КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бөлөм мени ушинтип сооротту. Ошолордун үйүндө калмай болдум. Телефонумду өчүрдүм. Телефонду өчүрсөм эле мени эч ким таппай калат деп ойлосом керек. Андай болгон жок. Мени баары тез эле таап алды. Эки күндөн кийин Тилек кирип келди. Андан эки күн өтпөй аны жетелеп кайнагам келди. Тилек менен сүйлөшпөй койгом. Кайнагама анте албадым... Тилек экөөбүз никеге туруп каттоодон өткөн күнү ошол киши үйүнө туугандарды чакырып тойчук өткөрүп, менин кулагыма сөйкө тактырып, башыма ак жоолук салдырып, жүгүнтүп үйүнө алып кирген. Анан тойдон кийин кайненемден аябай тил уккан. «Мени эч ким коргободу» деп жалган айтыптырмын. Кайнагам мени колунан келишинче коргоду. Тилектин үй-бүлөсүндөгү адамдардын ичинен менден «курсагың токпу? Кийимиң бүтүнбү? Жардам керекпи?» деп бир ошол киши сурады. Мен кайнагама жүгүнгөндөн башка алгылыктуу деле ыракмат айта албадым. Ал киши деле болгон ыракматым ошол экенин билгендей, «кой, кызым, эми мындан ары жүгүнбөй эле кой» деген жок. Жүгүнүп койсом барбалаңдап кубанып алкап кирет. Тост айтып жаткансып алкайт... Ошол киши артымдан издеп келди. Менин алдымда Тилекти урушту. Ал эмне кылганын, эмне болгонун деле түшүнбөй жалдырап турду. Анан мени урушту. Жаш экенибизди, баары алдыда экенин, буюрса, дагы балалуу болорубузду айтты. Мен ушул сөзгө келгенде өңгүрөп ыйлап жибердим. Кайнагам алдастап калды. Бөлөм да шашып кетти. Ал боюмдан түшкөнүн уга элек болчу. Мен Тилектен биротоло кеткенимди ошол күнү эч кимге түшүндүрө албай койдум. Такыр түшүндүрө албай койдум. Айлам кетип «ойлонуп көрөйүн, убакыт бериңиз» деп сурандым. Бөлөм эжелик кылып «азыр жибербейм, бир аз өзүнө келсин, алаксысын, анан келгиле» дегенге жарады. Ошого сүйүнүп кеттим. Кайнагам «мейли, калсын, бир аз эс алсын, боюнан түшкөндөн бери жүдөп калды» деди. Баары мага ойлонууга уруксат берди. Мен баарын ойлонуп бүткөндөн кийин гана баары мага «ойлон» деп уруксат берди. Кайнагамдын суранычы менен телефонду жандырдым. Көп өтпөй баары чала баштады. Абысындарым, кайнежелерим чала баштады. Кайнежелерим бир туруп «сен кетсең биз коркуп кетет дейсиңби? Биз сүйүнөбүз» дейт. Бир туруп «таш ыргытсаң кыздын башына тийет, Тилекти эртең эле сонун кызга үйлөнтүп коёбуз» дейт. Бир туруп «ырысын көтөрө албаган, багын тепкен акмак, сөйрүк, сөйрүңдөбөй үйүңө барып тиричилигиңди кыл!» дейт. Айтор, менин ырысымды көтөрө албай, менин багыма тепкен чоң эле аялдар ушинтип ызылдай берди, ызылдай берди. Телефонду албай коём, албасам деле тынбай чала берет же биринин артына бири СМС жазат. Акыры алар «өлсөң да апаңдын колуна барып өл! Кет Москвадан. Тилекке тоскоол болбо, Тилек сенин айыңдан жүдөп кетти» дей баштады. Чоң эле кишилер мени үйгө, Тилекке ушинтип кайтарганга аракет кылды. Же «кет» дегени түшүнүксүз, же «кел» дегени түшүнүксүз. Мага ошонун баары «биз ушинтип сени кордой беребиз, а сен чыдап жашай бересиң» дегендей эле туюлду. Адегенде башка жумушка кирдим. Анан башка батирге көчтүм. Анан акырында телефон номурумду алмаштырдым да, бир түндө Москвага сиңип, житип кеттим. Эч кимге таптырбай койдум. Мен ошол бойдон табыла элекмин...

ххх

Деңизден салам, эже! Жашоомдо деңиз пайда болду. Бир туруп Жер менен кармашкансып, албууттанган, бир туруп Жер менен сырдашкансып мелтиреген деңиз пайда болду. Азырынча көргөнүм, билгеним, укканым деңиз эле. Калганы баары баягыдай, өзгөрүүсүз... Ошол эле Фейсбук, ошол эле каттар, ошол эле Сактан, Тумар, Салкындардын барактарын аңдымай... Кыскасы, Москванын, Москвадагы жашоомдун жарымын бул жакка сүйрөй келиптирмин. Көп нерсени талдап, таразалап бүтө элекмин. Мезгил деле «талдап, таразалап, план түзүп ал» деп мага мүмкүндүк берген жок. Жаңы жашоо баштадым. Тил үйрөнүп, тааныш күтүп, иш издеп, иш сурап, жаңы жашоону эски эрежелер менен баштадым. Бардык жаңы жашоо эски эрежелер менен эле башталат турбайбы?

– Ошон үчүн дүйнөнү «байыркы, эски» десе керек. Бул дүйнөдө жаңы эреже жок окшойт. Жаңы жашоо да... Деңизге менден салам айт.

Дагы эле баягы жашоо уланат дегиңиз келип жатабы?

– Уланган үчүн сен иш издеп деңиздин жээгинде отурасың. Мен Кудайдан жөө качкандардын тагдырын которуп отурам. Болбосо, экөөбүздүн тең дипломубуз бар, акын болом деген килейген максатыбыз бар. Кана, жыйынтык?..

Эски жашоо уланса, мейли... Эски сүйүүм кайталанбаса болду.

– Не, дагы жаңы сүйүү-блокнот ачасыңбы?

Жок! Сулкуйтуп блокнот көтөрүп мамлекеттен мамлекетке каттаган оор экен. Мен ташка жазганды үйрөнөйүн деп жатам.

– Кой, ташка жазба, өчпөй кыйнайт...

 

(Аягы)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан