уюштуруп бийликти алмаштырганы жатышат, бизде оперативдүү маалыматтар бар” деген эле. Ташиев ошондой эле Мадумаров камаларын эскерткен.

Жакында Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурап экинчи жолу Жогорку Кеңешке кайрылды. Тагылган беренелердин бири – бийликти басып алуу. Биринчи жолку кайрылууга “жок” деп жооп беришкен, бул жолу да парламент депутатын сактап калабы же жокпу убакыт көрсөтөт.

Адахан Мадумаров “Конституция жана мыйзамдарды сактоо зарылдыгын менден көп айткан адам болбосо керек, бийликти басып алмак түгүл, эшигин ачып койсо да барбайм” деп өзүнө тагылган айыпты саясий мотивде деп баалады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан