ӨТ БАШТЫКЧАСЫ КАНДАЙ УЧУРДА АЛЫНАТ?

“Майлуу тамактан улам өтүм приступ берди” дегенди эл ичинен көп эле уксаңыз керек, окурман. Өттү иштен чыгарып, аны хирургиялык жол менен алып салууга эмнелер жеткирет? Бул боюнча Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын хирургу Съездбек Айтбаев маалымат берди.

Өттүн жайгашкан орду жана милдети

– Өт баштыкчасы – боордун алды жагында жайгашкан орган. Көрүнүшү алмурут сымал. Узундугу 8-14, туурасы 3-5 сантиметрге жетет. Ичинде 60-70 миллиметрдей өңү жашыл сымал, ачуу, кескин жытка ээ өт суюктугу болот. Өт суюктугун боор иштеп чыгарып, ал суюктук “өт жолу” деп аталган түтүкчө аркылуу 12 эли ичегиге жана өт баштыкчасына барып куюлуп турат. Ашыкчасы өт баштыкчасында топтолот жана ал жерде 15 эсе коюуланат. Башкача айтканда, өт баштыкчасы өт суюктугунун резервуары. Суюктуктун курамында өт кычкылдары (67 пайызга чейин), суу, өт пигменттери (билирубин, биливердин), лецитин, кальций туздары, холестерин, фосфатаза ферменти, фосфолипид, өтө аз өлчөмдөгү металлдар: жез, цинк, коргошун, индий, магний, сымап жана башкалар бар.

Адам майлуу, ачуу, күчтүү тамак жегенде аны сиңирүү үчүн 12 эли ичегиге куюлуп жаткан өт суюктугу аздык кылат да, өт баштыкчасы өзүндө запаста турган суюктук менен камсыздоого өтөт.

Андан кийин анын орду кайрадан толо баштайт. Башкача айтканда, боор 1 суткада 1-1,5 литр өт суюктугун иштеп чыгарып турат.

Өт суюктугу негизинен организмге тамак-аш менен кирген каймак, каймак май, маргарин, өсүмдүк, балык жана мал майларын эритип, алардын организмге сиңишине көмөктөшөт. Андан тышкары ичеги булчуңдарынын иштешин активдештирип, организмдеги амин кычкылдарынын, холестериндин, кальций тузунун сиңишин камсыздап, бактериялардын көбөйүшүнө тоскоолдук жаратат.

Кайсы учурда өт баштыкчасы алынып салынат?

1. Өттөгү таш оорусунда

Таштын пайда болуусун 2 фактор шарттайт:

• Өт баштыкчасында убагында 12 эл ичегиге куюлбаган суюктуктун туруп калышы.

• Организмдеги зат алмашуунун бузулушу, туздардын деңгээлинин жогорулашы.

Жогоруда өт суюктугунун курамында холестерин, билирубин, кальций туздары бар дедик. Алар катып кристалдашып, ташка айлана башташат. Таштын жаралышына тамакты анда-санда бир же ашыкча жеш, аз кыймылдуулук, семирүү, кант диабети, өнөкөт холецистит, тукум куучулук, жаш курак, гени өзгөртүлгөн азыктарды (ГМО) көп колдонуу, арыктайм деп катаал диета кармоо түрткү болот.

Адам күчтүү, майлуу, ачуу тамакты жегенде аны сиңирүү үчүн өт баштыкчасы өзүндөгү запаста турган суюктук менен да бөлүшө баштайт дедик. Ошол кезде өт баштыкчасындагы майда таштар суюктук менен кошо жылып 12 эли ичегиге өтөт. Муну адам сезбейт, таштар заң менен сыртка чыга берет.

Ал эми чоң таш кайсы бир күнү жылып барып, өт түтүкчөсүн бүтөп калып түйүлтүп (приступ) оорутат. Тыгылып калган таш кайра артка жылып ордуна туруп калганда приступ таркайт. Минтип жүрүүгө адам көнүп калганы менен оору өтүшүп, башка органдарга да зыянын тийгизе баштайт.

Кокус өт түтүкчөсүн бүтөп калган таш артка жылбай тура берсе, анда оорутуу басылбайт. Боордо иштелип чыгылган суюктук агып чыга албай боордун өзүн шишитип, чоңойтуп жиберет. Андан тышкары акпай туруп калган өт суюктугунда микробдор көбөйүп, өт баштыкчасын ириңдетет. Ириңдегенден улам өт баштыкчасы жарылып кеткен учурлар кездешет. Ириңден өт баштыкчасы менен боордун тегерегиндеги ашказан, уйку бези, 12 эли ичеги да сезгенип, ооруй баштайт. Ириң канга аралашып, бүт организм ууланат. Өт суюктугу денеге тээп, тери саргаят.

Андыктан өттө чоң таш пайда болсо анын саны бир же экөө болгонуна карабай өт баштыкчасын алдырып салуу кажет. Башкача айтканда, оорунун тереңдеп кетишине жеткирбөө керек. Өттө таш жаралбашы үчүн акшактарды, жашылча, жемиштерди көп, ал эми эт, сүт жана сүт азыктарын орточо, таттуулар менен майды аз колдонуу кажет. Кыймыл, мейли ал чуркоо, басуу, көнүгүүлөр же адамга күч келтирбөөчү кара жумуш болсун, өт баштыкчасындагы өт суюктугунун туруп калуусунун алдын алат да, таш жаралбайт.

Айта кетчү нерсе, кээ бирөөлөр өт баштыкчасындагы таштарды чыгарам деп зайтун майын же чөп-чар иче башташат. Мындай кылууга болбойт. Майда таштар организмге тарап кетиши мүмкүн.

2. Өт баштыкчасында эт өсүп кеткенде (полип).

Полип зыянсыз шишик түрүндө болот. Мунун пайда болушуна деле ашыкча же сейрек тамактануу, майлуу тамактарды көп жеп-ичүү себеп болот. Бул дарт адамдардын 5-8 пайызында кездешет жана анча коркунучтуу эмес.

3. Өт баштыкчасынын шишигинде. Көбүнчө 50 жаштан өткөндөр оорушат. Шишик акырындык менен өт баштыкчасынын бардык тарабын жабыркатып, боорго таркайт. Белгилери: оң кабырганын астынын оорутушу, оорутунун түнкүсүн күчөшү.

4. Өт түтүкчөсү сезгенүүдөн улам ийрейип, бүтөлүп өт суюктугун өткөрбөй калганда.

Бул көбүнчө түтүкчөгө бактериалдык инфекциянын кирип кетишинен болот. Мисалы, ичеги таякчасы, стафилококк, энтерококк.

Өт баштыкчасын алып салуу

Өт баштыкчасы операциялык жол менен 2 ыкмада алынат.

• Ачып жасалуучу холецистэктомия. Эгер адамга мурда операция жасалган болсо, ошондой эле өт баштыкчасы жарылып же чирип кеткени билинсе, анда операция ачылып жасалат.

• Лапароскопиялык холецистэктомия. Бул атайын шаймандардын жардамы менен жасалат. Оңой жана тез бүтүүчү операция түрү.

Өт баштыкчасы алынган соң өт жолунун түтүкчөсү 12 эли ичегиге түз кошулат. Адам 1-2 ай диета кармайт. 5 маал аз-аздан сууга бышкан тамактарды жеши керек. Каймак май, өсүмдүк майы, сүт азыктарын колдонсо болот. 2 айдан кийин кадимкидей тамактанууга өтөт. Бирок өт башыкчасы алынган адам организминдеги башка органдарын сактап, аларда оорулар жаралбашы үчүн диеталык, кайнатма тамактарга басым жасаганы жакшы.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан