Текшерүүдө трассаны жарыктандыруу үчүн коюлган темир түркүктөрдүн саны 450гө кем болуп чыккан. Ошондой эле 36 парапет (трассаны экиге бөлгөн бетон тосмо), 2 аялдама, темир торчолор жетишсиз экени, асфальт нормадан жука төшөлгөнү аныкталды. Аталган жолдун курулушун Транспорт жана коммуникациялар министрлиги көзөмөлдөгөн.
Ошондой эле Ош – Баткен – Раззаков жолун жаңылап курууда 189 миллион сом кымырылганы айтылды. 2017-2021-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аталган жолду курган компанияга 20 миллион 136 миң доллар которгонун, министрликтин жооптуу кызмат адамдары иш аткаруучу компания 189 миллион 200 миң сомдук жумушту аткарбаганына карабай жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алганын, жолду колдонууга мыйзамсыз киргизгенин белгилейт Башкы прокуратура.
Аталган фактылар боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” жана башка беренелердин негизинде кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө.