ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 26-июндан 2-июлга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Апта сизди адаттан тыш тынчтыгы жана бейкуттугу менен кубандырат. Эч кандай күтүүсүз окуялар болбойт. Кечиктирилгис көйгөйлөрдүн бири – туугандарга жана жакындарга кам көрүү. Жакындарга сиздин моралдык да, материалдык да жардамыңыз керек болот. Сатуу, сатып алуу иштерин кийинки апталарга калтырыңыз. Документ иштерине так болбосоңуз шылуундардын кылтагына илинип калышыңыз мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Сүйүү мамилесин тутанткан таанышуу орун алышы күтүлөт. Бирок “өтө кызыл бат оңот” деген лакапка мисал болуп калбайын десеңиз, таанышуудан кийин дароо кыз-жигиттик мамилеге өтүүгө шашпаңыз. Көз ирмемдик эмоция үстүндө ири сатып алууларды жасап алышыңыз мүмкүн, андыктан дароо чечим кабыл алардан мурун жакшылап ойлонуп көргөнүңүз туура. Айымдар эркелик талантын ойготуп, сүйүктүүсүнө каалаган кымбат баалуу буюмун сатып алдырса болот.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Кылган ишиңизге, адамдарга жасаган мамилеңизге абдан ыраазы болуп өзүңүз менен сыймыктанасыз. Айрым сиздин кол алдыңыздагы милдеттерин так аткарбаган кызматкерлериңиз менен чырдашканга барасыз. Жаңжал чыгаргандан кийин ал адам бат эле оңолот. Сүйүүдө өзүңүздүн максатыңызга жете билиңиз, кылган аракетиңизди ал адам байкабаса башка жолдорун издеңиз, кайсы бурчтан болбосун көзүнө көрүнүп туруңуз, ошондо жеңиш сөзсүз сиз тарапта болот.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Энергияңыз толуп-ташып, өзгөчө күч-кубатты, ишенимди сезесиз. Мурун жашооңузда эч качан болуп көрбөгөн кескин өзгөрүүлөргө тушугасыз. Бул өзгөрүү бүтүндөй жашооңузга таасирин тийгизет. Жаңы таанышуулар орун алат, алардын пайдалуусун калтырыңыз, пайдасыздары өзүнөн-өзү жок болот. Баалуу маалыматтардын булагы болуп калышыңыз мүмкүн, андыктан билген билимиңизди, маалыматыңызды акчага сатканды өздөштүрүңүз.


АРСТАН (23.07–23.08)

Сабырыңызды сынаган окуялар болот. Майда-чүйдө нерселерге кабатыр боло бербеңиз, ушак-айыңга ишенбеңиз, кандайдыр бир сизди айыптаган пикирлерди уксаңыз кулак сыртынан кетириңиз. Болбосо, майда сөздөр сизди стресс абалына жеткирет. Жумуш издеп жүрсөңүз, өзүңүз эңсеген кесипте иштөөгө мүмкүнчүлүк аласыз. Ата-энеңиз менен жакын болуңуз, балким, сиздин камкордукка муктаж болуп жатышкан чыгар.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Чарчаңкы абалыңыз бүтүндөй жашоо образыңызга таасирин тийгизет. Эч нерсеге көңүл чаппай, ашыкча сөздөрдү көтөрө албаган абалга келесиз. Эгер сизге жаңы долбоордун үстүндө иштөө сунушталса, кырдаалды объективдүү баалоого аракет кылыңыз. Сүйүүдө сизди түшүнгөн, колдогон адам моралдык жактан жардам көрсөтүп турат. Муну сиз жогорудагы түшүнүксүз абалыңызга каршы компенсация деп билсеңиз болот.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Тагдырдан бир топ катаал сабак алуу коркунучу алдында турасыз. Жылдыздар ар кандай аракеттерден баш тартууга, өзгөчө салмактуу чечимдерди кабыл алууда этият болууга кеңеш беришет. Үй-бүлөлүү таразалар бала тарбиясына өзгөчө көңүл буруңуз, балаңыздын ар бир сөзү, аракети, алдыда боло турган күтүүсүз окуяларга эскертүү белгиси болушу мүмкүн. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөңүз менен өткөрүүгө убакыт табыңыз.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Кубанычтан баш айланган окуялар көп болот. Cиз бардык окуяларда керектүү жерде, керектүү учурда болуп өзүңүздүн пайдаңызга упай топтой аласыз. Сүйүүдө мурда кол үзгөн адам менен мамилеңизди жаңыртсаңыз болот. Бирок бул сиздин каалоодон көз каранды, эгер ал адамга сезимдер өчсө, аракетиңизден майнап чыкпайт. Аптада ийгиликтүү сатып алууларды жасайсыз. Соодалашып кымбат буюмду арзан алууга шарт түзүлөт.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Кирешеңиз көбөйөт, акча алып келген чакан ишкердик баштайсыз. Үйдө отуруп кошумча каражат тапкысы келгендер иш графиги сизге ыңгайлуу болгон жумуш табасыз. Буга чейин алган карыздарыңызды толугу менен берип кутуласыз. Көптөн бери өтпөй жаткан кыймылсыз мүлкүңүздү оюңуздагы баага сатасыз. Сүйүүдө жактырган адамыңыздын сезимдери үчүн күрөшүүгө туура келет. Анын жашоосунда сизден башка да адам болушу мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Эс алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айрыкча пенсия курагындагы адамдар эс алууга сунуш түшсө, жол алыс болсо да баш тартышпаганы туура. Үйдөгү ызы-чууларды болтурбоо сиздин колуңуздан келет, андыктан үй-бүлө мүчөлөрү ортосундагы келишпестиктерди өзүңүз колго алып, жөнгө салыңыз. Келбетин өзгөртүүнү каалаган айымдар өзгөрүүнү сырткы келбетинен эмес, ички дүйнөсүнөн баштаганы оң.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Каржы жаатында чоң көйгөйлөр күтүлбөйт. Бул тармакта туруктуулук орун алып, такай акча түшүп турчу киреше булагыңыз болот. Жумушта өз милдетиңизден ашыкча тапшырма алып үстүңүзгө жүк үйбөңүз, бүтүрө албай кыйналасыз. Кошумча кесип өздөштүргүңүз келсе кыска мөөнөттүк курстарга барыңыз, натыйжасы жакшы болот. Үй-бүлө мүчөлөрү, ата-эне, чоң ата менен талашып-тартышууга барышыңыз мүмкүн.


БАЛЫК (20.02–20.03

Жашооңузду талдап чыгууга, көйгөйлөрдүн өзөгү кайдан чыгып жатканын түшүнүүгө кенен убактыңыз болот. Учурда мурунку кетирген катаңызды оңдоого ыңгайлуу мезгил. Үйдө оңдоп-түзөө иштерин баштасаңыз болот. Ашыкча салмактан арылууну каалап жатсаңыз арыктоону спорттон эмес, туура тамактануудан баштаңыз, ошондо аракетиңизден майнап чыгат. Эс алуу күндөрүн үйдө жалгыз калып тынчтыкта өткөрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан