Өмүрбек Бакиров: “МЕН ШАЙЛАНГАН ОКРУГ БОЮНЧА ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖОККО ЧЫГАРУУ – АКЫЛГА СЫЙБАГАН КӨРҮНҮШ”

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өзү шайланган округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин акылга сыйбаган көрүнүш деп атады.

– Мен 1,5 жылдан бери депутатмын. Ушунча убакыт өткөндөн кийин бул маселени көтөрүүнүн өзү мыйзамсыз. Анткени мыйзамда “шайлоо маселесинде жаңы ачылган жагдай деген болбойт” деп так жазылып турат. Ал мыйзам парламенттен кабыл алынып, президент кол койгон. Бирок мыйзамга карабай Жогорку Сот жаңы ачылган жагдай бар деп таап, ишти кайрадан Бишкектин административдик сотуна жөнөткөн. Биз эми Бишкек шаардык сотуна даттанабыз,- деди Бакиров.

Өткөн аптада Бишкектин административдик соту Өмүрбек Бакировдун шайлоодогу атаандашы Равшан Рысбаевдин өтүнүчүн карап, анын “шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылсын” деген талабын канаатандырган. Рысбаев Бакировду добуш сатып алууга айыптап келет.

Ал эми БШК эгер соттун бардык инстанциялары шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарса, анда Көк-Жар округу боюнча кайрадан шайлоо дайындаларын, ага Бакиров талапкер боло албай турганын билдирген.

Өмүрбек Бакиров 2021-жылкы парламенттик шайлоодо Көк-Жар бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган эле.

Буга чейин парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Бакиров менен кайым айтышып жатып “ким экениңди, кантип шайланып келгениңди да билебиз” деп зекиген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан