“FORBES” 2023-ЖЫЛДЫН ЭҢ КӨП ГОНОРАР АЛГАН СПОРТЧУЛАРЫН АТАДЫ

№1 Криштиану Роналду (футбол) – 136 миллион доллар

12 айда 136 миллион доллар киреше таап португалиялык футболчу Криштиану Роналду эң көп гонорар алган спортчулардын алдына чыкты. “Forbes” 90 миллион долларды Роналду футбол талаасынан сырткаркы долбоорлордон тапкан деп эсептеген.

№2 Лионель Месси (футбол)
130 миллион доллар

Ал эми күмүш медаль аргентиналык футболчуда. 130 миллиондун жарымы Мессинин чөнтөгүнө жарнамалык келишимдерден түшкөн.

№3 Килиан Мбаппе (футбол) — 120 миллион доллар

Роналду менен Мессиге караганда футбол талаасынан алган гонорары Мбаппеники көбүрөөк, тагыраагы, 100 миллион доллар. Ал эми 20 миллиону жарнамадан түшкөн.

№4 Леброн Жеймс (баскетбол) — 119,5 миллион доллар

«Лос-Анджелес Лейкерс» командасынын форварды Леброн Жеймс мыкты баскетболчу эле эмес, көп кырдуу талант экенин көрсөтүп келет. Ийгиликтүү ишкер, продюсер Жеймс футболчу Килиан Мбаппеге бир аз гана жетпей 4-орунга чыкты.

№5 Канело Альварес (бокс)
110 миллион доллар

Кыргызстандык мушкер Дмитрий Бивол менен рингге чыккан мексикалык мушкер Канело Альварестин бир жылдык кирешеси 110 миллион деп эсептелди.

№6 Дастин Жонсон (гольф)
107 миллион доллар

Аристократтардын оюну делген гольфтон америкалык спортчу Дастин Жонсон бир жылда 102 миллион, андан тышкаркы келишимдерден 5 миллион доллар тапкан.

№7 Фил Микельсон (гольф)
106 миллион доллар

Гольф спортунун дагы бир өкүлү, 52 жаштагы Фил Микельсон кесиптешинен 1 миллион доллар арткы орунда.

№8 Стефен Карри (баскетбол) — 100,4 миллион доллар

«Голден Стейт Уорриорс» командасынын коргоочусу алгачкы ирет бир жылда 100 миллиондон жогору каражат тапты деп эсептейт “Forbes”.

№9 Роджер Федерер (теннис) — 95,1 миллион доллар

Теннистин алпына айланган Роджер Федерер дагы деле “Forbes’тун” тизмесинен түшө элек. “Болду, эми теннис боюнча өткөн сынактарга катышпайм” деп ракеткасын таштаган Роджердин жарнамалык келишимдери дале көп экенине жогорудагы сандар далил.

№10 Кевин Дюрант (баскетбол) — 89,1 миллион доллар

Эң көп гонорар алган спортчулардын ТОП-10дугун америкалык баскетболчу Кевин Дюрант жыйынтыктады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан