“Аккан арыктан суу агат” дейт, маектешим айтылуу Баяман Эркинбаев менен учурда парламент депутаты Чолпон Султанбекованын уулу Адилет Баяман уулу. Ата жолун улап, атасы түптөгөн дүйнөлүк Алыш федерациясын жетектеп келе жатат. Белгилүү адамдан калган туяктын максаты, кызыгуулары, жашоо образы кандай?
Туулган жылы – 1993-жыл
Билими – жогорку, юрист
Үй-бүлөлүк абалы – 3 баланын атасы
Учурда – Алыш федерациясынын жетекчиси, ишкер– Атаң Баяман Эркинбаев маектеринин биринде “уулум Олимпиада чемпиону болот” деген экен, спортчу катары карьера кургуң келген жокпу?
– Атам каза болгондо 13 гана жашта элем. Иним, карындашыма караганда мени жанында көп алып жүрдү. Алыш күрөшү боюнча Азиядагы беттештерге такай ээрчитип алчу. Мен эркин күрөш боюнча 2008-жылдары Өлкө чемпиону болууга жетишкем. Бирок чоңойгондо спортко кызыгуум жоголуп кетти. Кыргызда атактуу адамды көрсө ырымдап “баламдын оозуна түкүрүп койчу, сендей адам болсун” деп коюшат эмеспи, бир жолу Ошко атактуу Олимпиада чемпиону Юрий Мельниченко атамдын чакыруусу менен келип конок болуп калышты. Ошондо атам “баламдын оозуна түкүрүп койчу, сендей Олимпиада чемпиону болсун” десе, мен каршы болуп тиги чемпионду сөгүп туруп качып кеткен элем. Балким, ошол үчүн да Олимпиада чемпиону болбой калгандырмын (күлүп). Баары Кудайдын буйругу экен, өзүм спорт залда күрөшпөсөм да азыр спортчуларга колдоо көрсөтүп, алыш спортун жайылтып “стол үстүндө” күрөшүп жатабыз.
– Студент кезиңден бери Москвада алыш күрөшү боюнча беттештерди өткөрүп жүрөсүң. Бул спорт түрү өзүңө жагабы же атаңдан калган аманатты татыктуу алып жүрүү милдети ганабы?
– Атам баштаган ишти орто жолго таштабай улантып кетүү. Бекеринен мырзалар эркек балалуу болгусу келбесе керек, уул – атанын туягы, учугун улантуучусу да. Атамдын ысымын өчүрбөй “Баямандын баласы атасынын ишин татыктуу улантып жатат” деген кептер мага шык берет. Биринчи жолу алыш күрөшү боюнча беттешти 2011-жылы студент кезимде Москвада иштеген кыргыз мигранттары арасында уюштургам. Кийин аталган күрөш боюнча Азия, Европа, Дүйнө чемпиондуктарын өткөрдүк. Максатыбыз – алыш күрөшүн Олимпиадалык спорт түрүнө киргизүү. 2016-жылы Сербияда олимпиадалык күрөш түрлөрү менен катар алыш күрөшү боюнча да Европа чемпиондугу өткөн, бул мыкты көрсөткүч. Өзгөчө Европада кыздар арасында бул күрөшкө кызыгуу күч. 2016-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 145 өлкөдөн спортчулар келди. Дүйнөнүн 48 өлкөсүндө алыш күрөшү боюнча федерациялар бар. Биздин миссия – алыш күрөшүн дүйнөгө жайылтуу.– Саясатчылардын, элге белгилүү адамдардын баласы болуунун жоопкерчилиги оорбу?
– Атам менен апам мени туура тарбиялашты. Ооба, кээде ата-энеме сөз тийбесин деп эки эсе жоопкерчиликтүү болушуң керек. Бирок бул милдетти оор деп айтпайт элем, мен үчүн нормалдуу көрүнүш. Такай сөзүңдү, жүрүм-турумуңду көзөмөлдөп турасың, түздөнүп жүрөсүң.
– Атаңызды ээрчип жүргөндөн башка дагы бала кездеги эмнелерди көп эстейсиз?
– Биз бала кезде сайыл күрөш деген оюн бар болчу. Жыгачтын таарындысын төгүп алып, ошонун үстүндө күрөшөр эле. Ошто, Кара-Сууда жума сайын сайыл күрөш мелдеши өтчү, атам андайды калтырбайт, дайыма мени ээрчитип алчу. Бир жолу күрөшүп 7-8 баланы утуп алдым. Андайда жеңүүчүгө чака карматып ошол жердеги көрүүчүлөрдү аралатат, алар чакага акча салышат. Мен да ошентип бир топ акча чогулттум. Баламын да, дароо четке чыгып чакадагы акчаны санап кирдим. Атамды тиктесем маанайы суз. Унаага отурганда “сен эмне акча үчүн күрөшөсүңбү? Намыс үчүн күрөш, эмнеге элдин көзүнчө акча санап мени уят кыласың” деп мени аябай тилдеген. Ошондон кийин акча санагыс болгом. Бир жолу Ошто досум бирөө менен мушташып, жеңилип баратканда мен кошулуп, экөөлөп тиги баланы таяктап салдык. Кайдан-жайдан билбейм, бирок ал жоругубуз атама жетиптир. Кечинде тамак ичип бүткөндөн кийин “досуң экөөлөп бир баланы тепкилепсиңер, ошол эркекчиликке жатабы?” деп аябай урушкан. Атам “эркектик сыпаттан тайба” деп көп айтар эле. Жеңилирээк ката кетирсем тамашага салып чымчылап коёр эле, бирок кемчилигимди тамашалап айтса да кийин аны такыр кайталачу эмесмин. – Эркек бала атасынын көзү өткөндөн кийин апасынан “турмушка чыгасызбы?” деп сурап коюшу милдет экен, сен сурап көрдүң беле?
– Адашпасам, 9-10-класстарда окусам керек эле. Мен да ушул боюнча китептерден окугам, аял кишинин күйөөсүнүн көзү өткөндөн 4 ай 10 күндөн кийин кайра турмушка чыгууга акысы бар экен. Мен да бир жолу “апа, сизге жаккан адам болсо турмушка чыга бериңиз, биз каршы болбойбуз” дегем. Апам күлүп “эми атаңа окшош бирөөнү Кудай маңдайыма жазса көрө жатармын” деп койгон.
– “Атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн” деген кеп бар, атаңдын достору менен катышып турасыңбы? Алардын мамилеси мурункудай эле калдыбы?
– Аяш аталарымдын баары менен эле катышам, ал-абал сурашып турабыз. Атамдын Малик Осмонов деген машыктыруучусу бар, аны менен жакшыбыз. Алманбет Шыкмаматов, Алиярбек Абжалиев аяш аталарым менен да катышып турабыз. Аяш аталарым “сени көргөндө Баяман тирилип келгендей эле сезилет, сакалың эле айырмалап турат” деп калышат. Атамды атып кетишкенде мен интернатта окучумун, ошол күнү тентектик кылганбыз, түндө уктап жатсам тургузушту. Ичимден “ии, баягы тентектигим үчүн эми жазалайт окшойт” деп ойлогом. Балконго чыксам Алиярбек Абжалиев аяш атам “кийимдериңди сумкаңа салып эшикке чык, үйүңө барабыз” деп калды. Таң калдым. Унаага отурганда “баары жакшы элеби” десем, “баары тынч, уулум” деп койду. Барсак үйүбүздүн алдында милициянын, “Тез жардам” кызматынын унаалары туруптур, подъезддин баары кан, ошондо эле сездим. Үйгө кирсем апам ыйлап отуруптур, атамды ооруканага алып кетишкен экен.
– Атаңды атып кеткендер белгисиз бойдон калышты окшойт?
– Аткаруучулар табылды. Атамдын жанында жүргөн 2 адам кармалган, бирок экөө тең түрмөгө камалары менен каза болуп калышты. Көздөрүн тазалашты окшойт буйрук бергендер. Өч алып, кек сактап артынан түшкөн жокпуз. Азыр ал адамдардын жашоосу жакшы эмес, көбүнүн көзү өтүп кетти, калгандарын Кудай бул дүйнөдө эле жазалап койду.
– Атадан кем уул, тең уул жана артык уул деп айтылат эмеспи, өзүңдү кайсынысына кошосуң?
– 3 жолу Олимпиада чемпиону болгон Бувайсар Сайтиев деген спортчу бар, атасыз өскөн. Ошондон журналисттер “сиз азыр эмнеге муктажсыз?” деп сурашканда, ал “атам тирүү болсо жанына барып, ата мен басып өткөн жолду карап бир баа бербейсизби?” деп айтат элем дептир. Мен да ошентип сурамакмын. “Менин жасап жаткан ишимди кубаттайсызбы, катачылыгым болдубу, азыр туура багытта баратамбы, туура жашап жатамбы, сиз ыраазысызбы?” деп сурамакмын. Атанын баасынан өткөн артык нерсе жок болуш керек. Кээде МАИ кызматкерлери токтотуп “Баяман байкенин баласысыңбы, кете бер” деп кайра коё берип коюшат. “Жакшы атанын баласы” дешсе аябай сүйүнөм.
Лунара Бекиева