Темир Дамирбеков, ырчы: “МЫНДАЙ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЖЕТЕМ ДЕП ОЙЛОЧУ ЭМЕСМИН”

“Ким сени мынча алдаган?”, “Жүрөгүңдү ач” деген хит ырлардын аткаруучусу Темир Дамирбеков маек төрүбүздө. Ырчы алдыда боло турган концерти, багындырчу бийиктиктери, элге үлгү болуу үчүн жасаган аракеттери тууралуу айтып берди.

– Темир, салам! Кандай жаңылыктар менен келдиңиз?

– Саламатсыздарбы? Жаңы 2 чыгарма жаздык, Кудай буюрса, жакынкы күндөрү жарык көрөт. Мындан тышкары, быйыл күзүндө тушоо кесүү концертимди берип, элдин батасын алайын деп турам. Мындан 3 жыл мурун, 2020-жылы 6-март күнү концерт бермекпиз, 5-март күнү пандемиянын айынан өкмөттөн “маданий-массалык иш-чаралар токтотулсун” деген токтом чыккан. Ошого байланыштуу концертибизге 1 күн калганда токтотулган. Билеттер сатылып кеткен болчу, айла жок, мыйзамга баш ийбесе болбойт да. Эми быйыл күзгө пландап жатабыз. Концертте кандай өзгөчөлүктөр болот, ал сюрприз болсун. Ар бир ырчы концерт бергенде күйөрмандарым эс алып кетсе экен, адаттан тыш концерт уюштурайын деп аракеттенет. Кудай буюрса, өзгөчөлүктөрдү концерттен көрө аласыздар.

– Канча ырыңыз бар?

– Эсептеген эмесмин. 20га жакын ырым бар болуш керек.

– Буга чейинки маегиңизде бизнес долбоор даярдап жатам, ишкер болом деген элеңиз. Башталдыбы ал бизнес?

– Ал бизнесим ишке ашпай калды. Бизнести быйылкы жылдан баштайлы деп бекем ниет кылып турабыз. Буга чейин майда-чүйдө бизнестерим бар болчу, алардын баарын саттым. “Отузунда орок орбогон, кыркында кылыч чаба албайт” дейт го. Андыктан жаш кезде, кыркка чейин көп иштеп, өзүбүздү гана ойлой бербей, элди жумуш менен камсыздасак, келчекте элге пайдасы тийген чоң бизнесмен болсом деген кыялым бар.

– “Ким сени мынча алдаган?” деген ырыңыз бир дүркүрөп барып, кийин ордун башка хиттерге бошотуп берди. Кайрадан ошондой хит жаратсам дейсизби же бул жагы жетеби?

– Бул башталышы да. Адамзаттын эң чоң кемчилиги “болду, жетет” деп отуруп калганы экен. Ар бир ийгиликти башталыш деп эсептейм. “Ким сени мынча алдаган?” жакшы чыгармалардын бири болду. Мени айрымдар ушул ыр аркылуу таанышты. Чыгармачылыкка аралашканыма 8 жыл болуптур, быйыл “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алдым. Бирок аталган ырдан кийин “бул бала бир ыры менен эле хит болуп кетти” деген комментарийлер жазылды. Бирок буга чейин "Жүрөгүңдү ач" ыры менен да жакшы ийгиликтерге жеткем. Дагы да көп хит ырларды, көңүлгө жаккан, пайдалуу чыгармаларды жаратып күйөрман топтойм деген ниетим бар.

– “Биз, маданият адамдары, элге үлгү болушубуз керек” деген пикириңиз жакты. Сиз кандай үлгү болуп жатам деп ойлойсуз?

– Негизи ар бир адам өзүнөн башташы керек дейт го. Мен да бирөөгө жакшы үлгү болуш үчүн өзүмдөн баштайм. Көчөгө таштанды таштабай, ар жерге түкүрүнбөй, улууларга айта албайм, бирок кичинекейлердин туура эмес кылып жатканын көрсөм, жанына барып айтып... Таштанды таштап, түкүрүнүп жаткан жаштарды көрсөм, “өз үйүңө таштанды таштайсыңбы, түкүрөсүңбү? Кыргызстан биздин үйүбүз, андай кылба” деп айтам. Тазалык – ыймандан. Улууларга баштыктарын көтөрүшүп жардам берем. Түндө тойдон чыкканда көчөдө бара жаткан апаларды көрсөм аларды унаа менен үйүнө жеткирип койгон учурлар көп болду. Бул мактаныч эмес. Бул да болсо үлгү болсун деп айтып жатам. Биринчи ар бирибиз өзүбүздү тарбиялап, жүрүм-турумубузду оңдосок жакшы болот. Жашооң пейилиңе жараша болот дейт го.

– Элдин пикирине карап жашаган туурабы, кандай ойлойсуз?

– Элдин сын-пикирин туура кабыл алам. Бирок түздөнүү үчүн китептерди окуйм же үлгүлүү, илим-билимдүү инсандарды устат тутуп, алардын кеңешин угам. Ошолорго карап түздөнөм.

– Лутфилла Бусурманкул уулу буга чейин продюсериңиз болду, ал кандай продюсер боло алды?

– Ооба, экөөбүз келишим түзүп 5 жыл иштештик. Мен ага “түбөлүктүү ага-ини деген келишим түзөлү” деп калам. Жоопкерчиликтүү, мыкты инсан. Азыркы Темир Дамирбековдун турган турпатына продюсердин өтө чоң салымы бар, көп эмгеги, көп убактысы кеткен. Учурдан пайдаланып ага дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.

– Тамадалык да кылат экенсиз. Тамадалыкта жана ырчылыкта сиз үчүн эң кызык болгону эмне?

– Жакшылыктарда алып баруучу болуп жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Тамада болгондун кызыктуу жагы – эл менен иштегениң, тойду жакшы алып барып берсең, той ээси ыраазы болуп батасын берет. “Биздин үй-бүлөнүн атынан” деп белек бергендер бар. Кызыгы менен катар жоопкерчилиги да чоң, 300 кишини башкаруу, элдин көңүлүн алуу, назарын буруу керек, демек, сөзүң өтүмдүү, адептүү болушу зарыл. Кыргыздын менталитети бар. Улуулардын көзүнчө кээде тойлордо туура эмес оюндардын ойнотулганын көрүп калабыз. Тамада кесиптештериме “мындай туура эмес. Биз ушундай деңгээлге барсак, бизден кийинки муун, балдарыбыз, неберелерибиз кандай деңгээлге жетип калат?” деп калам. Мен адеп-ахлакка басым жасайм. Ырчы катары айтсам, ырдап бүткөндөн кийин элдин кол чапканы чоң ырахат тартуулайт. Сахнадан кетирбей кол чаап турган учурлар болгон. Ал бир башкача сезимдер. Мага тамадалык да, ырчылык да кызык, жакшы көрөм, тажабайм, эс алып жүрүп эле иштейм.

– Азыркы абалыңыз бир кездеги кыялыңыз болчу да. Мындан ары дагы кайсы чекке чейин жеткиңиз келет?

– Мектепте окуп жүргөн кезде ырчы болом деп кыялданчумун. Бирок, чынын айтсам, бул деңгээлге чейин жетем деп ойлогон эмесмин. Баары мүмкүн экен. Болгону жакшы ниет коюш керек. Жакшы ниет жана эмгек баарына жеткирет экен. Эң биринчи кайда жүрсөң да адамгерчиликтен тайбашың зарыл. Ошондо гана ийгиликке жетет экенсиң. Мындан ары да чоң бийиктиктерди кыялданам.

– Кыргызстандын деңгээлиндеби?

– Кудай насип кылса Орто Азиянын деңгээлинде да болуп калышы мүмкүн. Кыргызстандын деңгээлинде бийиктиктерге жетип алсак, анан Орто Азия, дүйнө деп баштайбыз. Кыргыз жигиттери дүйнөнү багынтып жатканын көрүп жатпайбызбы. Мына, жакында “D Billions” командасы Бишкекте концерт берди, эми дүйнөнү кыдырып концерт берет. Алар көпчүлүккө мотивация болду. Алар “мүмкүн эмес” деген стереотипти сындырды. Демек, боло турган нерсе экен. Эмгек менен сөзсүз ийгиликке жетсе болот.

– Ийгиликтер боло берсин! Жакшы жаңылыктардын себеби менен маектешип туралы.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан