Жакында Түркияда өткөн президенттик шайлоо учурунда Кыргыз ырчысы Турдакун Ниязалиевдин “Улуу Түркия” ыры кайрадан популярдуулук алды. Ушул ыр, ырчы мырзанын чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу маектештик.
– Саламатсызбы, Турдакун мырза? Жакында Түркияда президенттик шайлоо өттү. Аны менен кошо сиздин “Улуу Түркия” ырыңыз хит болду. Ыр кантип жаралган, маекти ушундан баштасак...
– Бул ыр 2 жыл мурун чыгып, хит болгон. Кечээги шайлоодо кайрадан жаңылануу болду. 2 жыл мурун бул ырды эки элдин достугу үчүн деп чыгаргам, хит болот деп ойлогон эмесмин. Ырларым Кыргызстанда хит болбой жаткандан кийин Түркияда кантип хит болмок эле дегем. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетти. Ыр 2-3 күндө эле бүтүндөй Түркияга тарап кетти. Анан Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган телефон чалды.
– Президент өзүбү? Ушул окуяга кененирээк токтолбойлубу?
– Жатарда телефонумду өчүрүп салам. Эртең менен туруп түнкү саат 2лерде “АК” партиясынын өкүлү, Анкарадагы досумдан чалуу болгонун көрдүм. Кайра чалсам, “түндө президент Режеп Тайип Эрдогандын кеңешчиси мага чалып, ушул баланы тапкыла, президент сүйлөшөм деп жатат деди” деп калды. Ошону менен сүйлөшө албай калдык. Бирок Кайрат Иманалиев агабызга (ред.: Кыргызстандын мурдагы маданият министри) президент Эрдогандын кеңешчиси Ялчын Топчу чалыптыр. Кайрат байкеге жолугуп калганымда “сенин колуңду кармап коёюнчу. Ялчын Топчу чалды, ырың Түркия президентине аябай жагыптыр, сен тууралуу сурады” деди.
Ошентип шайлоонун үгүт иштери учурунда “Улуу Түркия” ырын партия эмес, партиянын колдоочулары социалдык тармактардагы баракчалардан бөлүшүп жатышты. Бир кезде “Реал Мадридде” Криштиану Роналду менен чогуу ойногон атактуу футболчу Месут Өзил да бөлүштү. Анын 26 миллион катталуучусу бар экен. Айтор, көптөгөн популярдуу адамдар ырымды бөлүшүштү. Спикер, депутаттар да бөлүшүп жатышты. Ошондон пиар жасасам болмок. Бирок антпедим, эч кимге айтпай эле отурдум.
– Бул ыр боюнча интернеттин кыргыз сегментинде бир топ талкуулар да болду...
– Ооба, “Түркияга кошомат кылып жатасың. Өз ата–бабаларыбыздын аттарын атап ырдабайсыңбы? Эмнеге түрктөрдүн баатырларын даңктап ырдагансың” дешти. Аларга жооп айтуу үчүн ырдын жаралуу тарыхына кайрылайын. Социалдык тармактарды барактап отуруп, түрктөрдүн танк чыгарганы, аны Тулпар деп атаганы тууралуу жаңылык окуп калдым. Танкты чыгарган компаниянын директору “танктын атын “Манас” эпосундагы 40 чорону согуштарда куткарган тулпарлардын урматына койдук” деп комментарий бериптир. Түрктөрдө деле “тулпар” деген сөз болушу мүмкүнбү деп сураштыра баштадым. Жок экен. Бул арада Түркияда биздин Манас баатырдын атынан коюлган “Манас” деген завод бар экенин билдим. Завод коопсуз шаар үчүн техникаларды чыгарат экен. Мурда менин да түрктөр тууралуу ойлорум начар болчу. Кийин Түркияга көп каттап калганымда Түркиядагы карапайым эл Кыргызстанды “ата журтубуз” деп сыйлай турганына күбө болдум. Элдин ушундай мамилесин көргөндөн кийин таасирленип “Улуу Түркия” ырын жазгам. Негизи бул ыр алгач “Көк бөрү” деп чыккан. Аалы Туткучев сөзүн, мен обонун жазгам. Аны интернетке жүктөсөк эч ким деле уккан эмес. Миңдей эле көрүү болгон. “Кыргызча ырдабайсыңбы?” дешет. “Кыргызстаным”, “Көк бөрү”, “Ак ниет” деген патриоттук ырларым бар, аларды деле айтышса болот да. Бирок аларды угушпайт. “Улуу Түркиянын” клибин 1 жылдан кийин тартып чыгардык. Дароо эле клиби менен чыгарсак 100 миллиондой көрүү топтомок. Анткени ырды Түркияда укпаган киши калган жок. Ал жакта Твиттерди көп колдонушат экен. Бир баракчадан эле миллиондоп, Инстаграмда да 1-5 миллиондоп көрүлүп жатты.
2 жолу мени Түркияга концертке чакырышты. Жер титирөөгө чейин Ноорузга чакырышкан. Жер титирөө болуп концерт өтпөй калды. 29-майга карата бир концертке чакырышкан. Президенттик шайлоо экинчи турга калып, ал да болбой калды.
– Маектен сырткары сүйлөшүп жатканда “ырчылыкка кызыкпай калдым” дедиңиз...
– Мурун аябай мээнет кылчумун, түнү менен студияларда жүрчүмүн, элге таанылсам экен, ар бир ырым хит болсо экен дечүмүн. Бирок таанымал болуунун жакшы да, жаман да жактары бар экен. Элдин көзү бар, сөзү бар дегендей. Кыргызстанда ичи тардык күчөгөн, ийгиликтериңди жарыялай бербеш керек экен. Ырчылыкта ийгиликтериң көрүнүп турат да. Карапайым эле болуп жашаган жакшы экен. Атак-даңктын эмнеси жакшы? Ишиң башкалардыкынан тез бүтүшү мүмкүн. Карапайым болсоң сени менен эч кимдин иши жок, каякта, эмне кылып жүргөнүң эч кимди кызыктырбайт. Мурун эл тааныса экен дечүмүн, азыр тааныбаса экен деп калдым.
– Ырчылык хобби болсо, негизги жумушуңуз эмне?
– Ишкерлик кылайын деп жүрөм. Пландарды алдын ала айтып, бөлүшпөш керек экен. Ушундай болуп калдым, көз караштар өзгөрдү, жашоо өзгөртөт экен.
– Ошондо мындан ары ырдабайсызбы?
– Аны айта албайм. Ырдабай калышым да мүмкүн. Азырынча ырдаганга каалоом жок. Айрымдар “чыгармачылык кризис болуп жатабы?” деп сурашат. Андай эмес, 1 жылга жеткидей обонум бар. Жума сайын жаңы ыр чыгара берсем болот. Бирок каалоо жок болсо иш жасай албайт экенсиң. Ырчылыктан келечегимди көрбөй жатам.
– “Көп ырларым угулбай калды” дедиңиз, ал эми “Жубайыма” деген ырыңыз азыр деле эл оозунда...
– Ооба, азыр деле “Жубайыманы” ырдасам кошулуп ырдашат. Ал ыр чыкканда радиолорго алып барсам бир да радио албай койгон, “форматка туура келбейт” деп. 3 ай өзүм угуп жүрдүм. Кийин “Миң кыял” радиосуна коммерциялык негизде акча төлөп чыгардым. Ыр эки саат сайын жаңырып, 2-3 күндө хит болуп кетти. Эл ошол ырды суранып кайра-кайра радиого чалышат, атымды билишпейт да, “бир бала ырдап жатат го, ошол ырды коюп койгулачы” дешет. Бир жумада угармандардын баары ушул ырды суранып калды. Анан башка радиолордон “ырыңызды бизге да берип кетпейсизби” деп чала башташты.
– Үй-бүлөдө эмне кеп? Балдар кандай чоңоюп жатышат?
– 3 эркек, 2 кызым бар. Көп балалуу болуу, айрыкча уул балдарымдын көп болушу кыялым болчу. Бул атамдан жалгыз уул болгондугумдан улам, эл жаман ойлоп калбасын. Атамдын 2 эркек бир тууганы бар, атамдан улуусунун эркек баласы жок, кичүүсүнүн бир уулу бар. Ниязалынын тукумун көбөйтүү ниетинде көп эркек балалуу болгум келчү. Анткени айылда жамандык, жакшылыкта бул нерсе билинип калат.
Перизат Музуратбекова