“Ники Минажсыз шоу-бизнес дүйнөсү көрксүз, тынч болору шексиз” деп жазышат батыш басылмалары. 40 жашка чыккан Ники учурда дүйнөдөгү бай рэпер айымдардын катарына кирет. Бирок анын өмүр баянында дайыма эле “майлуу-сүттүү” жашоо болгон эмес...
Аты-жөнү: Оника Таня Мараж
Псевдоними: Ники Минаж
Туулган жери: Тринидад жана Тобаго Республикасы, Порт-оф-Спейн шаары
Туулган жылы: 1982-жыл, 8-декабрь
Жылдыз белгиси: жаачы
Бою: 160 сантиметр
Кесиби: ырчы, рэпер, актриса
Белгилүү ырлары: «Your Love», «Super Bass», «Starships», «Anaconda», «Chun-Li» «Megatron», «LLC» жана башка
Тартылган тасмалары: “Башка аял”, “Ханыша”, “Чачтарач-3” жана башка
Минаж менен хит ырдаган музыканттар: Бейонсе, Мадонна, Ариана Гранде, Бритни Спирс, Алиша Киз, Давид Гетта, Кэти Перри, Эминем, түштүк кореялык “ВТS” жана башка
Ониканын балалыгы
Өспүрүм кыз үйгө киргиси келбей атасынын автоунаасында отура берди. Күндө же күн алыс ушул окуя кайталанат. Ата-энесинин урушунан чарчады, алар мушташканда ортого түшөм деп атасынан канча таяк жеди. Анан “бириң кайың, бириң тал, бириң өлүп, бириң кал” деп басып кетчү болду. Унаада отурса үйдөгү жагымсыз көрүнүштөн алаксый түшөт. Анан да акыркы күндөрү көчөдө рэп айткан жаштарга кызыгып жүрөт. Өзү жакшы ырдайт, анан ырлардын сөзүн жазып рэп айтканга аракет кылып көрдү. Башында окшошпой жаткан, бара-бара кулакка жагымдуу угула баштады...
Бул сүрөттөөлөр Оника Таня Мараждын балалыгына таандык. Чыгармачылык Ониканы терс жолго бурулуп кетүүдөн сактап калды десе болот. Оникадан дүйнө элине белгилүү Ники Минаж жаралды.
Оника – африкалыктардын аты, ал эми Мараж – индия элине тиешелүү ысым. Эки элдин ысымы биригип калганы жөн жерден эмес. Ониканын атасынын генинде Африка, индиялыктардын каны бар, апасы болсо малайзиялык. Иниси менен Оника 5 жашка чыкканча чоң энесинин колунда тарбияланган. Анткени ата-энеси жумуш издеп АКШга кетишкен эле. Нью-Йоркко барганда деле жыргал жашоого туш келген жок. Атасы ичкиликке берилгени аз келгенсип, баңги да болуп кеткен эле. Мындай үй-бүлөдө кайдан тынчтык болсун?! Апасына кошуп балдарына да кол көтөргөн атасы бир күнү үйүн өрттөп салган. Бактыга жараша, эне балдары менен үйдөн качып чыкканга үлгүргөн. Ошондон кийин атасы өзүнө келип, ичкиликтен да, баңгизатынан да алыстаган.
Оройлугу үчүн иштен куулуп...
Таланттуу эле, андыктан келечекте ырчы болом деп музыкалык мектептерге барып жүрдү. Мектепти аяктагандан кийин актрисалыкка ыктап көрдү, бирок жолу болбоду. Анан 19 жашында кафеге официант болуп орношту. Бирок кардарларга орой мамиле кылганы үчүн иштен айдалып кеткен. Дал ушундай эле себеп менен 15ке жакын жумуш ордунан кол жууду.
2004-жылы “Hoodstars” деп аталган топко кошулган. Бирок ал күткөн атактуулук келбей койду. Анан да топто көп киши менен иштеше албай урушуп кетет экен. Кой деген кыз жеке ырчылыкка аракет кылууну чечет да, өзү жазган ырларын жаздырып, ар кайсы музыкалык агенттиктерге жибере баштайт.
Алгачкы ийгилик
Жаңыдан музыка дүйнөсүнө аралашып келе жаткан кызга рэпер Лил Уэйндин көзү түшөт. Экөөнүн кездешүүсү Ники Минаждын дүйнөлүк популярдуулукка таштаган алгачкы кадамы болду. 2010-жылы эле Никинин алгачкы «Pink Friday» альбому жарык көргөн. Андагы «Your Love» жана «Super Bass» ырлары рэпер айымдын атын шоу-бизнес дүйнөсүнө чоң тамгалар менен жаздырууга себеп болгон. Баса, альбомдогу ырлардын көпчүлүгү баягы өспүрүм Ониканын машинада отуруп алып жазган чыгармалары болчу. Ыр артынан ыр, альбомдор, атактуу ырчылар менен хиттер... Мунун баары Никини “Forbes’тун” тизмесинен түшпөгөн миллионер-рэпер айымдардын катарына кошту.
Эмнеге Ники Минаж?
Дайыма ачык макияж, түрдүү парик, эпатаждуу образдар менен эл алдына чыккан Ники Минажды көпчүлүк “кара Леди Гага” деп америкалык ырчыга салыштыра беришет. Бирок Никиге мындай салыштыруулар такыр жакпайт. Өзүнүн имиджин ырчы айым башкача түшүндүрөт. Кичинесинде үй-бүлөлүк чырдан тажаган Оника түрдүү персонаждарды, алардын жашоосун ойлоп таба баштаган. “Өзүмдүн жашоомдон качып, фантазиямды реалдуулукка айлантып жашап баштагам. Ошентип көп сандагы альтер эголорум (“башка мен” деген маанини түшүндүрөт) пайда болгон. Алгачкы каарманым Куки болду, анын жашоосунда кайгы-капа жок эле. Андан кийин Харадзюку Барби пайда болду. Ачык күлгүн түс, куурчактыкындай образдардын баары Барбиники. Анан азыр силер билген Ники Минаж жаралды. Жиним келип, кызуу кандуулукка алдырган учурумда менин эгиз бир тууганым Роман Золански жаралат. Альтер эголорум маал-маалы менен алмашып турат”,- дейт Ники Минаж. Рэпер айымдын түрдүү каармандардын жашоосу менен азыркыга чейин жашаганын психологдор кичинесинен алган психологиялык жаракат дешет.
Чыгармачылыктан сырткары
Жеке ишкер. Парфюмерия тармагында ийгиликтүү бизнеси бар. Андан сырткары «Myx Moscato» аталышындагы алкоголдук ичимдиктерди чыгарат.
Жеке жашоосу
2019-жылдан тартып кичинесинен бери дос болуп келе жаткан Кеннет Петти аттуу рэперге турмушка чыгып, 2020-жылы уулдуу болушкан.
Ызы-чуулары
Мүнөзү татаал, кызуу кандуу, орой айым ызы-чууларга аралашпаса өзүнө окшобой калмак. Минаждын аты маал-маалы менен маалымат айдыңында ызы-чуулар менен жаңыланып турат. Мисалы, радиодо түз эфирде отуруп кесиптеши Трэвис Скотту оозго алгыс сөздөр менен сөгүп салган. Дагы бир маданий кечеде рэпер Карди Би менен мушташканга аз калган, жан сакчылар болбосо экөө чачташа кетишмек. Ырчы Майли Сайрус, актёр Майкл Жордан да Ники менен тил табышпаган атактуулардын катарында.
Филантроп
Оройлугуна карабай Ники боорукерлиги менен да белгилүү. Ал жаратылыш кубулуштарынан жабыркагандарга, кедей-кембагалдарга, зордук-зомбулукка кабылган кыздарга, окууга каражаты жетишпеген жаштарга жардам берип турат.
Асыл Орозбекова