Энергиясы, шаңдуу ырлары, бийи менен концерт-кечелерге көрк кошуп, бийлебеген адамды бийлетчү Айтурган Эрмекова шоу-бизнестеги кесиптештери узаткан суроолорго жооп берди. Ким кандай суроо узатты, Айтурган ага кандай жооп берди кызыкпы, анда көз чаптырыңыз.
Икрам Юлдашев, шоумен:
– Биринчи жолу өз атыңды укканда жакты беле?
– Атым жаккан эмес дей албайм. Бирок эмнеге мындай ат койдуңар эле деген суроо болгон. Апам актриса Айтурган Темированы кумир туткан экен. Ошол инсандай атактуу болсун, кыргызга кызмат кылган элдин кызы болсун деген ниет менен атымды Айтурган коюптур. Ошол ниеттер ишке ашып, аз болсо да эл кызматында жүрөбүз.
– Жалгыз калганда эмнелерди ойлоносуң?
– 30дан аштым да. Үй-бүлөмө, бала-чакама дагы эмнелерди кылсам деген ойлор болот. Кыргызстан өнүксө деп да ойлоном. Ой-максаттарым ишке ашса экен, ден соолугубуз чың, заманыбыз тынч болсо экен дейм. Максаттарымды пландайм. Элге жугумдуу, жагымдуу болгон кандай жаңы ырларды жаздырсам экен, кантип өзгөчөлөнүп чыксам экен деп ойлоном. Аман Ибраев, тамада:
– Айтурган, түштүктү түрө кыдырып, жакшылыктарда кызмат кыласың. Бир күндө эң көп канча тойго жетишкенсиң?
– 11 тойго жетишкем. Ал күнү 1 тойго Алай жергесине баргам, 10 той Ош шаарында болгон.
– Жапжаш туруп эле “Кыз-Бурак” тобунан эмне үчүн кетип калгансың? Мен билгенден “Кыз-Бурактан” кыздар такшалып чыгышат.
– Ооба “Кыз-Бурактан” кыздар такшалып чыгышат. Мен топко 8-классымда 5 жылдык келишим менен киргем. Гүлшайыр Садыбакасова, Кенже Дүйшеева эжелердин тарбиясын алдым, топто 5 жыл ырдадым. Турмушка чыккандан кийин да 2 жыл келишим түзүп топто ырдап жүрдүм. Айтор, такшалып эле чыктым. Ошондуктан азыркы учурда кайда жүрбөйүн “Гүлшайыр Садыбакасованын тарбиясын алган, күчтүү кыз” деген мактоолорду угам. Бул нерсе мени сыймыктантат.Эмил Токтошев, вайнер:
– Хейтерлер жашооңдогу, сендеги эмнени өзгөрттү?
– Алдыга гана жылуу керектигин үйрөттү. Менин хейтерлерим көп эмес. Баары жөнөкөйлүгүмдү, болгон турпатымды баалашат. Мен деле идеалдуу эмесмин, кемчиликтер болот. Кемчилигимди айтышса, өздөрүнө жараша сылык түрдө жооп берип коём. Аша чапкан хейтерлерим жок.
– Бактияр Токторов байкенин ырларын ырдап жүрөсүң, ал ырларды андан мыкты аткара алдым деп ойлойсуңбу?
– Жок, менден улуу ырчыларды сыйлайм. Бактияр Токторов агабыз легенда. Легенда болуш үчүн бизге өтө көп бар. Андан мыкты аткардым дей албайм. Учурдан пайдаланып Бактияр акеге чоң рахматымды айтам. “Той тамаша” ырын өзү сунуштап белек кылып берген. Көп ырларын ырдай бер деп азыркыга чейин айтат. Жогоруда айткандай, экөөбүздүн окшоштугубуз көп. Бул адамды өтө баалайм. Андан өтүп кеттим, аткаруу чеберчилигим мыкты болуп кетти деп айта албайм. Буюрса, ушул инсандай легенда болоюн деген максатым бар.Бактияр Токторов, ырчы:
– Жашоодогу баалуулуктарың эмнелер?
– Үй-бүлөм, жакындарымдын амандыгы, жанымда болгондугу, ден соолугубуздун чыңдыгы, үндү угуп, айлананы көрүп жаткандыгыбыз, басып жүргөндүгүбүз чоң баалуулук.
– Экөөбүздү окшоштургандар бар экен, эмнебиз менен окшошпуз деп ойлойсуң?
– Чынында, мага да ушинтип көп айтышат. Демек, Бактияр акеге да айтышат экен да. Сахнаны болобу, тойду болобу кызыта алганыбыз деп ачык эле мактана кетейин. Бактияр аке деле тойго барса кызытат. Өтө эмоционалдуу ырдайбыз. Эмоция менен ырдап, бийлеп, бакырып жиберебиз. Аткаруучулук чеберчилигибиз, ырлардын тематикасы, музыкага болгон стилибиз окшош.Айпери Кулбаева, ырчы:
– Кайрадан жаралуу мүмкүнчүлүгүң болсо, кандай адам болмоксуң жана кайсы кесипти тандамаксың?
– Кайра эле ушул кесипти тандамакмын. Эч качан артка карап өкүнгөн адам эмесмин. Башка кесипти аркалаганымды такыр элестете албайм.
– Жетпей калган кыялың, өкүнүчүң тууралуу айтып берчи.
– Баарына жетип келатам. Кыялдарың орундалганда, андан башка чоңураак кыялдар пайда боло берет экен. Дагы да максаттарым, кыялдарым бар.
Перизат Музуратбекова