КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башталышы)

– Кобра келиптир, сени келсин дейт,- деди Кайрат телефондон бирөө менен сүйлөшүп бүтүп.

– Самат отурган жерге барамынбы?

– Ооба, ошол жер офис. Кампадан чыгып, бир сыйра кийимдеримди күбүнүп алып офисине кирсем Самат жок экен, бир периштедей кыз компьютер тиктеп отуруптур. Мени башымдан ылдый бир карап алып, “отур” деп көзү менен тушундагы отургучту көрсөтүп коюп, кайра компьютерине үңүлдү. Жашы жыйырма бештерде го дейм. Өтө эле сулуу экен, мындай аялды көргөндө ар бир эркектин жүрөгү бир зырп этет, сөзсүз бурулуп артынан карайт, кийин да көпкө чейин эсинде калат. Ак жуумал келген, кашы-көзү капкара, бетинде калы бар экен, эми ушунчалык жарашат өзүнө. Бою да узун окшойт. Туура кийингенди да билет экен, үстүндө кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн кыска чыптама, тизесине жетип-жетпеген кара юбка, бутунда кымбат баалуу булгаарыдан тигилген кончтуу кара туфли. Тигиле тиктеп калсам мени бир карап коюп, бирөөлөрдүн минтип караганына көнүп бүткөнбү, көңүл кош компьютерден бир нерселерди карап жатты. Улам-улам жүзүнө түшүп кеткен чачын сөөмөйү менен кулагынын артына өткөрүп коюп алдындагы кагазга карандаш менен бир нерселерди эле белгилеп да жатты. Көздөрү бир башкача күйүп турат экен. Кудайдын бул кызды жаратып жатканда маанайы жакшы болгонбу, абдан берилип жасаган окшойт, өң-келбетинен эч бир кынтык таппайсың. Өз аты Асел, бирок биз Кобра дейбиз деп Кайрат аябай жамандаган эле бул кызды. Кайрат өзү жаман көрөт окшойт да, мындай чүрөк кантип эле жаман болсун дедим ичимден. Аты да ширин, Асел экен, атына заты жарашкан деп ушундайларды айтса керек. Бир маалда Асел ордунан туруп артындагы шкафтан бир папканы алып кайра отурду, бою узун экен. Эх, чүрөк тим эле. Периште. Он мүнөттөй компьютерин чукулап, акыры жумушу бүттү окшойт. Папканы ордуна коюп, мага бурулду. Мени адам катары деле санабады, абдан кайдыгер карады. Өзүнө абдан ишенген көз караш. Эмнегедир арданып кеттим, жашы мени менен эле тең болсо керек. Бирок кайда барат элем дагы иш издеп, азырынча чыдап турайын, анан дагы көрө жатарбыз.

– Регистрацияң тазабы?- тим эле чекчеңдеп, сенсиреп сүйлөйт экен.

– Таза.

– Жакшы, менттер менен “проблема” болбосо болду. Самат түшүндүрдүм деди, мен да айтып коёюн. Жашаган жериң, тамагың бизден болот, айлыгың азырынча отуз беш миң. Эгер жакшы иштесең айлыгыңа дагы беш миң кошом. Жакшы иштесең иштей бересиң, эгер бир аз эле кыйшаңдасаң кетесиң.

– Ооба, Самат түшүндүрдү.

– Каерденсиң?

– Аксыдан, Жалал-Абад...

– Аа, макул, бара бер.

Эшикти ачып жатып бурулдум:

– Айылда электрик болуп иштегем, жакшы билем бул ишти, эгер ушундай иштер болсо айта бергиле.

Асел негедир мени бир башкача, бир нерсени эстегендей, ошол эле маалда мени сынагандай түр менен карап калды да, көзүнө карап калсам дароо көзүн ала качып:

– Макул, азыр тиги жумушта иштеп тур, керек болсоң айтам,- деп кайрадан алдындагы мониторго үңүлдү.

Офистен сыртка чыгып, имаратты айланып, Асел отурган бөлмөнүн терезесинин түбүнөн өтүп баратып терезени карасам телефонун кулагына такап мени карап турган экен, тиктеп калганымды көрүп дароо ары басып кетти. Менде бир жагымдуу сезим пайда болду. Мени жактырып калды бекен? Болбосо эмнеге минтип узата карайт эле? Кампага кайтып барсам Кайрат дем алып отуруптур:

– Анан Кобраны сүйүп калдың?- деп күлдү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан