ЖАНАР АКАЕВ "5 МИЛЛИАРД СОМ АБАГА САПЫРЫЛДЫ" ДЕЙТ

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мамлекеттин акчасы эффективдүү пайдаланылбай жатканын айтып чыкты парламенттин 8-июндагы жыйынында. Депутат 5 миллиард сом абага сапырылды деп 3 долбоорду мисал келтирди.

- "Улуу көчмөндөр мурасын" түзүүгө 3 миллиард сом, мык, топчу чыгарган "Кыргыз индустриясын" түзүүгө 1 миллиард сом, "Кыргыз туризм" ишканасы үчүн 1 миллиард сом коротулду - деген депутат акчаны маанилүү иштерге жумшоо зарыл деген пикирин айтты. Депутат ушул каражаттар ишкерлерди колдоо үчүн жумшалса, жыйынтыгы жакшы болмоктугун кошумчалады.

Жанар Акаев ошондой эле "Асман" шаарын куруу демилгесин да сындады.

- Ушунча каражатты жаңы шаар курууга жумшаганча, борбор шаарды тартипке келтирүүгө жумшаган туура болбойт беле? - деди ал.

Айта кетсек, Ысык-Көлгө курула турган "Асман" шаарынын курулушуна быйыл июнь айынын аягында старт берилери маалымдалган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан