КОЛТУК, ЧЫКАНАК, ТИЗЕ ЭМНЕ ҮЧҮН КАРАЯТ?

Эгерде чыканак, тизе, колтук карарып калса ыңгайсыздык жаратат. Каалагандай кийим кие албай кысынып жүрүүгө туура келет. Эмне үчүн дененин бул болүктөрү карарат, кантип агартууга болот? Дерматолог, косметолог Мариям Керимкулова кеңеш берет.

СЕБЕПТЕРИ

Чыканак, тизе, колтуктун өңү башка жактарга салыштырмалуу карайышынын себеби абдан көп. Ички жана сырткы фактор деп бөлүп карайлы. Ички фактор негизинен организмде көйгөй жаралганда таасир этет. Гиперпигменттүүлүктүн негизги себептеринин бири – гормондордун туура эмес иштеп жатканында. Андан башка:

– витаминдердин жетишсиздигинде

– боор, тамак сиңирүү органдарынын ооруларында

– грибоктуу инфекцияда

– тери ооруларында

– кант диабетинде

– толуп кетүүдө

– такай чылым чеккендерде колтук, чыканак, тизе, жадакалса чат да караят.

Ал эми сырткы факторлор:

– гигиенаны туура эмес кармоо

– туура эмес, сапатсыз косметикалык каражаттарды колдонуу

– колтукка курамында спирт бар дезодоранттарды сүйкөө

– күндүн түз тийген нуру

– хлор сууда ваннада көп жатуу

– чыканакка таянуу, тизелеп жүрүү адаты да дененин аталган бөлүктөрүн кургатып, катуулатып кир сымал көргөзөт.

Эндокриндик системдин бузулушу

Эндокриндик системдин бузулушу, кант диабетинин кесепетинен организмдеги процесстер калыптагыдай жүрбөй, ички организмге эле эмес, теринин да абалын өзгөртөт, алардын бири – чыканак, тизе эле эмес, моюндун арты, колтук, чаттын да карайышы.

Витаминдин жетишсиздиги

Теринин абалы жакшы болушу үчүн зарыл болгон А жана Е витамини жетишсиз болгондо тери жукарып, кургап, жарылат. Ал эми чыканак жана тизенин териси шуудурап, колтук да карарып баштайт. А, Е витамининен сырткары С, D витамини жетиштүү болушу кажет.

Тамак сиңирүү органдарындагы оорулар

Тамак сиңирүү органдарынын ооруларында, айрыкча ичеги-карын ооруларында ичегинин микрофлорасы витамин, микроэлементтерди жакшы сиңире албай сыртка чыгара берет. Бул жалпы эле теринин кургашына, кээ бир аймактардын карайышына алып келет.

Тери оорулары

Кээде чыканак, тизенин карайышы тери оорулары менен ооругандан кийин да калып калат. Мисалы, атопиялык дерматит, псориаз ооруларында.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Чыканак, тизе, колтук, чат да өңүн өзгөрткөнүн байкасаңыз сөзсүз түрдө эндокринологго кайрылуу кажет. Алар гормон, витаминдерге анализ тапшыртып, калкан безин текшерүүдөн өткөргөн соң көрсөтмө жазышат. Жетишсиз болгон витаминдерди курс менен ичүү сунушталат.

Тизе, чыканактын карайышынын алдын алуу же аны менен күрөшүү үчүн атайын нымдаштыруучу кремди бат-бат сүйкөп туруу зарыл. Эгер көпчүлүк убакта күндө жүрсө күндөн коргоочу крем сүйкөлүшү абзел.

Ошондой эле косметологго кайрылсаңыз гликол кычкылы, альфа-арбутин сыяктуу агартуучу каражаттарды, пилингдерди колдонуп көйгөйдү чечишет. Буга катар колтукка курамында спирти жок, аллергияга каршы дезодоранттарды колдонуп, түктү устара менен кырбоо керек.

ҮЙ ШАРТЫНДА КАНТИП АГАРТУУГА БОЛОТ?

Ички фактордун таасири астында карайган болсо ал жерлерди агартуу оңойго турбайт, агарса да бир канча убакка эле созулат. Адистин жардамы керек болот.

Эгер үйдөн тизе, чыканак, колтукту агартам десеңиз лимон, бадыраң, картошканын ширеси, айран, сода, куркума жардамга келет. Бир нече ыкмаларын келтире кетели:

Лимонду экиге бөлүп, ага тамак-аш содасынан себелеп карайган жерге сүртүү керек.

Бадыраң менен лимон ширесин бирдей өлчөмдө алып аралаштырып, карайган жерге сүртөбүз.

Бал да мыкты жардымчы, 1 аш кашык балга 1 аш кашык лимон ширесин, 1 чай кашык сода кошуп сүйкөйбүз.

Куркума тамак-аш содасы сымал агартууда натыйжалуу. 1 аш кашык куркумага ошол эле өлчөмдө сүт кошуп аралаштырып сүйкөйбүз.

Картошканын ширесин сыгып алып, өзүн же ага ошол эле өлчөмдө айран, же сүт аралаштырып сүйкөйбүз.

Айран менен алоэ ширесин аралаштырып да сүйкөгөн жакшы.

Буларды карайган жерге сүртүп, 15 мүнөттөн кийин жууп салабыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан