КОЛ ЖАҢСООҢДУ КӨРСӨТ, КИМ ЭКЕНИҢДИ АЙТАЙЫН

Адамдын мимикасы, кыймыл-аракети көп нерседен кабар берет. Бул жолу кыргыз саясатында жүргөн айымдардын дене түзүлүшү, такай колдонгон кол жаңсоолоруна карап мүнөзүн билүүгө аракет кылалы. Профайлер-верификатор адиси Арсланбек Камчыбеков “кол жаңсоолор адамдын чыныгы эмоциясын жана сезимдерин чагылдырат. Анткени алар атайын эмес, эрктен тыш жасалчу, көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогон кыймылдар” дейт.

Роза Отунбаеванын кенен жайылган колу

Көп колдонгон кол жаңсоолору:

Эл алдында сүйлөп жатканда көбүнчө эки колун кенен жайып сүйлөйт. Бул – ачык диалогго чакыруу.

Эки колун түз, кырынан кармап, шилтегилеп сүйлөгөнүн, мисалы, сунуш, планын иреттеп, бир калыпка келтирүүгө кылган аракети деп түшүнсөк болот.

Эки алаканын төмөн каратып бир нерсени басып, ныктап жаткандай жаңсап сүйлөөсү – чөйрөдөгүлөргө басым көрсөтүүгө кылган далалаты, алардын сунуштары менен эсептешүүнү каалабоо.

Сүйлөп жатканда сөөмөйүн кезөөсү – ички абалынын чыңалып турганынын белгиси. Бирөөгө бир ишти аткартуу же бирөөнү ынандыруу аракети. Сөөмөй кезөө – үйрөтүүчү, түшүндүрүүчү кол шилтемдердин да типологиясына кирет.

Дене түзүлүшү, келбети жана психологиялык тиби боюнча сыпаттоо:

Ээгинин алдыга чыгып туруусу чечендиктин белгиси. Маңдайынын бийик жана жазы болушу жогорку интеллекттен кабар берет.

Кичине жана тоголок көз – аябай баамчыл, зирек адамдарга таандык белги.

Жалпысынан алганда Роза айымга паранойялык мүнөз таандык. Жалкоолукту жана куру сөздү сүйбөгөн, абдан мээнеткеч, бирөөгө көз каранды болгусу келбеген адам. Аны бир нерсеге ишендирүү кыйын.

Эльвира Сурабалдиеванын көп шилтенген сол колу

Көп колдонгон кол жаңсоолору:

Көбүнчө колун шилтегилебей эле сүйлөйт. Муну эмоцияга, кызыл кандуулукка алдырбай, өзүн кармап сүйлөөгө аракет кылуусу деп кабыл алуу керек.

Кээде манжаларынын учу менен столду ургулап сүйлөп калат. Бул – чыдамсыздыктын, жыйынтыкты тез талап кылуунун белгиси. Ошондой эле кыска, так сүйлөөнү жактыруу, убакытты созбой тез арада ишти бүтүрүүнү (бүтүртүүнү) каалоо.

Салыштырмалуу сол колун көбүрөөк шилтегилейт. Мунун түшүндүрмөсү – маселени чечүүгө чыгармачылык менен кароо, абдан талапчылдык. Бат ачуулануу, көз карандысыздыкты жактыруу. Бирөөлөрдүн басмырлоосун, буйрук берүүсүн жактырбоо жана ага оңою менен жол бербөө.

Дене түзүлүшү, келбети жана психологиялык тиби боюнча сыпаттоо:

Оозунун чоңдугу эр жүрөктүүлүктөн кабар берет. Мурдунун кыска жана учунун тоголок болуп кеткени – бул бирөөнү чымчып сүйлөгөнгө, бирөөлөргө катуу айтып, таарынтууга батына алгандык. Боюнун кичинелиги анын амбицияга жакын экендигин белгилеп турат.

Жаактары булчуңдуу, бет сөөгү чыгып турат – муну башкарууну, бирөөлөрдүн үстүнөн үстөмдүк кылууну сүйүүчүлүк, бийликке умтулуучулук деп түшүнсөк болот.

Эльвира айымдай ээги учтуу адамдар – “капризная” жана тубаса оратор болушат. Эркектердин көңүлүн бурдуруп, эркелигин да кармата алышат.

Колуна көбүнчө бир нерсе кармап алган Чолпон Султанбекова

Көп колдонгон кол жаңсоолору:

Эл алдында сүйлөп жатканда көбүнчө колуна бир нерселерди кармап алып, аны кармалап сүйлөгөн адаты бар. Мисалы, калем сабын же көз айнегин. Мындай адат – ички стресс, толкундоо, бирок аны элге билдирүүнү каалабоо.

Колунда эч нерсе жок учурда кээде бир колу менен экинчи колун кармап алат. Бул – эмоцияга алдырып жиберген кезде өзү билип калып, өзүн колго алгысы келгендиги.

Дене түзүлүшү, келбети жана психологиялык тиби боюнча сыпаттоо:

Бет сөөгүнүн томпоюп чыгып турганы башкарганды, бийлик жүргүзгөндү сүйгөндүгүн айтып турат. Мурун кайкысы жайык, бул – стресске туруштук бере алуучулук. Учтуу жана алдыга чыгып турган ээк ээсинин “капризная”, оратор экендигин айтып турат.

Ээгине салыштырмалуу чекесинин арт жакта турушу – бул өч алууга жакындык, кекчилдик.

Креслого көбүнчө бир жакка жантайып, салмагын салып отурат. Мындай поза “театралдык” деп аталат жана өзүн көрсөткүсү, элдин көңүлүн бурдургусу келгендерге, жайлуулукту сүйгөндөргө, сырткы келбетине абдан маани берүүчүлөргө таандык.

Манжаларынын учун бекиткен Камила Талиева

Көп колдонгон кол жаңсоолору:

Колдорун көп шилтегилеп, эмоция менен сүйлөйт. Башкача айтканда, 2 колун кенен жайып, бир колун көтөрүп, эки колун түз жана кырынан кармап, шилтегилеп, манжа учтарын бириктирип... Сүйлөгөн сөздөрүнө түшүндүрмө берүү үчүн да түрдүү кол шилтемдерди колдонот. Мисалы, “жогорку” деген сөздү айтууда колун жогору карай көтөрөт.

Айтылган адаттар – ачык диалогго чакыруу, ойду, сунуш, пландарды иреттөөгө кылган аракетти туюндурат. Андан тышкары ачууга бат алдыруучулукту, чыдамсыздыкты да билдирет.

Сүрөткө түшкөндө манжаларынын учун бекитип түшмөй адаты бар. Мындай поза да “театралдык” деп аталат жана, жогоруда айтылгандай эле, өзүн көрсөтүү далалаты деген маанини берет.

Оң колун көбүрөөк шилтегилейт. Муну маселени үстүртөн карап анализдөөгө жакындык деп түшүнсө болот.

Дене түзүлүшү, келбети жана психологиялык тиби боюнча сыпаттоо:

Бою кичинекей, демек, амбициясы бийик. Калыптанган, базалык эмоциясынан кекирейгендик, баарына шектүү көз менен кароочулук байкалат.

Ээгинин алдыга чыгып турушу чечендиктен, ээгине салыштырмалуу чекесинин арт жакта турушу өч алууга жакындыктан, кекчилдиктен кабар берет. Мурун учунун учтуулугу – бардык нерсеге, кээде өзүнө тиешелүү эмес нерсеге деле кызыгуучулук.

Жалпылап айтканда, башкалардын анын көзүн карап, сыйлашын каалайт, жайлуулукту өтө сүйөт. Өзүн-өзү ашыкча баалаган “капризная” айым. Башкарууну сүйөт, башкалардын үстүнөн бийлик жүргүзүүнү жактырат. Баарын дайыма көзөмөлдөп, көз жаздымынан чыгаргысы келбейт деп сүрөттөсөк болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан