Данияр Эрматов, ырчы: «ЖУБАЙЫМ МААНАЙЫМДЫ БАТ ЭЛЕ КӨТӨРҮП КОЁТ»

Аялзат – жашообуздун маңызы, өзөгү. Ал сени жарык дүйнөгө алып келген асыл апаң, кайгырсаң кошо кайгырган бир бооруң, эжең, карындашың, жеңилиңди жерден, ооруңду колдон алган жубайың, сени ата бактысына ээ кылган кызың. Апта каарманыбыз, ырчы Данияр Эрматов жашоосундагы асылзат аялзаттары тууралуу кеп курат.

“АПАМ БИЗДИ КАРАЙМ ДЕП КӨП ТҮЙШҮК ТАРТТЫ”

– Жашоомдогу эң кымбат аялзаты – апам. Апамды ыраазы кылууга дайым аракет кылам. Мага ушундай тарбия бергени, ушул деңгээлге жеткиргени үчүн ыраазымын. Каякка барсам да, тойгобу, концерткеби, айтор жакшылыктарда кызмат кылганда сени өстүргөн атаңа, апаңа рахмат дешет. Сыймыктанып калам андайда. Апам жаман жолдо жүрсөм, калп сүйлөсөм капа болушу мүмкүн, ошого түз жүргөнгө аракет кылам. Көп учурда бат-баттан телефон чалып сүйлөшө албай калам. Себеби бир күнү Ошто, бир күнү Бишкекте болуп калам, аны туура түшүнөт. Ата-энемди биринчи орунга коём, ошондуктан да азыр көбүнчө айылда болом.

Апам көп учурда тарс-тарс бетке айтып коёт, мен да ошондоймун. Апам мени эч качан урган эмес, апам уруп... дегендерди угуп таң калчумун. Бир аз үнүн бийик чыгарып сүйлөсө эле мага ошол жетчү. Атам менен апам балдарды эч нерседен кем кылбайлы деп аракет кылышты, 1-сентябрга кийим кылганда апам өзүнө бир байпак албай туруп бизге кийим алып берчү. Бала кезде аябай тентек болчумун, мектепке кийген ак көйнөктү күндө булгап келчүмүн, күндө мушташчумун. Анан апам баарыбыздын кир-когубуздун чогултуп, үйүлгөн кирлерди жууп отурган күндөрү көзүмө элестейт. Ал кезде кир жууган машине да жок эле. Апам бизди багам деп көп түйшүк тартты, жаштыгы, мээнети кетти дегендей. Азыр кичине ооруп-сыркоолоп калса да бизди багам деп жүрүп ошондой болду деп билем. Жакшы көрөм, өзүнө бул сөздү көп айта албасам да, жакшы көргөнүмдү кызмат менен көрсөтөм. Ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем, мени ушул деңгээлге жеткиргениңиздерге чоң рахмат.

“ЭЖЕМ – ЭКИНЧИ АПАМ”

– Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, 3 уул, 2 2 кыз. Аларга арнап “Бир туугандарым” деген ырды жазгам. Сөзү, обону өзүмө таандык, клибин бир туугандарымды ар кайсы мамлекеттен чакырып келип тартканбыз. Эң улуубуз Миргүл эжем. Аны аябай жакшы көрөм, сыйлайм. Үй-бүлөлүү, Баатыр эне, 5 кыздан кийин эгиз уулдуу болушту. Эжем – экинчи апам болуп калган. Ал да бизди караган, болушунча тарбия берген, эжемдин таягын да көп жегем (күлүп).

Үйүбүздүн жанында суу каналы бар эле, жайында ошого чөмүлчүбүз. Эжем бизди уктагыла деп түштө 2 саатка үйгө камап койчу. Андайда сааттын секундунан бери санап уктабай жата берчүмүн. Терезеден балдардын сууга чөмүлүп, жыргап ойноп жатканы угулат, аны угуп менин ойногум келет. Кийинчерээк анан акырын терезеден чыгып сууга түшүп, билдирбей кайра келип уйкудан турган киши болуп койчу болгом. Аны бир күнү байкап калып, таяк жегеним эсимде (күлүп).

Азыр эжем мага апамдай эле күйөт, камкор, дайыма колдоп турат. Эжемди капа кылып албадымбы деп турам, анын ар бир көз карашы мен үчүн маанилүү.

“КОЛ КҮРӨШТӨН КАРЫНДАШЫМДАН ЖЕҢИЛИП КАЛЧУМУН”

– Карындашым үй-бүлөлүү, үч баласы бар. Карындашыма караганда мен эркерээкмин. Ал токтоо, мага караганда ата-энемден 10-15 эсе көп кабар алат. Карындашым менен да кеңешип турам, көп учурда ал мени аяп, барктап турат.

Менден 2 жашка кичүү, тең өстүк. Ошого көп урушуп-талашчубуз, кол күрөшкөндө мен классымдагы балдардын баарын жеңчүмүн, бирок келип туруп карындашымдан жеңилип калчумун (күлүп). Бир нерсени, баштыктарды көтөргөндө менден да көбүрөөк көтөрөт болчу. Бою да менден узун эле, азыр деле узун. Кичинекей кезибизде кээде мени уруп коёт эле (күлүп). Эми эркек болгон үчүн карындашымды сыйлап койчумун да, чынында, көп урушчубуз. Көрсө, ошол кездин баары бактылуу, эң кымбат учур экен. Азыр ал учурга бара албайсың, андай ойной да албайсың. Ал күндөрдү сагынам.

Кийин Бишкекке келгенде карындашым салондо, мен кафеде музыкант болуп иштеп калдык. Күндө түнкү саат 2-3төрдө келип, карындашымдын бөлмөсүнө кирип, башына 200-500 сом, бир шоколад коюп койчумун. Чоңойгон сайын барктап, кымбат көрүп, сыйлап калат экенсиң. Эмне үйрөнсөм карындашыма кошо үйрөтчүмүн.

“ЖУБАЙЫМ АТА-ЭНЕМДИ СЫЙЛАГАН САЙЫН АГА БОЛГОН СҮЙҮҮМ КҮЧӨЙТ”

– Жубайым менен таанышкандан 2 айдан кийин эле баш кошконбуз, бирге түтүн булатып келатканыбызга 3 жылдан ашып калды. Башында 2 жылдай кыз-жигиттей эле жашап жүрдүк. Бир көргөндө эле жаккан, дароо эле баш кошуу чечимин кабыл алып, элге жарыялагам. Кудайга шүгүр, ата-энемди, бир туугандарымдын баарын сыйлайт, ошол мага чоң бакыт, ошого ыраазы болом. Ата-энемди канчалык сыйласа менин ага болгон сүйүүм ошончолук күчөйт. Бул чындык, өзүмдөн байкап жүрөм. Албетте, үй-бүлөдө казан-аяк кагышат, кызганычтар болуп кетет дегендей. Бул эми жубайымдын мени сүйгөндүгүнөн деп ойлойм. Туура түшүнөм, анткени мен жүргөн жерде кыздар көп болот. Жакшы сапаттары көп, мени сыйлап турат, дайым тамагы даяр. "Өзгөрбө, башында кандай болсок, ошол бойдон калалы" дейм. Ачык сүйлөгөндү жакшы көрөт, ошол жагынан окшошпуз, баарын бетке айтабыз. Куудул, күлдүрүп сүйлөйт. Досторум менен отурганда да бир нерселерди айтып күлдүрө берет, акырын болду эми деп түртүп-түртүп коём (күлүп). Кээде маанайы жок үйгө барып калсам куудулданып жатып эле маанайымды көтөрүп коёт, ошол сапатын баса белгилегим келет.

“АТАНЫН КЫЗДАРГА БОЛГОН СЕЗИМИ ТАКЫР БАШКАЧА БОЛОТ ЭКЕН”

– Эки кызым бар, улуусу 2 жарым жашар, экинчиси 1ге чыгайын деп калды. Алгач жубайымтөрөдү дегенди укканда эле башкача толкундангам. Апамдарга чалып алып, кыздуу болдум деп айта албай уялып, неберелүү болдуңуздар деп айтканым эсимде. Ал күнү көзгө жаш келген, чынында. Колума алганда да бул менин кызым да, менин каным да деп ишенип-ишенбей бир башкача болгом, азыр кыздарымды каным деп эркелетем.

Атанын кыздарга болгон сезими такыр башкача экен. Кыздарым да мага жакын, улуусу бир жакка жөнөсөм ээрчип ыйлайт. Үйгө барсам сүйүнүп тосуп алат. Келинчегим мен жумушка жөнөп жатканда улуу кызымдын машинемдин үнүн угуп чуркап ыйлаганын видеого тартып алыптыр. Видеону көргөзсө көзүмө жаш келди, мени ушунчалык жакшы көргөн инсандар бар экенине сыймыктандым. Албетте, кыз кишинин барар жери күйөө дейт, бирок азыр эле элестетсем денем титиреп, ыйлагым келип кетет. Ошол күнгө Кудайым жеткирсин, ыйлайм го (күлүп). Менин кыздарыма болгон сезимдеримди сөз менен жеткирип айта албайм. Чексиз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан