ҮЗҮЛГӨНДҮ УЛАГАН, АЙРЫЛГАНДЫ ЖАМАГАН – МИКРОХИРУРГ

Кырсыкты кайдан деп болбойт, мисалы, бензопила менен бутту сөөккө чейин араалап алуу, күйүктөн тырышып манжалардын ачылбай калышы... Мындай учурда микрохирургдардын колуна түшөсүз. Алар операция жасап үзүлгөн, айрылган жерлерди улап, жамап беришет. Улуттук госпиталдын микрохирургу Акбар Жороев менен кесиби тууралуу сүйлөштүк.

Микрохирург операция жасайт:

• манжалары тубаса ашыкча же бириккендерге

• кырсыкта колу-буту жарылып, үзүлүп же сынып кеткендерге

• күйүктөн колу тырышып, жабышып калгандарга

• денесин ит тиштеп жулуп алгандарга

• ревматоиддүү артриттен манжалары кыйшайгандарга

• узак жылдардан бери айыкпас жаралардан азап чеккендерге

• кулагы тубаса жок же жулунуп кеткендерге жана башкаларга

– Акбар, кесибиң жана манжа микрохирургиясы боюнча түшүндүрмө берсең...

– Манжа микрохирургиясы – бул хирургиянын бир бөлүгү. Өз ичине ортопедия, травматология, нейрохирургия, пластикалык жана кан тамыр хирургиясын камтыйт. Башкача айтканда, микрохирург катары аталган адистиктердин баарын алып жүрөм.

– Күнүмдүк жумушуңда кандай окуялар көп кездешет? Же кандай кырсыктан жабыркагандар көп келишет?

– Бир жолу Бишкектен сол колу электр эт туурагычына кирип кетип, манжалары 3-4кө бөлүнүп кеткен 5 жашар кызды алып келишти. Кыздын колун эт туурагычтан чыгарып алганга 1 саат кетти. Анан атайын микроскоптун жардамы менен манжаларды ордуна коюп, андагы тарамыш, кан тамыр, нервдерди бириктирип тигип чыктык. Операцияга 6 саат кетти. Кийин манжалар калыпка келип, 100 пайыз иштеп кетти.

2018-жылы 9 жашар баланы алып келишти. Машина сүзүп кетип, оң буту кызыл ашыктан үзүлүп, бир аз гана жерин тери кармап туруптур. Операциядан кийин 1 ай гипсте жүрдү, көзөмөлдөп турдук. Буту толук калыбына келди, учурда ал жигит күрөш менен машыгып жүрөт.

Токмоктон ит тиштеп баш териси айрылып кеткен 1,5 жашар кызга да операция жасап, ийгиликтүү болгон. Айрылган жердин көлөмү чоң болчу, 6 айдан кийин жамалган жердеги тырык билинбей, кадимкидей чач өсүп чыкты. Мындай жаракатты өмүрүмдө биринчи көрдүм. Чынында операциядан кийин тери 100 пайыз калыбына келет деп ойлогон эмесмин. Бирок тажрыйба, мээнет ийгиликке жеткирди.

Санай берсе көп, бензопила менен буту-колун кесип алган, колун айнек шылып кеткендер көп. Жаракат алгандар ооруканага дароо келишсе, чукул операция жасап жардам бере алабыз. Кеч келишсе, анда жаракат алган жердеги теринин ткандары өлүп, карайып жарабай калат, андайда ал жерди толук калыбына келтирүү мүмкүн болбой калат.

– Силердин устатыңар, белгилүү микрохирург Муса Матеев ойлоп таап, дүйнө окумуштууларын таң калтырган өзгөчө ыкма бар дешет. Ал ыкманы учурда сен жана бир-эки гана адис колдонот экенсиңер...

– Ооба, ал ыкма жаракат алган жерди терини алдындагы кан тамыры менен кошо көчүрүп жамоо. Мисалы, күйүктөн улам колу чүрүшүп, тырышып калгандардын колун калыпка келтирүүдө ушул ыкманы колдонуп жүрөм. Терини кан тамыры менен кошо жайгаштырып жамаганда жараат алган жер бат бүтөт. Устатыбыз дүйнөлүк микрохирургияга ушул ыкмасы менен жаңылык киргизген. Азыр бул ыкманы жакшыртуу үстүндө иштеп жатам.

– Жакшы. Улуттук госпиталдагы силердин бөлүм Кыргызстанда бирөө гана. Чакыруу болгондо аймактарга барып да операция жасап бересиңерби?

– Ооба. Абдан шашылыш учурда Кыргызстандын бардык аймагына күнбү, түнбү чакырып турушат. Бишкектин ичиндеги чакырууларга жана анын тегерегиндеги райондорго өзүмдүн жеке унаам же такси менен барам. Башка аймактарга санавиациянын унаасы менен барабыз. Негизги жумуш ордубуздан тышкаркы кызматыбызга акча төлөнбөйт, жөн гана милдеттендирип коюшкан. Чакырык түштүбү, милдеттүү түрдө барабыз.

– Билишимче, керектүү аппараттарыңар эски. Заманбап жабдыктардын жетишсиздиги ишти артка тартабы же тажрыйбанын күчү ал кемчиликти билиндирбейби?

– Туура айтасыз. Биздин бөлүм 1985-жылы түзүлгөн, ошондогу жабдыктар азыркыга чейин жаңылана элек. Жыл сайын “аппараттарды жаңылап, заманбап түрлөрүн алып бергиле” деп Саламаттыкты сактоо министрлигине кайра-кайра арыз жазабыз. Жыйынтык жок. Айлабыз кеткенде айрым каражаттарды өз акчабызга сатып ала баштаганбыз. Биздеги операцияга эң керектүү микроскоп бузулуп, көп убакыт иштебей туруп калган. Акыры аны оңдотуп беришти. Ал жабдык көзгө көрүнбөгөн өтө ичке медициналык жиптер менен абдан ичке нерв түйүнүн, кан тамырларды тигүү үчүн зарыл. Микроскоп аларды, мисалы, 10-20 эсе чоңойтуп берет. Микроскоптон карап 12 саатка чейин операция жасаган учурлар болот. Көзүбүзгө күч келет, көрүүбүз начарлайт. Узакка туруп иштегендиктен буттар, бел талыйт... Кээде 1 күндө 10дой операция жасоого туура келет. Ошентсе да жасаган жумушумдан ырахат алам, ошого чарчаганым билинбей калат. Бейтап рахматын айтып турса элге керегим тийип жатыптыр деп сыймыктанып калам.

– Операция жасап бер деп башка өлкөгө да чакырышабы?

– Көп чакырышат. Ал жактагы микрохирургдар операцияны бригадасы менен толтура аспап, аппараттарды колдонуп жасашат. Мен аз эле аспап менен операция жасап койсом атаң калышат. Бул тууралуу илимий конференцияларда айтып чыгышат. Антип иштөөгө бизди аргасыздык үйрөткөнүн алар кайдан билишсин?! Чет өлкөдөн Кыргызстанга келип операция жасатып кетчүлөр да көп.

Микрохирургдардын дүйнөлүк конференцияларына 1 жылда 2-3 жолу катышып, тажрыйба алмашып турам. Докладдарды жасайм. Бизге келип иште деген чакыруулар чет өлкөдөн көп түшөт, а мен патриотмун. Андай сунуштардан азыркыга чейин баш тартып келем. Өз мекениме, өз элиме кызмат кылууну тандагам.

– Негизи микрохирург кесибин эмнеден улам тандап калгансың?

– Ош облусунун Ноокат районунун Күңгөй-Кожоке айылынан болом. Мектепте окуп жүргөнүмдө эле хирург болууну самачумун. Мектепти бүткөндөн кийин медициналык институтка тапшырып, окудум. Анан ординатураны бүтүргөндөн соң аталган бөлүмдө 8 жылдан бери иштеп келе жатам.

– Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең?

– 3 уулум бар, келинчегим фармацевт. Келинчегим ишиме түшүнүү менен карайт. Чакыруу менен аймактарга кеткенимде үй-иштерин өзү бүтүрүп, маселелерди чече берет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ainaz05
2023-06-26 11:20:00
Ишиңизге ийгилик! Элибиздин ден соолугун ойлогон, сиздей патриот дабагерлер элибизде көбөйө берсин! Мамлекет да ушундай дарыгерлерди колдоп, керектүү шаймандарын алып берсе, башка өлкөдөн кымбатка операция үчүн барышпай, элибизге да жардам болмок.
0
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан