“КАЗАКСТАНГА СУУ САТЫЛУУДА ДЕГЕН БОЛБОГОН СӨЗ” ДЕЙТ ЧИНОВНИК

Кыргызстан Казакстанга суу сатып жатат деген болбогон сөз. Мындай пикирди 15-июнда Суу ресурстары кызматынын жетекчиси Алмазбек Сокеев Бишкекте өткөн тегерек столдун алкагында журналисттерге билдирди.

Сокеев Чу дарыясынын суусун бөлүштүрүү боюнча Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 1983-жылы кол коюлган протокол бар экенин айтат.

– Чу эле эмес, бизде ар бир дарыя боюнча протоколдорго кол коюлган. Мындан тышкары Нукус келишими бар, 1983-жылы протокол болчу. Документтерге ар кайсы жылдары кол коюлуп, биз эгемендик алгандан кийин ал протоколдордун баарын тааныганбыз. Чу дарыясы боюнча биз белгилүү бир көлөмдө Казакстанга суу берүүгө милдеттүүбүз, өзүбүз да алышыбыз керек болгон суунун көлөмү бар, бүгүнкү күндө ушуга таянып келе жатабыз,- дейт чиновник.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан