Садыр Жапаров: “ӨЛКӨБҮЗГӨ КУРАЛДУУ АГРЕССИЯ БОЛСО, ЖООП КАЙТАРУУГА ДАЯРБЫЗ”

13-июнда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда президент Садыр Жапаров Кыргыз армиясы табында экенин айтты. Кыргызстан бирөөгө катылбайт, бирок катылгандын катыгын берүүгө даяр деди мамлекет башчысы.

– Бардык чыр чатакты дипломатиялык жол менен чечүүгө болот, биз ички жана тышкы саясатта ушул принципти карманабыз. Ошол эле учурда бизге куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын айынан жарандарыбыз каза болуп, үйлөрүбүз талкаланып жатса, андайда жөн гана карап тура албайбыз. Кандай гана агрессор болбосун жооп кайтарууга даярбыз,- деди президент Жапаров.

Кыргыз өлкөсү Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдө жок аскердик куралдарды сатып алууга жетишкенин белгиледи. Мисал катары президент “Байрактар” учкучсуз учуучу аппаратын, жаңы сатып алынган “Airbus”, “Ми-17 В5” тик учактарын, “Печора” мобилдүү зениттик-ракеталык комплексин жана башкаларды атады.

- Өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу комплекстүү түрдө гана жүргүзүлүшү керек. Ушундай жол менен гана чек ара чыр-чатактарынан, ниети түз эмес мамлекеттердин куралдуу агрессиясынан жана башка коркунучтардан, ар кандай террордук түзүлүштөрдүн басып киришинен коргоого боло турганын тажрыйба көрсөтүүдө – деп билдирди мамлекет жетекчиси.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан