ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 19-июндан 25-июнга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Жеке маселелерди чечүү менен алек болуп, кайсы бир маанилүү сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жетесиз. Бойдоктордо табышмактуу, кызыктуу, көңүлүнө төп келген адам менен мамиле түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми кыз-жигит мамиледе жүргөн түгөйлөр түшүнбөстүктүн айынан эки айрым жолго түшүшү мүмкүн. Каржылык көйгөйдү чечүүдө оң жыйынтыкка жетпейсиз, тескерисинче, жакындарыңыздан материалдык жардам сурайсыз.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Көпчүлүк букачарлар үчүн апта тынч жана бир нукта өтөт. Аракет кылсаңыз жумушуңузда жана жалпы сизди курчап турган чөйрөңүздөгү адамдардын арасында беделиңизди көтөрө аласыз. Жеке иштерде кыйынчылык менен ийгиликке жетесиз, андыктан бир ишти баштоодо майда-чүйдөсүнө чейин пландап алып баштаганыңыз туура. Достук мамиледе бирөөгө өтө байланбаңыз. Эс алууга, саякаттоого убакыт табыңыз, абалыңыз кадимкидей жеңилдейт.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Жумушуңузда кесиптештер менен чырдашууга барышыңыз мүмкүн. Сабырдуу болуңуз, сиздеги сабырдуулуктун жана ийкемдүүлүктүн жоктугу мындан да көп көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Каржы маселесинен улам жубайлар, туугандар ортосунда мамиле татаалдашат. Үй-бүлөлүк бюджеттеги акчанын дайыны билинбей жок болуп кеткенине ызаланып, эсеп-кысап жасай баштайсыз. Бул көзөмөл жан шеригиңизди кыжырдантып, ортодо түшүнбөстүктөр жаралат.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Сүйүүдөн көңүл калуу ыктымалдыгы жогору. Бул айрыкча жаңы мамиле баштагандарга тиешелүү. Жумушта карьералык өсүш болот. Үй-бүлөлүү бөйөндөр буга чейин жүрөгүндө топтоп жүргөн таарынычтарды жакын адамына айтып жеңилдеп алышат. Ата-энеңизге көңүл бөлүңүз, эгер алыста болсоңуз күн алыс чалып, ал-абалын сурап маанайын көтөрүп туруңуз. Эсепчи, медицина кызматкерлери, тейлөө тармагында иштегендердин кирешеси көбөйүп, капчыгы кампаят.


АРСТАН (23.07–23.08)

Арстандарда коомдук турмушта чоң роль ойноого, лидер болууга мүмкүнчүлүк бар. Айрым амбициялары жеке иштерде канааттандырылат. Көптөн бери чатакташып, келише албай келген сүйүктүүңүз менен орток пикирге келесиз. Бойдоктор тандоо жасоодо шашпаганы туура, бардык варианттарды байкап көрүшкөнү оң. Ишкерлик менен алектенгендер бизнесин кеңейтип жаңы кардарларды табууга, келишим түзүүгө жетишет.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Аптада сизге ыңгайлуу адамдар көп кездешет, иш, кеңеш жадакалса акча маселесинде жардам бергендер болот. Сиздин ийгилигиңизге сүйүнгөн, кубанган адамдар бар экенин эч качан унутпаңыз. Кесиптештер менен мамилеңиз жакшы нукка бурулат, алар менен жакындашып бир туугандай болуп каласыз. Бойдоктор жүрөгүндө жашырып жүргөн сезимдерин дарегине жеткириши керек, ал адам туура кабыл аларынан шек санабаңыз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Апта сиз үчүн ийгиликтүү башталат. Каржылык муктаждыгыңыз толугу менен чечилип, карыз, насыяларыңыздан кутуласыз. Сүйүүдөгү туруктуу сапатыңыздын жемишин көрөсүз, жан шеригиңиздин сизге болгон сыйы артат. Туугандар, жакындарыңыз менен мамилеңиз жанданып, катышыңыз бекемделет. Өтө ишенчээк болбоңуз, бул адатыңызды айрым кара санаган адамдар сизге каршы колдонуп кетиши мүмкүн.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Реалдуулуктан алыстап, үмүт менен кыялдардын жетегинде болосуз. Сизге идеалдуу көрүнгөн түгөйүңүз реалдуу жашоодо такыр башкача адам болуп чыга келет. Башынан көп кыйынчылык өткөргөн чаяндар турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, тренинг окууларын өтсө көп адамга пайда келтирет. Балалуу чаяндарды алардын жүрүм-туруму тынчсыздантып жатса, үйдө аброю бийик адамды ортого салып баласына “тарбиялык саат” өтсө болот.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Сизди атайын урушка түрткөн жагдайлар түзүлөт. Сиздин уруштан жакындарыңыз жапа тартып калышы мүмкүн. Сүйүктүүңүздөн алыста жүрсөңүз, сагыныч, депрессиянын торунда калуу коркунучу бар. Бул убакта өзүңүздү ар тараптан сынап, көңүлгө жаккан иштер менен алек болуңуз. Достордун сизге салкын мамилеси байкалат, буга айрым көрө албас адамдар тарабынан айтылган ушак сөздөр себеп болушу мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Башкаларга жардам берип, маселесин чечүүгө дээрлик убактыңыз болбойт. Өзүңүздүн топтолгон иштериңизди жана долбоорлоруңузду бүтүрөсүз. Кесиптештерди ар кандай жагдайлардан куткарган жөндөмүңүз бул аптада иштебейт. Алыска жол тартасыз, сапарыңыз көпкө созулуп кетиши мүмкүн. Үй-бүлөдө түгөйүңүз менен ата-эне алдындагы милдет, балдардын тарбиясы тууралуу кенен баарлашып, чечим кабыл аласыз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Чечимдерди чагылгандай тез кабыл алууну талап кылган окуялар күтүлүүдө. Бири-бирине таарынышып жүргөн суу куярлар тил табышат. Студент суу куярлар тандаган кесибинин тууралыгынан күмөн санап, башка багытта билим алууну ойлоно башташат. Билим алуунун зыяны жок, кайсы багытта окубаңыз ал сөзсүз турмушта пайдасы тиерине ишене берсеңиз болот. Карыз алуу жана берүү сунушталбайт.


БАЛЫК (20.02–20.03

Балыктарга өз эркин жана демилгесин көрсөтүү кыйын болот. Жумушта өтө оор шарттарда башка бирөөнүн буйругун аткарууга туура келет. Эгер мындай басымга чыдабайм десеңиз, дароо жумуштан кетүү чечимин кабыл алганыңыз туура. Чыгармачыл балыктарда өз талантын көрсөтүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болот. Студенттер негизги билими менен катар кошумча кыска мөөнөттө өздөштүрө турган кесиптерге кызыгып көрүшсө болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан