Абдывахап Нурбаев, экс-депутат: “БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМИН КЕТПЕС ЧИНОВНИКТЕР ТАЛКАЛАП БҮТҮШТҮ”

Экс-депутат Абдывахап Нурбаев маектешүү учурунда “Супер-Инфонун” туруктуу окурманы экенин айтып калды. Учурда билим берүү тармагы боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдап, аны парламенттен өткөрүү иштери менен алек экен. “Силер окурмандарды пайдалуу маалыматтар менен сугарып жүрсөңөр, мен окуучуларга пайдалуу билим берели деп аракет кылып жүрөм. Миссиябыз бир экен” деп тамашалап өттү.

– Куш келипсиз Абдывахап мырза, 7-чакырылышка шайлоодо “Альянс” партиясы менен аттанып, өтпөй калдыңыз. Учурда эмне иштер менен алексиз?

– Ооба, 2021-жылкы парламенттик шайлоодо өтпөй калдым. Ошондон кийин билим берүү тармагында иштеген эксперттер мага “ушул тармакка реформа керек, 5 мыйзамды бириктирип жаңы мыйзам жазалы” деп сунуштап калышты. Макул болуп, 2022-жылдын февраль айында жумушчу топко кошулгам, 1,5 жылда жаңы мыйзамды даярдап чыгып, Жогорку Кеңеш биринчи окууда карап бүттү. Мыйзамды парламент, президент колдоп берсе, буюрса, жакынкы 10-15 жылда реформанын жемишин көрүп калабыз. Негизи мыйзам кабыл алынганга чейин коомчулукта талкууланышы керек, биз аймактарды кыдырып Ат-Башы, Кемин, Алайга чейин барып 1000ден ашык мугалим менен жолуктук, талкууларды уюштурдук. Мыйзамды даярдаган жумушчу топко жарандык коом, Билим берүү министрлигинен, депутаттар, эксперттер кошулду. Апрель айында биринчи жолугушуу өткөрдүк, мына ошол жерден Билим берүү министрлиги менен келишпестиктер башталды.

– Кандай келишпестиктер?

– Биз жазган мыйзамда мугалимдерге көбүрөөк академиялык эркиндик каралган. Текшерүүлөрдү, документ толтурууларды азайтып, мугалимдин негизги убактысы балага билим берүүгө жумшалышы керек дегенбиз. Ага чейин изилдөө жүргүзүп, билим берүүнүн деңгээли кандай абалда экенин, тармактагы көйгөйлөрдү аныктап чыкканбыз. Атап айтсак, Кыргызстанда учурда балдардын 76 пайызы бала бакчага барбайт. Дүйнөлүк Нобель сыйлыгын алган илимпоздор бала бакчага барган баланын өсүү деңгээли, барбаган балага караганда 16 пайыз жогору турарын далилдешти. Бул ошондо Кыргызстанда болжол менен 900 миңдей баланын өсүү деңгээли төмөн болууда дегенден кабар берет. Кошуна Казакстанда балдардын 90 пайызы бала бакчага барат, Өзбекстанда 70 пайыз. Ал эми бизде бала бакчалардын саны СССР мезгилинде канча болсо, азыр деле ошончо. Бирок ал кезде калктын саны 3,5 миллион болсо, азыр 7 миллион болдук да. Жылына өлкөбүздө 140-150 миң бала төрөлөт, муктаждыкты чечүү үчүн 800-900 бала бакча салыш керек. Буга мамлекеттин алы жетпейт, демек, жеке менчик бала бакчаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтиш керек. Азыр бала бакча ачам дегендер 14-15 документ чогултуп, лицензия алышы керек. Биз ушуну жеңилдетип, өрткө каршы кызмат менен санитардык-эпидемиологиялык инспекциянын уруксаты болсо ача берсин деп сунуштап жатабыз. Буга министрликте иштегендер көнбөй жатышат.

– Эмне себептен каршы болуп жатышат, алардын да аргументтери бардыр?

– Анткени лицензия албай эле бала бакчалар ачыла баштаса, мурункудай коррупциялык жолдор менен акча түшпөй калат. Министрликте көп жылдан бери иштегендер “силер айта бересиңер, саясатты мына биз жүргүзөбүз, министриңер бүгүн бар да, эртең жок” деп ачык эле айтышты. Эгер бир компания банкрот болсо, кызматкерлерин кетирип, жаңыча ой жүгүртүп иштей ала тургандарды жумушка алышат да, туурабы? Мына, билим берүү тармагында 10-15 жылдап отурган чиновниктер тармакты банкрот кылышты, талкалап бүтүштү, бирок дагы деле отурушат. Заман, дүйнө өзгөрүп жатат, бир жаңылык киргизиш керек да. Мектептеги текшерүүлөрдү эмнеге жок кылып жатабыз? 5 жылда бир жолу өтүүчү мамлекеттик аккредитация деген бар. 7-8 мектептен сурап көрдүк, ошол аккредитациядан өтүш үчүн 70 миңден 200 миң сомго чейин акча беришет экен мугалимдердин айлыгынан кармап. Мугалимдер “ушуну жок кылып бергилечи” деп ыйлап жатышат. Биз мектептерге ваучердик систем киргизели деп жатабыз. Ар бир окуучуга мамлекет тарабынан акча бөлүнөт. Ошол каражат мектепке эмес, окуучунун өзүнө бөлүнсүн деп жатабыз. Бала кайсы мектепке барса, ага бөлүнгөн каражат ошол мектепке которулат. Тандоо балада болот да, мектеп бала үчүн күрөшөт. Себеби кайсы бир мектепти балдар канчалык көп тандаса, ошол мектепке акча көп келет. Мындайда мектептер арасында атаандаштык күчөп, билим берүүнүн сапаты жакшырат.

– Окуучунун тандоосу, эркиндиги тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Мугалимдердин укугу кандай абалда болот? Ансыз да окуучулар тоготпой калган заманда мугалим ого бетер баланын көзүн карап калбайбы?

– Сапаттуу окуучу чыгышы үчүн 3 нерсе керек: ден соолук, сапаттуу билим жана ата-эненин мээрими. Эгер ата-эне балага жетиштүү мээрим төксө, бала эч качан мугалими менен урушуп-талашпайт. Мисалы, бизге мектептен Айматовдун “Эрте келген турналарын” окуп кел деп тапшырма бергенде ошол чыгармага карата биздин оюбузду сураган эмес, туурабы? Бизден Айтматовдун оюн сурайт. Мектепте ким жакшы окуучу? Шоктонбогон, каяша айтпаган, жат жазууну катасы жок жазган, ыр жаттап келген бала жакшы. Окуучу өзүнүн пикирин да айтышы керек. Окуучунун шыгы эркин чоңойгондо гана ачылат. А бизде СССРдин ыкмасы менен коркутуп, үркүтүп, директорго алып кирем, ата-энеңди чакыртам деп чоңойтушат. Баланы башынан сылап, “сен кыйынсың” деп ишеним артса гана ачылат. Ар бир бала шыгы менен төрөлөт. Мектеп менен ата-эненин милдети – ошол шыкты байкап, балага туура багыт көрсөтүү.

– Сөз эркиндигинин абалы, блогерлерге, журналисттерге жасалган бийликтин мамилеси тууралуу кандай пикирдесиз?

– Чайнек кайнап жатканда капкагын жаап койсоң ал баары бир атылат. Чайнекти ачып, буусун чыгарып туруш керек. Блогер, журналисттер тескерисинче, бийликке жардам берип жатат.

– Айлыктар көтөрүлгөндөн кийин мугалим болгусу келгендердин саны өстү деген маалыматтар чыкты...

– Ооба, мурун жалпы республикалык тестирлөөдөн 110-120 упай алгандар гана мугалимдикке тапшырчу. Азыр 180 упай алгандар да айлыгы көтөрүлдү деп ушул адистикке тапшырып жатышат.

– Жашооңузда эмнени жасап көрбөгөнүңүзгө өкүнөсүз?

– Чет тилдерди билбегениме өкүнөм. Англис тилин үйрөнүп алсам жакшы болмок. Окуучу 3 тилди билиши керек: англис тилин, компьютердин тилин жана бизнестин тилин.

– Сиз уккан эң таамай айтылган пикир?

– Ким экени эсимде жок, бир илимпоз “өлкөнү өнүктүрөлү десеңер, балдарга алдыдагы 10-15 жылда керек боло турган билимди бергиле” деген. Абдан таамай айтылган сөз.

– Бүтүрүүчүлөр кесип тандоо алдында турушат, келечекте суроо-талапка ээ кесип кайсы болот деп ойлойсуз?

– Роботторду дарылаган ветеринарлар керек болот экен (күлүп). Чет өлкөдө азыр ашканада, көпчүлүк тейлөө кызматтарында роботтор иштеп жатышат. Алар да чарчап, бузулат да, ошондо аларды оңдогонго “дарыгер” керек болот деп жатышат.

– Жашоодогу миссияңыз?

– Билген жакшы нерсемди эл менен бөлүшүү

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан