Илияс Чыңгызбек уулу, блогер: «КЕЛИН ЭЧ НЕРСЕГЕ МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС»

Спортчу, сүрөтчү, блогер... Көп кырдуу талант деп коркпой эле айткыдай жигит. Көпчүлүккө таанымал Илияс Чыңгызбек уулу менен блогерликке чейинки жана андан кийинки жашоосу тууралуу баарлаштык.

“ӨЛКӨ ЧЕМПИОНДУГУНАН 3-ОРУНДУ АЛГАНДА АТАМ АКСАКАЛДАРДАН БАТА АЛЫП БЕРГЕН”

– Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулгам. 1-класстан 3-класска чейин Кербен шаарында Жунай Мавлянов атындагы жатак лицейде билим алдым. Андан кийин өзүбүздүн Кара-Суу айылындагы мектепте окудум. 9-класстан кийин Бишкектеги Семён Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, 4 жыл окудум. Сүрөттү кичинемден жакшы тартчумун. Сынактарга катышып, райондон алдынкы орундарды ээлегем, чымыным бар эле. Ошону байкашканбы, бул окуу жайга ата-энем тапшырткан. Бишкекте да жатаканада жашадым, бизден чоң балдардан таяк жедим, ачка калдым, тамак уурдадым дегендей, айтор, кызыктуу күндөр өттү. Окууну аяктаарда биздин окуу жайга машыгуу залы ачылып калды. Студенттерге бекер болгондуктан күндө барып машыга баштадым. Анан ММА боюнча мелдештерге катышууга өттүм. Окуу жайды аяктагандан кийин машыктыруучум Ошко иштегени кетти. Ал мени Ошко чакырды эле, кетип калдым. Экөөбүз чогуу жашап, машыгып жүрдүм. Мелдештерде байгелүү орундарга илеше баштадым. Биринчи жолу Кыргызстандын чемпиондугунда 3-орунду алганымда айылда дуу кеп болуп, атам мал союп, аксакалдардан бата алып берген.

“АЙТУРГАН ТИГҮҮ ЦЕХИНДЕ, МЕН ТАКСИСТ БОЛУП ИШТЕДИМ”

– Ошто бекер жүргөндөн көрө деп ОшМУнун экономика факультетине тапшырып койдум. Диплом үчүн эле тапшыргам. Негизги максатым – спорт эле. 2016-жылы Кыргызстандын чемпиону болуп, Азия чемпиондугуна катыштым. Кыргызстандан 7 бала барганбыз, арасынан мен гана 1-орунду алгам. Агайдын сүйүнгөнүн айтпаңыз, ата-энем, айылдагылар кубанып ат мингизип, той болуп кеткен (күлүп). Экономика боюнча дипломумду алгандан кийин кайрадан ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетине тапшырып окуп бүттүм.

Спортто көп мелдештерге бардым. Ошентип жүрүп бир күнү карасам, кылган эч нерсем жок экен. Акчам жок, үйлөнөйүн десем сүйлөшкөн кызым жок.

2019-жылы Айтурганды жолуктуруп калдым. Экөөбүз сүйлөшүп баш коштук. Үйлөнгөндөн кийин машыктыруучулук кылып жүрдүм, сүрөт тартып сатып жүрдүм. Айтурган жасалма гүл, токоч жасап сатат, ошентип күндөр өтүп жатты. Башында Ошто жашадык, кийин Бишкекке келдик, Айтурган тигүү цехинде иштеп, мен таксиде иштедим.

2020-жылкы пандемияда эл катары айылга кеткенбиз. Айылга барып видео тарта баштадык. Алгачкы эле тарткан видеобуз жакшы көрүлдү.

“ВИДЕО ТАРТКАНЫБЫЗ ҮЧҮН ТУУГАНДАРЫБЫЗ ЖАМАН КӨРҮШТҮ”

– Башында социалдык тармактар жөнүндө маалыматыбыз жок болчу. Бизге комментарий окуган гана кызык болчу. Тууган-урук, дос-жарларга видео тартканыбыз жакпай, жаман көрүп, каршы болуп, урушуп да жүрүштү. Алардын таасири менен ата-энелерибиз бизди урушту. Бирок эч кимди укпай эле тарта бердик. Биринчи жолу 200 сомго жарнамага буюртма түшкөнү эсимде. Алгачкы кирешебизге семичке алып чаккан болушубуз керек. Ошондон кийин социалдык тармактардан акча тапса болот экен деп ойлонуп калдык. Катталуучубуз көбөйүп, өзүбүзчө жылдыз болуп калдык, маектерге чакыра башташты, Катталуучуларыбыз 2 ай ичинде 100 миңге чыкты. Акча түшө баштады, жашоо-шартыбыз оңолду, социалдык тармактардын арты менен үй, автоунаа алдык.

“ТААСИРЛЕНГЕНДЕ ЫР ЖАЗЫП КАЛАМ”

– Студент кезде колума Байдылда Сарногоевдин ырлар жыйнагы тийип калды. Ага чейин акындык тууралуу маалыматым жок болчу. Окуп көрүп, китепке сүңгүп кирип кеттим, ушунчалык таасир алдым, кайра-кайра окуйм. Ал кишинин дүйнөгө, жашоого болгон көз карашы меникине дал келдиби, айтор, аябай жакты. Окуган сайын ырахат алам. Ошонун таасири болду окшойт, кийин мен да ыр жазып жүрдүм. Окусам жакшыдай көрүнөт. Азыр деле бир нерседен таасир алганда чиймелеп калам.

“ЖАН ДҮЙНӨ МЕНЕН ЫРДАЙМ, ОКШОШОБУ-ЖОКПУ ЭКСПЕРТТЕР АЙТСЫН”

– Мурда комуз менен ырдалган ырларды укчу эмесмин, жакчу эмес. Кичинебизде карындашым комуз ийримине бара баштады. Бир күнү үйдө сабакка даярданып жатты, окшоштура албай жатат. Анан мен алып чертип көрсөм окшошту. Нота менен бир гана ырды үйрөндүм, кийин обонду угуп комузга түшүргөндү өздөштүрүп алдым. Ошентип ырдай баштадым. Ырдаган жагат. Кээде кошуналар милиция чакырганга чейин кыйкырып ырдайбыз (күлүп). Бир ырдаган видеобуз да жакшы тарап, ошондон кийин тойлорго да чакыра башташты. Башында комуз менен ырдап жүрдүк, кийин ыр жаздырып чыга баштадык. Ырдаш үчүн үндүн кереги жок, жан дүйнөдөн чыгышы керек дейт го. Ыр менин жан дүйнөмдөн чыгат, окшошобу-окшошпойбу, аны эксперттер айтсын.

“КӨР ТИРИЛИК КӨӨДӨНДҮ ЖААП САЛАТ ЭКЕН”

– Негизи дүнүйөгө кызыга бербейм, көр тирилик көөдөндү жаап таштайт экен. Убактың тартыш болуп, эркиндигиң чектелип, көп нерсени убагында байкабай, барктабай калат экенсиң. Ошону түшүнсөк деле болбой эле жанталашып иштеп жүрөбүз. Тиричилик түйшүгүнө чейин жан дүйнөм тынч болчу, жашоом ушунчалык өзүмө жакчу, азыр жан дүйнөм тынч эмес.

“БУЛ КЫЗДЫ КАЙДАН ТАПКАНСЫҢ ДЕШЕТ”

– Айтургандай кыз Кыргызстанда жок деп ойлойм. Көпчүлүк мени “подкаблучник” дешет. Катынды башынан кармаш керек” деп кеңеш бергендер толтура. Келин мындай болбойт, сен бул кызды кайдан таап алдың? Биздин урукта мындай келин болгон эмес дегендер бар. Биздин коомдо келин баш көтөрбөй иштеши керек, каяша кайтарбашы кажет, элдин көзүнчө эркелебеши шарт, адам катары мүмкүнчүлүгү аз болуш керек, кыскасы, индивид болбошу керек деген түшүнүк да. Адам эркин болушу керек деп ойлойм. Келин деген сөздү колдонуудан алып салгым келет. Жашоодо баалаганым – эркиндик жана ден соолук. Адамдан ушул 2 нерсенин бирин алып койсоң, толук кандуу адам болбой калат да. Бири-бирибиздин эркиндигибизди чектей бербешибиз керек, келин эч нерсеге милдеттүү эмес.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан