КУРСКА ЖАЗЫЛЫП, ТҮРКИЯГА 2 КИШИЛИК ЖОЛДОМОГО ЭЭ БОЛ!

Бизнес баштагыңыз келип, бирок билимиңиз жетишпей же кандай бизнес баштоонун жолун таппай турсаңыз, Гүлжан Алимжанова жетектеген “Гүлжан академиясы” сизге жардамга келет. Бул жактан сиз Кытайдан, Түркиядан товар алып, онлайн сатуунун жол-жобосун үйрөнүп, үйрөнүп гана тим болбостон, окуп жатып эле ишиңизди жүргүзө баштайсыз. Бул тууралуу Гүлжан айым менен баарлаштык.

– Гүлжан айым, соода тармагында канча жылдык тажрыйбаңыз бар?

– Соода тармагында жүргөнүмө 14 жылдан ашты. Ал эми Түркиядан жана Кытайдан товар алып сатып иштегениме 5 жыл болуп калды. Бул аралыкта соода боюнча кеңири билимге ээ болдум. Анан бул билимимди башкалар менен бөлүшүп, каалоочуларга үйрөткүм келди, башкалардын кичинекей болсо да бизнес ачып кирешеге чыгышына себепчи болсом дедим. Ошентип 1 жарым жыл мурун топтолгон тажрыйбамды башкаларга бөлүшүп, атайын окутуу курсун ачтым. Бир жарым жылдан бери 5000ге жакын окуучуну окутуп чыгардык. Алардын ичинен 1 айдын ичинде миллиондук кирешеге чыккандар да болду. 1 жыл ичинде биз окуткан окуучулардын арасынан 10дой адам миллионер боло алды.

– Жакшы. Ошондо алар кантип миллионер болушту?

– Биз курсубузда Кыргызстанда туруп эле Кытайдан, Түркиядан фабрика-заводдордон түз товар алып сатканды үйрөтөбүз. Ал товарларды социалдык тармактардан интернет дүкөн ачып сатып, кирешеге чыкканга жардам беребиз. Жалпысынан 10 тармак менен акча табууну үйрөтөбүз. Негизинен дүңүнөн товар алып жүгүртүүгө басым жасайбыз. Бул аркылуу бат эле ири кирешеге чыкса болот. Биздин курска жазылгандан 3 күндөн кийин эле товар заказ кылганды үйрөнүшөт, ошентип дароо эле иштеп башташат. Курсубуз бир айга созулат, бул аралыкта ар бир окуучуну кирешеге чыкканга, кардар тапканга жардам берип, көзөмөлдөп турабыз.

– Азыр интернетте мындай курстар аябай көбөйүп кетти, сиздин курстун кандай өзгөчөлүктөрү бар?

– Биздин негизги өзгөчөлүк – менин өзүмдүн ушул тармактагы көп жылдык тажрыйбам. Андан сырткары окугандан кийин академиянын атынан атайын сертификаттар берилет, ар бир окуучуну окутуу аралыгында кирешеге чыкканга чейин көзөмөлдөп турабыз. Быйыл сентябрь айында окуучуларым менен Түркияга бизнес тур уюштурганы жатабыз. Ал жактын сатуу ыкмалары кандай, арзан товарларды кантип алабыз, завод, цехтер менен кантип иштешебиз, баарын өз көздөрү менен көрүп келишет.

Дагы баса белгилеп айта кетчү нерсе, учурда бизде жакшы акция жүрүп жатат. Биздин курска жазылган ар бир адамга Түркияга 1 аптага 2 кишилик жолдомо белекке беребиз. Ал жолдомонун алкагында Түркиянын 3 шаарына – Помуккале, Каппадокия жана Анталияга барып эс алып келишет. Билеттин ичинде мейманкана, эртең мененки тамагы жана Түркия ичиндеги транспорт баары бекер болот. Болгону учакка билетти өздөрү алышат.

– Курсту кимдер окушу керек?

– Бизде жашына да, кесибине да, тажрыйбасына да эч кандай чектөө жок. Үйдө декретте отургандар да, каалоочулардын баары окуса болот.

– Бизнести канча каражат менен баштоого болот?

– 0дөн баштаса да болот. Биз онлайн иштейбиз, товарлардын сапаттуу сүрөт-видеолору аркылуу кардар таап, буюртма кетире алышат. Болгону колунда интернетке кирген телефон болсо болду. Бул жерден акча билимге, тагыраагы, курстан окуп-үйрөнүүгө гана жумшалышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан