ЭСКИ ДИДЖЕЙ ЭСТЕН КЕТПЕЙТ...

Тилинен бал тамган, сөзгө чечен, Кыргызстанда диджей деген түшүнүктүн элге сиңишине салым кошкон ысымдарды унута элексизби? Алардын үнүн миңдеген радио угармандар зарыга күтүшчү. Ашык болгондор канча эле. Учурда алар кайда? Эмне иш менен алектенишет?

Арстанбек Абдыманов бал аары багат

Эфирдин ажарын ачып, угармандын черин жазган диджей Арстанбек Абдыманов “Кыргызстан обондорунун” бир кездеги мыктысы эле. Учурда бизнесте, бал өндүрүү иши менен алек. Радиодо 25 жыл иштеп, акыркы жылдары өзүн такыр башка тармакта сынап көрүүнү чечкенин айтат.

- Мен өмүрүмдүн чейрек кылымын радиодо иштеп өткөрүптүрмүн. Былтыр “Миң кыял” радиосунда иштеп жүрүп анан жумуштан кеттим. Адам бир жерде тура бергенде да болбойт экен, өсүп-өнүгүп, өзүн башка багытта деле сынап көргөнү туура окшойт. Анан диджей же алпаруучу болуп иштеп, байып кетүү мүмкүн эмес. Учурда чарба жумуштары менен алекмин, аары багып бал өндүрөм. Жаздан баштап күзгө чейин жайлоодомун. Жайлоодо телефон, интернет, цивилизация жок. Бул нерседен кадимкидей эс ала түшөсүң. Чыгармачылыкка кайтып келүү планымда бар, бирок өзгөчө берүүлөр, элде жок жаңылык менен кайтсам дейм. Болбосо элдин катарындагы эле журналист болуп кала бергенден көрө, чарба иштери менен алектенген жакшы болуш керек – дейт Арстанбек мырза.

Замир Казакбаев жеке ишкерликке кетти

Кесиптик ишмердүүлүгүн "XXI-кылым" радиосунан баштаган диджей Замир Казакбаев да бизнесте жүрөт. Ошентсе да диджейлик, өткөн күндөр ностальгия тартуулай турганын айтат.

– Радиодон кеткениме 1 жыл болуп калды. Негизи эле мамлекеттик кызматтын баарын жыйыштырып, баш-отум менен жеке ишкерликке кирип кеттим. Алып сатуу, кызмат көрсөтүү тармагында ишкерлик кылам. Бизде журналистика профессионалдык адат болуп калат окшойт, көз карандысыз журналист катары анча-мынча иликтөөлөрдү жасап жүрөбүз, коомдук иштерге, саясатка аралаша коёбуз. Адамдын жаш курагы өскөн сайын балдары чоңоюп, ага кошо жашоого болгон көз караш, материалдык абал, талаптар өзгөрүп муктаждык да жогорулайт экен. Өмүр бою радиодо иштеп жүрө бергидей баягыдай жаш бала эмеспиз. Кичинекей айлык акы эч нерсеге жетпейт. Айтор балдарды окутуп- чокутуп, билим берүү үчүн жашоонун агымы менен кетип баратабыз.

Лилия Абдыбаитова декреттик өргүүдө

"Кыргызстан обондорунун” дагы бир булбул үндүү диджейи Лилия Абдыбаитова радиодо 20 жылдан ашык иштеген. Учурда 2,5 жашар баласын тарбиялап, энелик бакыттын деңизинде жүргөнүн айтат.

– “Кыргызстан обондорунда” 20 жылдай иштедим. Бул радио менин алгачкы уям, диджейликти үйрөткөн мектебим. Азыр кичинекей баламды чоңойтуп, тарбия берүү менен алекмин. Мурдатан эле 2 жумушту айкалыштырып иштейм, ди-джейликтен сырткары “Мегаком” компаниясында супервайзерлик кызматты аркалайм. Ал жерде 20 чакты оператордун жумушун көзөмөлдөп, жетектейм. Чынын айтсам, учурда радиого иштөө тууралуу сунуштар түшө элек. Мен дайыма эки жумушту бир алып кетким келет, балким, ошол үчүн да чакырбай жатышкан чыгар. Чыгармачылыкта жүрүп эфирдин даамын татып калган адам сөзсүз интервьюга даярданып жүргөн, маек алган күндөрүн сагынат. Менде азыр ушундай абал, чыгармачылыкка суусап турган чагым. Баламды чоңойтуп, 3-4кө чыкканда радиодогу жумушума кайтсамбы деген да ойлорум бар. Баарын убакыт көрсөтөт.

Тынчтыкбек Кожобеков ар дайым радиодо

Тынчтыкбек Кожобеков Кыргыздын радио тармагы үчүн жаралган инсандай сезилет. Чыгармачылык жолу диджейликтен башталып, абдан такшалып, кийин өзү радио түптөгөнгө жетишкен. Учурда ошол радиону жетектеп жатат.

– 1999-жылы "XXI-кылым" радиосуна иштегени келип ошол бойдон ушул тармакта калып калдым. Ортодо Түркияга докторантурага тапшырып, жогорку окуу жайды бүтүп келдим. 2007-жылы УТРКнын курамындагы үчүнчү радио болот деп “Миң кыял” радиосун түптөгөм. Учурда ушул радиодо продюсерлик кылам. Биз диджейлик кылган учурдан бери бир нече муун жарык дүйнөгө келди. Ал кезде төрөлгөн ымыркай азыр кыз-жигит, ошондогу кыз-жигит азыр ата-эне, ошондогу ата-эне азыр чоң ата, чоң эне болду. Ошол муун кыргыз тили, кыргыз музыкасы менен чоңойду. Өз кезегинде биз да угармандын музыкалык табитинин калыптануусуна салым кошуп, чет элдик музыкалык экспансияга каршы тура алдык. Буга диджейлердин, дегеле Кыргыз радиолорунун кызматы эбегейсиз деп эсептейм.

Аскат Алдашев биротоло тамадалыкка ыктады

Диджей Аскат Алдашевди “Кыргызстан обондору” радиосунан улам жакшы таанысаңыз керек. Өзгөчө тембри бар, сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн шайыр диджей учурда радиону жыйыштырып, тамадалыкка ооп кеткенин айтат.

– Мен баш аягы 14 жылдай диджейлик кесипте иштедим. Иштеп баштагандан 3 жылдан кийин эле жакындардын, дос-туугандардын тойлоруна алпаруучулук кылып, тамадалыкты да үйрөнүп кеткем. Диджейлик менен кошо эле тамадалык кылчумун. Акыркы жылдары кесиптештерим Лилия Абдыбаитова, Нурэл Султанов үчөөбүз “Миң кыял” радиосунда таңкы эфирди алып барып жүрдүк. Аталган радиодон биротоло кеткениме 3-4 ай болуп калды. Азыр тойлордо кызмат кылуу менен эле алектенип жүрөм. Продакшн студиялар менен ар кандай долбоорлорду жасап жүрөбүз, айтор чыгармачылыктын казанында элемин. Эски кесиптештер менен да сүйлөшүп турабыз, Нурзада Жолдошева үй-бүлөсү менен Орусияда жашайт, Дария Санташева учурда Европада иштеп жүрөт. Бишкектеги эски кесиптештер дайыма бири-бирибиз менен тыгыз байланыштабыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан