“БАЛАМ ЫЙЛАГАНДА КӨГӨРҮП КАЛАТ”

Балдарга тешелүү ооруларды остеопаттар кантип дарылашат? Башка дарыгерлердин дарылоо ыкмаларына каршы келбейби? Окурмандардан келген ушул сыяктуу суроолорго балдар остеопаты Айжан Сарбанова жооп берет.

– Жаңы төрөлгөн балам абдан ыйлаак. Ыйлай берип көгөрүп калат. Неврологго, педиатрга көрсөттүк, “олуттуу оору жок” дешти. Андыктан остеопат врачка алып барайын дегем, алар жардам бере алышабы?

Айпери Кожоева, 29 жашта, Бишкек шаары

– Ымыркайлардын тынбай ыйлашы төрөт учурунда баланын сыгылып алынышынан, тез төрөттөн болот. Анткени баш сөөктөрү менен мээсинин чел кабыгы, диафрагмасы (көкүрөк булчуңу), биринчи жана экинчи моюн омурткалары кысылып калат. Моюн омурткалары кысылса андагы нерв, кан тамырлары да кысылат. Булардын баарын бошотуу керек. Андан тышкары атайын көнүгүүлөр да үйрөтүлөт. Ушулардын жардамы менен баланын организми толук калыпка келет.

Айта кетчү нерсе, кош бойлуу аял кош бойлуулугунун 9-айында дамамат түз эмес кыйшык, же бир жамбаштап, же бутун учкаштырып отурса жамбашындагы булчуңдары бир жакка чоюлуп калат. Ушундан улам аял төрөп жатканда жатыны туура эмес жыйрылат да, баланын башы артка тартылып, же моюну бир жакка кыйшайып төрөлүшү мүмкүн. Бала төрөлөрү менен бакырып ыйлаганда булар калыпка келиши керек. Эгер калыпка келбесе, баланын башы артка тартылган боюнча калат да, бала ыйлаак болот, кеч жөрмөлөйт, кеч отурат, кеч басат. Чалкасынан жата албайт. Баса баштаганда бутунун учу менен басат, чалына берет.

Моюну кыйшайып туулгандар да ыйлаак болушат, кийин башын түз кармай баштаганда абалы бир аз оңолот. Бирок мээсиндеги кандын айлануусу нормалдуу болбогондуктан акыл-эсинин өсүшү кечеңдейт.

Остеопат 2 учурда тең кысылган моюн омурткаларын, акырек сөөгүн, кабырга жана диафрагманы, баш мээсинин чел кабыгын, желке сөөгүн бошотот. Денесинин башка жерлеринде да жабыркоо болсо түздөп (коррекциялап) чыгат.

Ушундан кийин баланын тынбай ыйлап көгөргөнү жоголот. Тамак ичкени, уктаганы жакшырат. Ичинин көпкөнү да басылат. Мээсинин кан айлануусу жакшырып, акыл-эси калыптагыдай өнүгө баштайт.

“Баламдын бат-баттан ичи өтө берет”

– Балам 1,5 жашта. Бат-баттан ичи өтө берет. Педиатрга алып барсак дары-дармек жазып берет. Убактылуу токтогону менен кайра эле башталат. Муну кантип биротоло токтотууга болот?

Жазира Омор кызы, 32 жашта, Ош шаары

– Жайкы ич өткөктү негизинен бактерия түрлөрү козгойт. Андан башка себептери булар: балдардын иммунитети толук калыптанып бүтө элек, оозунда бактерияларга каршы заттар аз, вирус, зыяндуу бактерияларды чыпкалап өлтүрүп туруучу боор балдарда өсүү, чоңоюу этабында болот. Андыктан бактериялар менен күрөшүүдө организми алсыздык кылат.

Мындан тышкары ашказандын иштеши жана организмдеги кан айлануунун бузулушунан, диафрагманын иштебегенинен болот. Остеопат ички органдардагы, анын ичинде ашказанды каптап турган чел кабыкты бошотот. Диафрагмага кол менен таасир этип, иштешине шарт түзөт. Денесинин башка жабыркаган жерлерин да түздөп, калыпка келтирет. Диета сунушталат. Педиатр жазып берген дарылар деле ичиле берет. Комплекстүү дарылоо болгондо ич өтүү батыраак басылат. Зат алмашуу жакшырып, тамак-аш менен кирген витаминдер, микроэлементтер жакшы сиңе баштайт.

Эгер остеопатка текшертпесе дарынын таасири убактылуу болот. Ашказандын иштеши, зат алмашуусу, диафрагмасы калыпка келбеген бойдон калат. Бала муздагыраак тамак, суу ичсе сиңиши кыйын болот. Ич өтүү кайталана бериши мүмкүн.

“Итийди остеопат кантип дарылайт?”

– Балам эмчекте, 8 айлык. Желке тараптагы чачтары түшө баштады. Педиатр итий деген диагноз коюп, дарыларды жазып берген. Бирок жыйынтык байкала элек. Остеопаттар мындай дартты кандай ыкма колдонуп, айыктырышат?

Диана Эмил кызы, 26 жашта, Жалал-Абад шаары

– Итий D витамини менен фосфор-кальций туздарынын жетишсиздигинен, организмдеги зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Итий оор дарт болбогону менен, башка оорулардын жаралышына, мисалы, аз кандуулукка, өпкө жана ичеги-карын ооруларына, сөөктөрдөгү өзгөрүүлөргө (буттардын кыйшайышы, жамбаш сөөктөрдүн калыптагыдай өспөшү) алып келет.

Остеопатияда ымыркай төрөлүп жатканда ичтен сыгылып алынышы, моюн омурткаларынын кысылып туулушу да итийдин жаралышын шарттайт деп мүнөздөлөт.

Бала кысылган омурткаларын бошотуу үчүн моюнун ары-бери кыймылдата берет. Ошондуктан башынын жаздыкка тийип турган жерлериндеги чачтары сүрүлө берип, түшө баштайт. Башкача айтканда, башына жол түшөт.

Остеопат эмне кылат? Моюн омурткалары кысылганда баштын чел кабыктары да тартылып кысылып калган болот. Омурткаларды бошоткондо баштын чел кабыгы да бошоп, бала жеңилдейт.

Ички органдардын да каптап турган чел кабыктарын бошотот. Ушундан улам баланын организминде зат алмашуу, витамин жана микроэлементтердин сиңиши жакшырат. Тамакка табити ачылат.

“Дисплазиядан толук, бат айыктырууга мүмкүнбү?”

– Балам басайын деп калды. Бирок ага дисплазия деген диагноз коюлган. Ортопеддин сунушу боюнча физиологиялык дарылоого, массажга алып барып жатабыз. Бул дарттан батыраак айыгыш үчүн остеопаттын да жардамы тиеби?

Минура Саадабаева, 35 жашта, Кант шаары

– Дисплазия – баланын курсакта кезинде кашка жилигинин башы же томуктун толук өсүп жетилбей калышы. Кашка жиликтин башы жамбаш сөөккө туура бекибей, өз ордуна орнобой өйдө же бош орноп калат.

Остеопаттар деле ортопеддер сыяктуу бул дарт организмдеги зат алмашуунун начардыгынан, D витамини менен кальцийдин жетишсиздигинен келип чыгат дешет.

Остеопат томук туура жана толук өсүп жетилиши үчүн буттун булчуңдарынын тартылып калган чел кабыктарын бошотот. Ал чел кабыктар органдардын, мисалы, омуртка, ичегилердин чел кабыктары менен туташ болгондуктан алар да тартылып, кысылып калган болот. Буттун булчуңдарынын чел кабыктары бошогондо алардыкы да бошойт. Бошогон соң томуктун өсүшү, денедеги зат, кальцийдин сиңиши жакшырат. Ортопед сунуштаган витаминдер, кальций каражатын бала иче берет.

Баланы убагында ортопедге, остеопатка алып барбаса томугу өспөй, буту кыска болуп калат. Бут кыска болгон соң омурткага күч түшөт. Жыныстык органдарга да зыяны тийип, алардын иштеши начарлайт.

Бала басып баштаганда ортопедиялык бут кийим кийгизүү сунушталат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан