ДҮЙНӨЛҮК КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ: ТОКТОТУУ МҮМКҮН ЭМЕС, ЖАЙЛАТСА БОЛОТ

Дүйнөлүк климат өзгөрүп жатканы жаңылык эмес. Айрым өлкөлөр катуу ысыктан жапа тартып, айрымдары мисалы, күтүүсүз сууктун же суу каптоонун азабын тартышууда. Экологдор адамзатты ойлонууга, климатка тийчү зыяндын таасирин азайтууга чакырып жатышат. Кыргызстан дагы дүйнөлүк кубулуштан айланып өтө албайт. Бул жаатта эксперттер эмне дешет? Бүгүн жана эртең биз көңүл бурчу жагдайлар кайсылар?

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүн сезимтал кабыл алган өлкө. Айыл чарба жана энергетика үчүн мөңгү суусунан көз карандылык, айылдын жашоо-тиричилиги үчүн жаратылыш ресурстарынын мааниси, электр энергиясына болгон муктаждык өлкөдөгү жарандардын ден соолугуна, билимине, тамактануусуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө тикелей таасирин тийгизет. Буга учурда Бишкек жана Ош шаарларындагы таза суунун тартыштыгы кашкайган мисал. Тоонун түбүндө жайгашканына карабай Бишкекте суу тартыш болот десе мындан бир нече жыл мурун көптөр ишенбесе керек эле.

ГЛОБАЛДЫК ЖЫЛУУЛУК – ООРУЛАРДЫН КҮЧӨШҮ

Глобалдык жылуулук адамзаттын ден соолугуна тийиштүү көйгөйлөрдү күчөтөт. Ысыктан күчөгөн оорулар, вирустук инфекциялардын көбөйүшү, өрт каптоо, таза суунун кескин азайышы... Ошондой эле кургакчылык, бороон-чапкындар, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү, суу ташкындары, мөңгүлөрдүн эриши, океандардын жылышы адамзаттын жашоосун татаалдантып келе жатат. Климаттын начарлашы менен аба ырайында экстремалдуу өзгөрүүлөр тез-тез болуп турат. Илимпоздор климаттын өзгөрүшү адамдын психикалык саламаттыгына да терс таасирин тийгизээрин далилдешкен.

КҮНӨӨЛҮҮ – АДАМЗАТ ӨЗҮ

Көмүр кычкыл газы жана башка газдар глобалдык жылуулуктун негизги фактору болуп саналат. Күйүүчү майды иштетүү, өнөр-жай өндүрүштөрүнөн чыккан уулуу заттар, токойлордун азайышы, малдын санынын көбөйүшү климатка жана жердин температурасына сөзсүз терс таасирин тийгизет. Аталган зыяндуу заттар абада парник газына айланып климаттын өзгөрүшүн ого бетер күчөтөт.

Гүлайым Донбаева, илимдин доктору, Бишкектеги ботаникалык бактын жетекчиси: “КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮН ТОКТОТО АЛБАЙБЫЗ”

– Негизи климаттын өзгөрүп турганы табигый көрүнүш. Ал өзгөрүүлөр кыска жана узак убакытта болуп турат. Тилекке каршы, адамзат абага зыяндуу газ калдыктарын көп чыгарып, климаттын өзгөрүүсүн тездетип жатат. Климаттык өзгөрүү мамлекеттик чек араларга баш ийбейт, аны менен масштабдуу күрөшүү зарыл. Абада көзгө көрүнбөгөн жеңил салмакта тонналаган таштандылар бар, мына ошолордун баары климатка терс таасирин тийгизүүдө. Мисалы, Иракта мунай заводунан чыккан түтүндүн калдыктары алыскы тоолордогу мөңгүлөрдүн бетинен табылган. Бул процесс мөңгүнүн эришин тездетип суу-ташкындарын пайда кылат. Казакстандагы Арал деңизинин кургашы, андагы кумдун аба менен учуп Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөрдүн бетине түшүүсү, мөңгүнүн эришине таасирин тийгизип жатат. Биз климаттын өзгөрүшүн токтото албайбыз, бирок жайлатышыбыз керек. Жайлаталы десек өндүрүштү азайтуу зарыл, өндүрүш азайса экономика солгундап кайра эле адамзаттын жашоо-шарты оорлойт. Мисалы, күндөн, шамалдан энергия алсак деле ал энергия алчу жабдыктарды жасоодо сөзсүз химиялык зыяндуу заттарды колдонобуз, туурабы? Ошондуктан жаратылышка адамзат аң-сезимдүү мамиле кылганы жакшы.

Марат Чолпонкулов, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы климаттык каржылоо борборунун эксперти: “КЫРГЫЗСТАН ЖАЛГЫЗ ЭМЕС, БҮТҮНДӨЙ ЧӨЛКӨМ КҮРӨШҮШҮ КЕРЕК”

– Климаттын өзгөрүшүнүн эң негизги себеби – адамзат өзүбүз. Жерден казылган газ, мунай, өнөр жай заводдору, баары абага уулуу заттарды бөлүп чыгарууда. Мисалы, биз көмүр казып алып пайдаланабыз, мунун парник газынын чыгышына таасири бар. Кыргызстан жайгашкан жери боюнча кескин континенталдуу, бийик тоолордун эсебинен булуттуу, жаан-чачындын көбөйүүсүнөн бир аз жумшак климаттык шартта жашайбыз. Океандан алыспыз, бирок коңшу өлкөлөрдө чөлдөр бар, анын баары биздин өлкөнүн климатына таасирин тийгизет. Кыргызстан тоолуу шартта жайгашкан, өндүрүш курбай климатты сактап калса болот дегендер бар, бул туура эмес. Биз климат үчүн жалгыз күрөшө албайбыз, ал үчүн бүтүндөй чөлкөм чогуу күрөшүүсү керек. Жер айланып турганда, эч бир өлкө такай бир климатта туруп калбайт, жердин жылышынын эсебинен атмосферасы да өзгөрүүлөргө дуушар болот. Климаттын өзгөрүшүн шарттаган абадагы парник газдары тууралуу айтсам, суу буулары, көмүр кычкыл газы, метан, азот жана башка химиялык уулуу заттар абанын кайсы бир катмарына барып токтоп, кайра жерге түшөт. Космоско кетип калбайт. Мына ошол зыяндуу заттардан парник газына айланган катмар климатты өзгөртөт. Азыркы учурда айыл чарбасындагы жерлерибиз деградация болуп жатат. Жер деградация болгондо ал кумга, чөлгө айланат. Жерди туура пайдалануу зарыл, анткени жердин өзүнөн да парник газдары чыгып турат. Биз бак-дарак тигип, айлананы жашылдандырып гана жанагы парник газдарын баланска салып турабыз. Малдардын да парник газын абага таратууга салымы зор, мисалы, сарайдын терезе, эшигин жылчыксыз жаап койсо уйлар өзүнүн тезегинен чыккан газга ууланып калышы мүмкүн. Үйдөгү муздаткычтын фрионун алмаштырбаса, алар да парник газын чыгарат. Парник газы көзгө көрүнбөйт, жыты да жок, бирок абдан уулуу. Суу тартыш болгондо күн ысык, мөңгүлөр эмнеге эрибейт дейбиз. Жай башталгандан бери Кыргызстанда күн бир жолу гана катуу ысыды, ал эми тоолордо андай ысык жок, салкын бойдон турат. Дагы 10-15 күндөн кийин күн катуу ысыса, мөңгүлөр эрип суу көбөйө баштайт. Азыр бардык өрөөндөгү суулар былтыркы аккан көлөмүнөн 2-3 эсеге аз болуп жатат.

Абдыжапар Аккулов, эколог: “ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН САРАМЖАЛДУУ ПАЙДАЛАНУУ ЖОККО ЭСЕ”

– Учурда өтө масштабдуу климаттык өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул эми табигый нерсе. Мурдагы эраларда, айрыкча мезозой доорунда кыйла жылуу жана нымдуу климат болгон. Кийинки эрада дүйнөнү муз каптаган. Азыр жаңы эра, кайра температура көтөрүлүп жатат. Кургакчылыктын, чөл зоналарынын кеңейип баратканын ариптешүү деп коёт. Климаттын табигый өзгөрүшүн адамзаттын ишмердүүлүгү да тездетип жатат. Жаратылыш ресурстарын ченемсиз керектеп жатабыз. Канчалаган гектар токойлор, жашыл массивдер жок болуп кетти. Токойлор, шалбаалар азайганда ал жерде салкындыкты кармап турчу нерсе жок калат, ысык аба дароо мөңгүлөр зонасына барат. Кар көп жаабай калды, жаан-чачын да аз, эми ушулар менен азыктанган мөңгүлөрдүн саны кыскарат. Жер кыртышынын нымдуулугу төмөндөп кеткенден скважиналарда (жер астынан бургуланган суу) да суунун деңгээли төмөндөп жатат. Суунун башында туруп өзүбүзгө суу жетпей калууда. 90 пайыз суубуз Кыргызстандан агып чыгып кетет. Биз бул маселеге кескин чара көрүп, өкмөттүк программаларды иштеп чыгышыбыз зарыл. Жайыттарыбызды талкалап бүттүк, которуштуруп пайдаланганды билбейбиз, жадакалса чөп катмарында кескин өзгөрүүлөр болуп, чөптүн түрлөрү азайып кетти. Айыл-чарба жерлерине каналдарды куруш керек. Бизде Кудай берген жаратылышыбызды, андагы ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу деген түшүнүк жокко эсе.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан