АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ажар эмне дээрин билбей туруп калды. Уулу ага мээрим менен карады.

– Айтчы, апаке, эмне болду? Менин баарына сабырдуу, чыдамдуу токтоо апам кайда кетти? Сиз ооруп жатканда да күчтүү экениңизди көрсөткөнсүз. Экөөбүз чогуу “болбойт” деген нерсени да болтурдук. Баары бүттү, биз бактылуубуз. Эми сизге эмне болду?

– Мен сени жоготуп алгандан корком, Эмир. Биз кетип калсак кандай болот?

– Мени эмнеге жоготосуз? Кайда кетмек элек?

– Чет өлкөгө, мисалы Түркияга. Сен окууңду ошол жактан улантасың. Же Америкага...

– Эмнеге? Менин бир жакка кете турган планым жок.

Ажар бир нерсе дей албай башын чайкады. Баарын айтып түшүндүрүп бере алса, ээ?! Бирок айта албайт. Анын бакма бала экенин айткыча, өз тилин кесип салганы оң. Жашоосунда жарык берген жалгыз чыракты кантип өз колу менен өчүрө алат?

Ажар ушундай бир абалда жүрдү. Сырын да ачылып эч кимге айтпаган жаны, бир караңгылыктын ичинде калгандай болду. Ошол каргашалуу күнү күйөөсү башкача абалда болгонун байкады. Ойлуу болчу ал. Деле анын мынчалык ойлонуп убайымга түшкөнүн көргөн эмес. Бул жашоодо бардык маселени чече ала тургандай дымагы бар болчу дайыма. Эгосу ушунчалык күчтүү адам эле, ал каалап, бирок кыла албаган нерсе жоктой сезилчү. Бирок ошол күнү көзүн бир чекиттен албай ойлонуп жатты. Жанына барып эмне болгонун сурагысы келди, бирок жооп бербесин билди. Бир күн кечке үйдөн эч кайда чыккан жок, телмирип бакчада отурганы отурган.

Бир кезде Эмил туруп эле машинесине жөнөдү. Анын аркасынан дароо аялы чыкты жолго. Бири-бирин кууп Бишкектин кең көчөлөрүндө кетип бара жатышты. Эмил Айдайга бара жаткан эле. Мурунку күнү кылган акмакчылыгын ойлонуп, тынч ала албай жаткан. Өзүн ушунчалыкка жеткирген эмне экенин да түшүнүп-түшүнбөй жатты. Барып кандай болсо да кечирим сурайм деген ниетте анын үйүнө бет алган эле. Бул кезде Айдай үйдө жок болчу. Бир жолу Айдай ага үйүнүн ачкычын берип кайра алууну унутуп калган эле. Эшикти ачып үйгө кирди. Күтүп турмай болду. Ичкери кирип отурары менен сырткы эшик кайра ачылгандай үн чыкты. Кылчайып карай берип Эмилдин жымшыйган көздөрү бакырая түшкөндөй болду. Босогодо Айдайдын ордунда ал өз аялын көрдү. Босогодо Ажар турган эле.

– Сен кайдан келдиң?

– А сен эмнеге келдиң?

– Азыр чоң чыр чыга электе кетип кал, Ажар. Менин Айдай менен сүйлөшчү сөздөрүм бар.

- Хм, ошондойбу? Ага жагынып, Эмирди ага кантип жакындатыштын планын айтканы келдиңби? Айдай менен бактылуу жашайм деп ойлоп жатасыңбы? Ал үчүн мени да, Эмирди да курмандыкка чаласың да, ээ? Ошондойбу?

– Эй, жинди болбой кетип калчы. Сенин истерикаңды көтөрө турган алым жок азыр.

Ажар ызаланып кетти. Мыйзамдуу аялын күндөшүнүн үйүндө туруп алып кууп жатканын кара. Өзүн дагы да болсо чымындай, кумурскадай көрүп жатат бул. Кумурсканы эмне, бир басып өлтүрүп койсо болот. Ушунчалык жек көрүүсү күчтүү болуп чыга келди. Мынчалык эч кимди эч качан жек көрбөсө керек.

– Эмил, мен сенден жакшылыкча суранам. Эмирди Айдайга жакындатпа. Меники ал! Ага менден башка эч кимдин кереги жок. Төрөбөсөм дагы ага ата да, эне да болдум. Ал бала менин жашоомдун маңызы. А силер эмне, кыйынсыңар да! Жашооңордо башка да кубанычтар, таасирлериңер бар. Айдайдын карьерасы бар, сенин байлыгың бар. А менин болгону уулум бар. Суранам, бизди жайыбызга койгула.

– Туура айтасың, Ажар. Мен муну эмнеге мурда ойлободум экен. Эмирди пайдаланып туруп Айдайды колго алам. Мындан башка жөнөкөй кандай план болуш керек. Акылсыз катынсың сен! - жай сүйлөп баратып бакырып жиберди Эмил.

– Эй, келесоо катын! Мен сени, сенин кемчонтой уулуңду керек болсо Айдайга беш жолу садага чабам. Уктуңбу? Керек болсо... - оозунан ак көбүк чыга бакырып жаткан ал Ажарды байкабады. Ажар столдун четинде турган бычакты ала коюп бакырып жаткан күйөөсүнүн көкүрөгүнө матыра берди.

– Унчукпа, уктуңбу, унчукпа!

Капысынан урулган соккудан Эмил теңселе түштү.

– Сен? Сен эмне кылып салдың?

– Эмирди бербейм! Сага да, ага да!

Калтыраган Ажар ушуну айтты. Күп эте жыгылып түшкөн күйөөсүнүн жүзүнө тиктей берди. Ал аялын акыркы жолу карады. Бул көз карашта таң калуу бар эле. Бир нерсе дегендей, күбүрөгөндөй болду. Ажар уга албады. Канга боёлгон бөлмөнүн ортосунда тура берди. Бир кезде өзүнө келди. Кинолордон көргөндөй өзүнүн издерин жок кылганга аракет кылды. Колуна тийген чүпүрөк менен бычакты, эшиктин туткаларын таман издерин тазалап сүрттү. Анан өлүп жаткан күйөөсүн бир карады да чыгып кетти. Ооба, Ажар өлтүрдү. Бирок башка бир аялдын үйүнөн өлгөнү үчүн, андан бир да адам шектенген жок. Анан калса ошол сааттарга жакын Эмил өзүнүн акмакчылыгы үчүн Айдайдан кечирим сурап жазган СМС билдирүүлөр бар эле. Кыскасы бардык далилдер Айдайды көрсөтүп жатты. Ажар бул убакта кандай абалда эле? Анын ансыз да бузулган психикасы ого бетер бузулду. Күндө түшүндө Эмилди көрөт. Кубалап эле аркасынан жүргөндөй. "Сен мени өлтүрдүң, Ажар. Сен менин өмүрүмдү кыйдың? Кантип ушундай кылдың? Жооп берчү күнүң келет. Катаңды түшүнө турган кезиң келет” дейт да турат. Түш эле эмес, кээде үйдө да көзүнө көрүнө турган болуп калды. Андайда кубарып өңүнөн кете түшөт. Ошол үчүн да уулуна телефон чалып, анын бат келүүсүн, жанында болуусун сурана берди.

Эмир апасынын бул абалынан эмне кыларын билбей калды. Ыйлактап, жаш баладай болуп “Эмир, сен качан келесиң? Мен үйдө жалгыз коркуп жатам. Тез келчи” дей берген адат таап алды. Башында атасы каза болгону үчүн го деп ойлоп жүрдү. Бирок убакыттын өтүшү менен ал адаты күчөп бара жатканын байкады.

– Апа, сизге эмне болду?

– Эч нерсе.

– Эмнеден коркуп жатасыз?

Ажар унчукпай эле өзүн жалдырай тиктейт. Бир маалда көздөрүндө жапайы коркунуч пайда болду.

– Эмир, атаң...

– Атам эмне болуптур?

– Атаң турат, аркаңда бизди карап атаң турат.

– Эмне-е?

Кылчая берип Эмир аркасына карады. Эч ким жок. Апасы болсо алаңдап босого жакты карай берди.

– Апа? Эч ким жок, сизге бир нерсе көрүнүп жатабы?

Ажар көздөрүн ачып-жумуп туруп калды. Эмирди кучактай берди. Апасынын денеси титиреп жатканын байкады.

– Апа, мага чындыкты айтыңызчы. Атамды сиз... атамды сиз өлтүрдүңүзбү?

– Эмне деп жатасың, балам? Ушинтип айтканга кантип оозуң барды? Атаңды Айдай деген шуркуя өлтүрдү.

– Айдай эжени билем, апа. Ал...

– Мени билбейсиңби?

– Апа, антип айтайын деген эмесмин. Ошол күнү мен сиздин машинеңизден канга боёлгон чүпүрөктү көрдүм. Сиздин машинеңизден!

– Эмне-е?

– Эч кимге эч нерсе айткан жокмун. Бирок...

– Эч кандай бирок жок. Эмир, өз бөлмөңө бар. Мен сени менен сүйлөшпөйм. Мени жалгыз калтыр!

Эмир башын чайкай бөлмөдөн чыгып кетти.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан