Ильгиз Абдалиев, ырчы: "ЖУБАЙЫМ ЫРЧЫЛЫКТЫ АЛЫП КЕТЕ АЛАРЫНА КӨЗҮМ ЖЕТТИ"

Маектешим ырчы, “Саманчынын жолу”, “Жубайым”, “Көркөмүм” жана башка ырлардын аткаруучусу Ильгиз Абдалиев. “Балалуу болгондон кийин 1 жыл үйдөн чыкпай калдым”,- деген Ильгиз мырза эми жең түрө чыгармачылыкка киришем, бул жылы катуу иштейм деп даярданып турган чагы. Ырлары, үй-бүлөсү жана шоу-бизнестеги бут тосуулар тууралуу сүйлөштүк.

– Саламатсызбы, Ильгиз? Байкашымча, ортодо бир тыныгуу алып, кайра жандангандайсыз...

– Саламатсыздарбы? Ооба, буюрса, 2 жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыкка жең түрө кириштим. Тыныгуу дегенде такыр эле бул тармактан алыстап кеткен жокмун. Жакшылыктарда эл кызматында эле жүрдүм. Бирок атайын сахна үчүн ыр жаздырып, клип тарттырып, ырларымды теле-радиолорго берүү деген иштер токтоп калды. Акыркы клибимди мындан 2 жыл мурун “Жубайыма” деген ырыма тартканбыз. Анда жубайым менен баламды төрөтканадан чыгарып жаткан учурдагы кадрлар кошулган. Ошондон бери тыныгууда жүрүп, жакында “Таарынчагым” деген ырым чыкты. Дагы 3-4 ырды даярдап койдук, катары менен чыгарып, клип тарттырабыз. Айтор, бул жылы катуу иштейин деп турам.

– Жакшы. 2 жылдык тыныгуу эмнеге байланыштуу болду?

– Үй-бүлөлүк иштер менен алек болдум, балабызды чоңойтуп алалы дедик.

– Маектериңиздин биринде “жубайым Назима төрөп эле берсе болду, баламды өзүм эле багып алам” деген экенсиз. Үйдө бала караганга жакшы жардам берип жаткан окшойсуз...

– Ооба. Назима жаш эне да. 19 жашка караганда турмушка чыгып, 20 жашында төрөдү. Тажрыйбасы жок. Билбестиктен балага туура эмес бир нерсе кылып алабы деп чочуладым. Чынын айтканда, 1 жыл бою эч жакка чыккан жокмун. Жаңы төрөгөндө өзүм тыңыттым, өзүм жуунтуп, өзүм эле карап жаттым. Кичүү бир туугандарымды карашкам апама, байкелеримдин балдарын да карашып, айтор, үйрөнүп калгам. Бала караганга эптүүмүн.

– Жаңы чыккан “Таарынчагым” деген ырыңыз тууралуу сүйлөшсөк... Ким таарынды сизге?

– Көп ырчыларга ырдын сөзүн жазып берчүмүн да. 30дан ашык ырга текст жазыпмын, арасында калың элге таанылган хиттери да бар. Анан жалкоолук кылып жакшы иштебей, текст жазбай калдым. Бир чети өз ырларыңа текстти жалаң өзүң жаза берсең, баары окшоштой сезиле берет экен. Башка акындар менен иштешким келди. Анан Эрлан Андашевге кайрылсам, “сага ылайыктуу бир обон бар” деп калды. Элиана Жамгырчиева сөзүн жазып берди. Ошентип жаралды бул ыр, менимче, жакшы чыкты. Эми клип тартабыз.

– Жубайыңыз Назима айым да ырчы катары эл алдына чыга баштады. Бул көбүрөөк кимдин каалоосу болду?

– Көбүрөөк менин каалоом болду. Тойлордо көп ырчылар менен иштешип жаттым. Үй-бүлө болгондон кийин каражат бир эле казынага түшүшүн каалайт экенсиң да. Анан Назиманы ырдатып, жөндөмүн байкап көрдүм. Менин музыкалык билими бар да, кантип үйрөтүш керектигин билем. Угуп көрүп, ырчылыкты алып кете аларын байкадым. “Үнүң жарайт экен. Кел, үйрөтөйүн” дедим. Ошентип чогуу ырдап калдык, анан тойлорго чакыруулар түшө баштады.

– Ошондо Назима айым өзү каалабаган ишти аркалап жатабы?

– Келинчегим кесиби боюнча экономист. Башында каалаган эмес, ырдап чыгам деп ойлогон да эмес. Бирок азыр өзүнө жагат. Ырдап чыккандан кийин ар кандай комментарийлерди окуп ыйлады, күлдү, жыргады, “болду, ырдабайм” деп чыккан учурлары болду. “Бара-бара көнөсүң, сенден жаман ырдаган ырчылар бар, көңүл бурба” деп колдоп жаттым. Жар-жар айткандарга сынчылар көп болот экен. “Тигиндей баспайсыңбы, мындай кылбайсыңбы” деп жазып жатышты. Ал комментарийлерге карап түздөнүп жатты.

– Шоу-бизнес айымдар үчүн оор дешет го, ошондойбу?

– Мага тескерисинче, мырзаларга оордой сезилет. Мен үчүн дале оор. Бут тосуулар да көп. Биринин продюсери бар, башкасыныкы жок. Продюсерсиз иштеп жатсаң, көрө албагандар чыгат. Ушундайларды көп байкап келем. Башка ырчылардай болуп тытынып иштейин дейсиң, бирок бут тосуулар бардай сезиле берет. Сен жазып берген ырларды башка бирөө ырдаса хит болуп кетет. Сен деле ошол эле студиядан жаздырасың, ошондой эле ырдайсың, анан телеканал, радиолорго алпарсаң эле “тигинтип калыптыр, минтип калыптыр, ырыңыз өтпөй калды” дей беришет. Мен урушуп да кетем, “силерде мафия барбы, бирөө жарым бир нерсе деп кетти беле?” дейм, айтышпайт. Мен алып барган ырды аябай жылдызы жанып турган ырчы ырдаса унчукпай эле алышат. Кээ бир радиолордон бардык ырларымды алдырып салгам. Эми кайрадан радиолорго жаңы ырларымды таратып жатам, азыр, балким, башкача болуп калгандыр.

– Мындай тоскоолдуктар айымдарда деле болот да?

– Айымдарга карата деле мындай мамиле жасалышы мүмкүн. Бирок мен мырзалардан мындайды көп угам.

– Ошондо Кыргызстанда ырың хит болуш үчүн эмне кылыш керек экен?

– Азыр эл өзү эле тандап калды. Жакшы ырды кайсы жерден болсо да таап алып өзү эле хит кылып алат.

– Шоу-бизнеске баш бакканыңызга канча жыл болуп калды? Андан бери бул чөйрөдө эмнелер өзгөрдү?

– 2010-жылдан тарта ыр чыгара баштагам, 13 жыл болуп калыптыр. Андан бери жашоо-турмушубуз өзгөрдү. Ырлардын сапаты жакшырды, клиптер тоо-таштардан гана тартылбай, сюжеттүү клиптер тартылып калды. Жандуу үн менен ырдай алгандарды эл баалай баштады. Башында “музыкалык билими барларды эмес, нота тааныбаган ырчыларды колдойсуңар” деп көптөргө жаман көрүнчүмүн.

– Ушул жерден өзүңүздүн билимиңиз тууралуу айта кетсеңиз...

– Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда, андан кийин Улуттук консерваторияда эстрадалык вокал бөлүмүндө окугам.

– Жаш ырчылардан кимдин талантына суктанасыз?

– Мирбек Атабеков азыркы учурдун талабына ылайык, улуу муунга да, жаштарга да жага турган ырларды ырдайт. Султан Садыралиевдин чыгармачылыгын баалайм, абдан жакшы ырларды ырдайт, үнү, ырларынын стили, сөздөрү, обондору да сонун. Жаңы чыгып жаткандардын арасында да таланттуулар көп.

– Моргенштернчи?

– Аны таанычу эмесмин. Талкууга түшкөндө издеп, көрүп чыктым. Аны ошондой чөйрөдө жүргөндөр гана түшүнбөсө, мен түшүнбөйт экенмин. Уят сөздөрдү көп колдонот экен, жүрүм-туруму, сөгүнгөнү менен жаштарга терс таасирин тийгизе тургандай, ошондуктан Бишкекке келбей койгону эле жакшы го деген ойдо калдым.

– Жакында бир депутат ырчы мырзалардын биринин узун чачын сындап чыкты. Бул боюнча оюңуз кандай?

– Биз искусство өкүлүбүз да, ар кандай стилде жүрүшүбүз керек. Бирок чач парламентте көтөрүлө турган тема эмес эле. Өлкөдө жасалчу иштер, көтөрчү темалар толуп жатпайбы. Депутат мырза өз ишин кылсын.

3 сөз менен сүрөттөңүз...

– Өзүңүздү

– Жөнөкөй, адамгерчиликтүү, таланттуу

– Жубайыңызды

– Сулуу, ыймандуу, жөнөкөй

– Бир күнүңүздү

– Үйдө, телефондо, тойдо

– Эң бактылуу күнүңүздү

– Балалуу болгон күнүм

– Жиниңизге тийгендерди

– Аркамдан сүйлөгөн адамдар

– Эң оор күнүңүздү

– Аталаш байкемди жоготконум

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан