- Бизде азыр эң чоң Орто-Алыш суу тосмосунда маселе жаралууда. Дарыяларда суу азайып кетти. Суу болбосо суу бассейндеринде да суунун деңгээли түшүп кетет. Азыркы учурда ал 20 метрге чейин түштү. Эгер 2 эле метрге көтөрүлсө Орто-Алыштагы насостордун иши турукташмак,- деди вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев.
“Бишкек суу канал” ишканасы таза суу тартыштыгынан улам шаарда 100дөй жайга суу берүү токтотулганын жарыялады. Бийлик өкүлдөрү суу тартыштыгын табиятка шылтап жатышат, мисалы, спикер Нурлан Шакиев аба ырайы суук болуп, мөңгүлөр эрибей жатканы менен түшүндүрдү.
8-июнда Жогорку Кеңеш суу тартыштыгы боюнча Бишкекте жаралган кырдаалды талкуулады.
Депутат Дастан Жумабеков “суунун башында туруп Бишкектин суусуз калганы уят эле. Кышында ыш менен күрөшүп чыксак, эми суу көйгөйү чыкты. Жетекчилер алдын алып, чара көрүшү керек болчу” деди.
Маалыматка таянсак, учурда Бишкекте 334 “скважина” иштеп, шаарды таза суу менен камсыздайт.