АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Илим кечке маал Айдай менен жолугушмак. Адатынча эле кирип бара жатып подъезде топтолуп, баш чайкап, күбүр-шыбыр түшүп турган адамдарды байкады. Айдайдын батири үчүнчү кабатта эле, чыгып барып милициянын формасын кийгендерди көрүп жүрөгү шуу дей түштү.

– Айдай?

Шашыла кирип барып, залда шалдайып отурган Айдайды көрдү. Бети-башы, колдору бүт кан! Нес боло бир жерди тиктеген боюнча турат.

– Эмне болду? – деп Илим каруусунан кармай берди. Айдай ага көзүн кетөрдү, мынчалык коркунучка толгон көздү өмүрүндө көргөн эмес. Тили күрмөөгө келбей калган экен.

– Эмне болду дейм?!

– Илим мен кылган жокмун. Мен эч нерсе кылган жокмун. Кирип келсем...

Уктоочу бөлмө тарапка баш баккан Илим буту шилтенбей туруп калды. Керебеттин ортосунда канга боёлуп Эмил жаткан экен. Милиция кызматкерлери текшерип жатышыптыр. Өлүп калганын түшүндү.

– Эмне болуп кетти, бул кандайча?

– Мен эч нерсе кылган жокмун, Илим. Сен мага ишенишиң керек. Мени өлтүрдү деп жатышат. Мен тийген жокмун. Кирип келсем эле... - көз жашы куюлуп кеткен Айдай Илимге жалдырай карады.

– Сиз кимиси болосуз? - деди милиция формасындагы бирөө.

– Жакынымын.

– Кандай жакыны, күйөөсү, тууганы...

– Жакынымын дедим го, тууганым - Илим чырт эте жооп берди. Айдайдын дирилдеп турган колдорун кармады.

– Иманова Айдай, биз менен кетесиз! -деди тиги.

– Кайсы жакка? Эмнеге?

– Эмне болгонун көрбөй турасызбы? Ишкер Эмил Капаров өлтүрүлдү. Далилдер Айдай Имановага шек түшүрүп жатат.

Илим эмне дээрин билбей калды. Айдайды ордунан тургузуп жетелеп жөнөшкөндө кучактай калды.

– Илим, мени куткар. Күчтүү адвокат жалда – Айдай ушуларды айтканга гана үлгүрдү.

Окуя ушундай болду, радио, сайттарда “белгилүү ырчы, продюсер Айдай Иманова, ойношу, белгилүү ишкер Эмил Капаровду өлтүрдүбү?” деген сыяктуу жаңылыктар жайнап кетти. Шаарда бул окуяны талкуулабаган киши калган жок. Экөөнүн көп учурда чогуу жүргөн сүрөттөрү кайдан жайдан табылып, социалдык желеге тарап кетти. Заматта уу-дуу түштү. Илим канча аракет кылса да бул жаңылыктардын тарашына тоскоолдук кыла албады. Өзүнүн эң ишенген досунан Айдайды коргоп берүүсүн суранды.

– Экөө тең белгилүү адамдар, Илим, мен ушул сыяктуу ишке аралашпай койсом болот эле - деди ал.

– Актан, колуңдан келген жардамыңды кыл. Ооба, эң мыкты делген, ушул чөйрөдө аты чыккан адамды деле жалдасак болмок. Бирок мен сага ишенип жатам, бул ишти чече турган сенсиң. Айдайдын келечегин сенден башкага тапшыра албайм. Сен камырдан кыл сууругандай сууруп чыгасың.

– Билбейм, досум. Мага өтө ишенип алып, колдон келбей калса да... - деп кыйыла берди досу.

– Айдай бул адамды өлтүргөн жок. Ооба, азыркы далилдердин баары ага каршы иштеп жатат. Бирок ал күнөөсүз. Мага ишен!

Актан башын чайкап ойлонуп калды.

– Мен Айдай менен жолугушум керек. Ошондо гана жообун берем.

ххх

Эмил менен коштошуу зыйнаты өтүп жатты. Ажар кара жоолукка жүзүн жашырып, эч кимге башын көтөрүп карабады. Эмирдин гана колдорун бекем кармап алган. Уулун өзүнөн тап жылдырбай жанында болушун талап кылып жатты.

– Апа, колдорумду бошотуңузчу, ооруп кетти.

– Аа, кечир уулум. Мен өзүм да байкабай калыптырмын.

– Мени чакырып жатышат. Азыр келем.

– Тез кел.

Ажар бир мүнөткө да Эмирди жанынан чыгаргысы келбей жатты. Куду бирөө келип тартып кетчүдөй, же бирөө сырын айтып салчудай коркот. Эмил элге белгилүү адам болгондуктан коштошуу зыйнатына көп адам келди. Экинчи аялы балдары менен да катышты. Ар ким ар турдүү кептерди айтып жатышты. Ажар алардын эч бирине маани берген жок. Бардык ою Эмирде болуп жатты. ”Эмир менин уулум! Аны менден эч ким ажырата албайт. Ал менин уулум! Мен андан ажырай албайм!” Жүрөгүнүн ар бир кагышы ушуну айтып жаткандай эле.

ххх

Жолугушууга келген Илим Айдайды көрүп ичи ачыша түштү. Купкуу болуп, көздөрү киртийип кетиптир. Экөө кучакташып калышты. Кучакташкан бойдон бир топко турушту. Бири-биринен күч алып жаткандай...

– Баары жакшы болот – деди Илим. - Мен өзүм ишенген бир адвокатты сага алып келдим. Ага мендей эле ишенсең болот. Менин досум.

– Илим, мындай болору үч уктасам түшүмө кирген эмес. Заматта алаамат болуп кетти.

– Сени бирөө тузакка түшүрдү.

– Ооба, мен келесоодой болуп түшүп бердим.

– Мага ошол күндү майда баратына чейин айтып берчи.

Айдай чекесин тырыштырып алды. Ойлонуп калды.

– Сен менин үйүмдөн чыккандан кийин жарым сааттан кийин Эмил келди. Кызымтал, эшикти ачпай койсом такылдатып туруп алганынан аргам жок ачтым.

Айдай ошол күндү эстеп ичиркенип алды. Босогодо өзүн тиктеген Эмилди азыр да көрүп тургандай.

– Эмне, менден кутулдум деп жыргап жатасыңбы. Айдай, билип кой. Мен бүттү демейинче эч качан эч нерсе бүтпөйт. Сени мен коё бербейм.

– Кет, Эмил.

– Мен сени күттүм. Сыйың менен кел дедим. Мени сүй дедим. А сен эмне кылдың? Мени алдап убакыттан утуп алдың да, журналист Илим менен кайра жетелеше баштадың. Сенин пландарыңды билбейт деп ойлойсуңбу? Биле-еем, мен. Бирок сен каалагандай болбойт, эжекеси. Мен каалагандай болот.

– Эмне деп жатасың?

Эмилдин көздөрү коркунучтуу эле. Жутуп ийчүдөй тиктеп галстугун чече баштады.

– Сыйыңменен кел дегем сага.

Жакындап келе жаткан эркектен кача берди Айдай. Бирок анын күчтүү колдорунан кутула албады. Кучактап өпкүлөп баштады ал. Кийимдерин тытып жиберди заматта. Айдай жанталаша качып, бетинен тытып, колдорун тиштеп жатты. Акыркысын катуу тиштеп алды окшойт, Эмил айкырып алды да, килейген колдору менен жакка тартып жиберди. Мындайды күтпөгөн аял көмөлөнүп кетти. Жерге жатып калган аялды шалактата көтөрүп барып тытмалай басып жыгылды Эмил. Бир топто гана кийимдери тытылган, денеси көк ала болгон аялды коё берди. Шуу үшкүрүп алды.

– Мен сага мындай кылайын деген эмесмин. Мен сени сүйдүм, күттүм. Бирок сен болбодуң. Буга мени өзүң жеткирдиң.

– Кет, чыгып кет.

– Кечир мени, ачуумдан өзүмдү башкара албай калдым. Айдай мен сени сүйдүм. Катуу сүйдүм.

– Чыгып кет дедим!

– Кетем, кетем. Мени кечир.

Эмил эшикти көздөй басты. Ал чыгып кетери менен Айдай буркурап ыйлап жиберди. Тээ секелек убагында 16 жашында ала качып аял кылган уулунун атасын эстеди. Кайра ошондой көрүнүш кайталанганына ичи ачышты. Кандай болсо да аялдар алсыз болот тура. Даңкы таш жарып, колунан баары келип турган учурунда деле бир эркек аны каалагандай уйпалап кете алат экен го. Ызасы ашып-ташып жатты. Дал он алты жашында кантип боздосо, азыр да ошондой боздоду.

Айдай Илимге ушуларды айтып берди. Илимдин муштуму түйүлө берди.

– Эшек десе, эгер аны сен өлтүрбөсөң, мен өлтүрмөк экемин.

– Мен өлтүргөн жокмун аны, Илим. Менин колум да тийген жок. Бирок далилдин баары мени көрсөтүп жатат. Ооба, ал мени зордуктады. Сабап кетти. Денемдеги көк ала тактар, экспертиза, баары дал келип жатат. Бирок мен эмес!

- Менин оозумдан чыгып кетти. Албетте, сен эмес! Мен сага ишенем...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан