Эрнис Батырканов, спортчу: “КЫРГЫЗ КУРАМАСЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНДА ОЙНОЙТ ДЕП ИШЕНЕМ”

Бишкекте CAFA Nations Cup-2023 турнири өтүп жатат. Анда Кыргызстан, Иран, Ооганстан курама командалары ат салышууда. Футбол күйөрмандары көптөн күткөн
“Ак шумкарлардын” оюну 10-июнда орун алды. Анда жалгыз голу менен команданы алдыга сүрөгөн Эрнис Батырканов мыкты оюнчу аталды. Биз Эрнис мырза менен аталган турнир жана футболдук карьерасы тууралуу баарлаштык.

Туулган жылы – 1998-жыл, 21-февраль

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Кара-Көл шаары

Бою – 183 сантиметр

Салмагы – 76 килограмм

Амплуасы – чабуулчу, жарым коргоочу

Ойногон клубу – “Келантан Юнайтед” (Малайзия)

Учурда – Кыргыз курама командасынын оюнчусу

– Салам, Эрнис? Ооганстан менен болгон оюнда жалгыз голду жаратып, баарыбызга кубаныч тартууладың. Сезимдериң менен бөлүшө кетсең...

– Саламатсыздарбы? Гол жараткан учурда өзгөчө сезимдер болду. Бирок ал сезимдерди сөз менен жеткирүү абдан оор.

– Гол жаратып, улуттук курамда экениңе терс пикирин жазгандарга жооп кылып коёюн дедиңби? Деги эле алмашууга чыкканда гол жаратам деп күттүң беле?

– Негизи мен тууралуу терс пикир жазгандарга көңүл деле бурбайм. Аларды окуп деле отурбайм. Оюн талаасындагы позициям чабуулчу болгону үчүн ар бир оюнга гол жаратайын деген ой менен чыгам жана гол жаратууга болгон аракетимди жасайм.

– Бул улуттук курамдагы канчанчы голуң?

– Экинчи голум.

– Голдун жаралышы футболчунун жеке даярдыгынан да көз карандыбы же оюндун жүрүшүп кеткени жетиштүүбү?

– Экөө тең маанилүү. Биринчиден, сөзсүз, даярдык болушу керек. Себеби машыгууларда комбинация, оюндун ыгы, бири-бириң менен оюнду таба билүүгө даярданабыз да. Ошого жараша оюн жүргүзөбүз. Экинчиден, оюн талаасында оюндун жүрүшүп кетиши гол үчүн чоң роль ойнойт.

– Ооганстан менен болгон оюн тууралуу айтсаң. Дээрлик улуттук курам үстөмдүк кылды, бирок натыйжа жакшы болбоду. Катачылык эмнеде деп ойлойсуң?

– Катачылык болду деп айта албайм. Болгону биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдоно албай койдук.

– Жаңы машыктыруучу Штефан Таркович менен биринчи оюн өткөрүп жатасыңар, кандай болду? Машыктыруучу менен тил табышып, түшүнүшүп калдыңарбы?

– Ооба, бул жаңы башкы машыктыруучу менен болгон алгачкы машыгуубуз жана биринчи оюнубуз. Азыр биз бири-бирибизди тезирээк түшүнгөнгө аракет кылып жатабыз. Кыска аралыкта бири-бирибиз менен тил табышып, буюрса, жакшы багытты көздөп баратабыз.

– Улуттук курамга кирген учурга токтоло кетсең. Курамга кирүү ар бир эле спортчуга буюра бербейт эмеспи.

– 2018-жылы улуттук курамга чакырылгам. Ошондо Палестина жана Сирия менен достук мелдеши өткөн. Кыргыз курама командасынын Палестина менен болгон беттешинде алмашууга чыгып, дебюттук оюнумду өткөргөм.

– Улуттук курам, команда. Жоопкерчилик экөөндө тең бирдейби?

– Албетте, бирдей эле. Себеби футболдук клуб болобу, улуттук курам болобу, өзүңдү профессионалдык деңгээлде алып жүрүшүң керек. Кадимки эрежелерди карманып, туура тамактанып, бардык режимди сактап машыгууң зарыл. Бирок улуттук курамда өзүңдүн өлкөң, желегиң үчүн ойноп жаткандыктан жоопкерчилик бир аз өйдөрөөк турат.

– Өзүң тууралуу да маалымат бере кетсең, үй-бүлөдө сенден башка да футболго кызыккандар барбы?

– Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында туулгам, жердигим Токтогул. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Үйдө мен жана иним футбол менен алектенебиз.

– Дегеле футбол ааламына кандайча аралашып калдың эле? Дал ушул спортту тандоого эмне түрткү болгон?

– Футбол ойногонду 8 жашымда баштагам. Кичинекей кезимде Кара-Көл шаарында жашап жүргөндө биздин үйдүн жанында футболдук аянтча бар болчу. Жекшемби сайын ар кандай ишканалар мелдеш өткөрчү. Ошол жакта дайыма көрүп, аралашып жүрүп футболго кызыгуум артты. 7-8 жашымда ата-энем Бишкекке көчүп келип, мени футбол борборуна машыгууга беришкен. Ошентип футбол дүйнөсүнө аралаштым. Ал жакта «Алга» деген команда бар болчу. 2013-жылы биздин командабызды «Дордойго» кошушкан. Ошондон тартып «Дордойдо» машыгып калгам.

– Спорттук карьераң тууралуу кеп кылалы. Кайсы клуб менен кандай жетишкендиктерге жеттиң?

– Спорттук карьерам “Дордой” футболдук клубунда башталган. Эң чоң жетишкендиктер, албетте, “Дордой” клубу менен болгон. “Дордой” менен 3 жолу Өлкө чемпиондугун жеңдим, 1 жолу Өлкө кубогун, 1 жолу Суперкубокту уткам. Ошондой эле былтыр “Абдыш-Ата” командасында оюн көрсөтүп, аны менен дагы чемпион болдум жана Өлкө кубогун жеңдик. Андан тышкары армениялык “Ван”, казакстандык “Кызыл-Жар” клубдарында оюн көрсөткөм. Азыркы тапта Малайзияда “Келантан Юнайтед” деген командада ойноп жатам.

– Футбол сен үчүн эмне?

– Футбол – мен үчүн бүт баары. Футбол – менин жашоом.

– Кыргыз футболунун келечегин кандай элестетесиң?

– Абдан жакшы, өнүккөн футболду элестетем. Буюрса, жакынкы аралыкта Кыргыз өлкөсү Дүйнө чемпиондугунда ойноп калат деп ишенем.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан