Самат Бейшеналиев, “Тез жардам” унаасынын айдоочусу: “ЖОЛ КЫРСЫГЫНДА МЕНИ СҮЗҮП КЕТКЕН, КАЙРА МЕНИ КҮНӨӨЛҮҮ КЫЛЫП КОЮШТУ”

53 жаштагы Самат Бейшеналиев аттуу жаран акыйкаттык издеп жүргөнүн айтып редакциябызга кайрылды. Каарманыбыз көп жылдан бери “Тез жардам” кызматынын унаасын айдайт. 2020-жылкы пандемия мезгилинде жол кырсыгына кабылганын, башында жабырлануучу болсо, кийин күнөөлүүгө айланганына таң калып жатканын айтат. “Сот мамлекетке 3 миллион сом зыян келтирдиң деп компенсация төлөтүү чечимин чыгарды. Учурда айлыгымдын 50 пайызын ошол үчүн кармап калып, өзүмө эч нерсе артпай калууда” дейт ал. Аталган кырсык боюнча дагы кандай сырдуу жагдайлар бар?

“Биздин унааны капталдан сүзүп, 10 метрге чейин сүрүп барган”

– 13 жылдан бери шаардык клиникалык “Тез жардам” кызматында айдоочу болуп иштейм. 2020-жыл, 18-июнь. Коронавирус күчөп, жарандар “Тез жардам” кызматына күнү-түнү чалып, жумуш кайнап жаткан учур эле. Ошол каргашалуу күнү саат 13:00 чамасында Ниссан үлгүсүндөгү “Тез жардам” унаасын айдап Бишкектеги Баялинов көчөсү менен бир бейтапка жардам берүүгө бара жатканбыз. Унаабыздын сиренасы күйгүзүлүү, салондо 2 фельдшер, бир врач жигит бар болчу. Чыгыштан батышты көздөй баратканбыз, Орозбеков көчөсүнө жеткенде эки-жагымды карап өтүп баратсам капталдан КамАЗ келип бир сүздү. Биздин унааны 10 метрге чейин сүрүп барып, бизге жол бошотуп берген Мицубиси Пажеро үлгүсүндөгү жол тандабасты кошо арыктын жээгине сүрүп таштады. Эс-учумду жоготуп коюптурмун, эшиктер ачылбай мени маңдайкы терезеден алып чыгышыптыр. “Тез жардам” унаасы кырсыкка кабылды” деп ошол кезде ЖМКлар жаңылыктарга жазып чыгышкан. Биздин унаадагы эки фельдшер жана мен шаардык №4 ооруканага жеткирилдик. 9 күн ооруканада жаттым. Өзүмө келип, эс-учумду жыйнай электе тергөөчү келип, кырсыкка мени айыптай баштады. Көрсө, КамАЗдын 20 жаштагы айдоочусунун атасы кырсык болгон күнү эле күчтүү адвокат жалдап бардык күбөлөрдү сатып алып, окуяны такыр башка өңүткө буруп салыптыр. Күнөө КамАЗдын айдоочусунда экенинен мен 1 мүнөт да күмөн санаган эмесмин, сүрөттөрдөн деле карасаңар, биздин унааны, жаныбыздагы жол тандабасты кошо сүзүп таштаганы даана көрүнүп турат. Анан кантип КамАЗдын айдоочусу суудан кургак чыгып, мен күнөөлүү болуп калганыма таң калып бүтпөй жатам.

“Жыргаган адам президентке кайрылабы ушул заманда?”

– Соттун бардык инстанциясы ишти карады. Жогорку Сот “мамлекеттин унаасын кырсыкта талкалаганың үчүн 2,5 миллион сом төлөп бересиң” деп чечим чыгарды. Андан сырткары 300 миң сом айып пул салды. Өзүм шаар четиндеги Бер-Булак айылында жашайм, 2 балам бар, карапайым үй-бүлөбүз. Бирок мени абакка отуруп калбасын деп жакындарым, туугандарым 300 миң чогултуп берип айып пулду төктүк. Азыр деле “Тез жардам” кызматында унаа айдайм, ай сайын айлыгымдын 50 пайызын кармап калышат. Тапканыңдын теңин эле төлөй берүү оор экен. Аябай кыйналып кеттим. Президентке, УКМК жетекчисине арыз менен кайрылгам, бирок алар “сот ишине кийлигише албайбыз” деп биздин каттарды кайра Жогорку Сотко жөнөтө беришет экен. Укук коргоо органдары, сотто иштегендер биздей жөнөкөй жарандарга адилетсиз мамиле жасаганы үчүн кайрылып жатабыз да. Жыргаган адам президентке кайрылабы ушул заманда. Ушул кайрылуумду окуп калышса, менин ишим боюнча бир көңүл буруп коюусун өтүнөт элем.

Эмил Жаманкулов, адвокат: “Эң алсызды күнөөлүү кылып, ал эми мамлекетти банкрот кылышты”

– Чындык кайып сыяктуу экен да, бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй. Аталган жол кырсыгы боюнча сот процесстери өтүп жатканда чындык такыр бизге көрүнбөй жатты. Арадан убакыт өткөндөн кийин гана айрым сырлар ачыкталып жатат. Ошондуктан “жаңы жагдайлар пайда болгонуна байланыштуу” деп кайрадан Жогорку Сотко кайрылып жатабыз. Ажобузга да кайрылуу жөнөттүк. Эми бул окуя боюнча жүргүзүлгөн “махинацияларды” айтып берейин. Биринчиден, КамАЗдын айдоочусунун атасы кардарым эс-учун билбей ооруканада жатканда дароо адвокат жалдап өзүнүн ыңгайына иштеп баштаган. Ал эми тергөөчү бир тараптуу тергөө жүргүзүп, бардык процесстерде менин кардарымды күнөөлөп жатты. Мисалы, кырсык болгон жердеги 5-6 үйдүн видеокамерасы бар экен, далил катары аларды алган эмес. Сотто “ал видеокамералар иштебейт экен” деп кутулду. Ал эми кырсыкта сүзүлгөн жол тандабастын айдоочусу көрсөтмөсүндө “унаамда видеорегистратор бар, далил катары алсаңар болот” деген эле. Аны да тергөөчү дароо алып ишке тиркеген эмес. Кийин жол тандабастын ээси КамАЗдын айдоочусу тарапка өтүп, кайра менин кардарымды “өзү жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп кеткен” деп айыптап баштады. Ал эми видеорегистратордогу видеолор өчүп кетиптир деп кутулду. Дагы бир жагдай, кардарымдын канын тергөөчү текшерүү үчүн алып кетип, 2 күн белгисиз жакта алып жүргөн. 21-июнь күнү №4 ооруканадан алып кетип, 23-июнь күнү лабораторияга алып барыптыр. Кийин кардарымдын канынан алкоголь табылып жатат. Жанындагы врач баладан да табылыптыр, болбосо ал жигит өзү 5 маал намаз окуйт экен. Кардарым да такыр ичкен эмесмин деди. Буга жанындагы фельдшерлер да күбө. Кийин өзүм иликтөө кылып дарыгерлер менен кеңештим. Көрсө +37,+40 градус ысыкта канды кармап жүрө берсе бузулуп, өзүнүн касиетин жоготот экен. Демек, бул жерде тергөөчү атайын кылганбы, түшүнбөйсүң. Дарыгерлер негизи канды 2-3 сааттын ичинде лабораторияга жеткириши керек дешти. Ушуну айтып бериңиз деп дарыгерди сотто көрсөтмө берүүгө алып келсек сот аны укпай, тескерисинче, сот залынан чыгарып салды. Бүт баары бир жактуу болду да. Эгер менин кардарымдын каны таза чыкса, “Тез жардам” кызматынын унаасын камсыздандыруучу компания төлөп бермек. “Айдоочу мас болгон” деп төлөп берүүдөн баш тартты. Ал эми жанагы жол тандабастын айдоочусу кардарымдын унаасына ээлик кылган автобазаны сотко берди “эмнеге мас айдоочуну жумушка чыгарасыңар?” деп айыптап, унаасын оңдоого мамлекеттен 270 миң сом өндүрүп алды. Бул жерде мамлекет эки жолу банкрот болуп жатат, кырсыкта КамАЗдын айдоочусу ошол жол тандабасты, ал эми камсыздандыруучу компания “Тез жардам” кызматынын унаасын оңдотуп бериши керек эле. Бул окуяда теңирден тескери иш жүрдү. Башкы прокуратура, сот, укук коргоо органдары мамлекеттин акчасын коргой турган орган болушу керек да, туурабы? Алар тескерисинче, мамлекеттен башкаларга акча соруп берүүчү орган болуп жатпайбы. Анан бул жерде эң эле алсызды күнөөлүү кылып, моюнуна 3 миллион сомду илип коюшту. Биз “Тез жардам” унаасынын баасын автобазадан эсептетсек 1,5 миллион сомго баалашты. Бул унаа 2015-жылы грант катары келип тынбай иштеген экен. Эскилиги жеткени эске алыныш керек эле, менин кардарыма жапжаңы унаанын акчасын төлөтүп жатышпайбы. Азыр аябай кыйналып жатат, айлыгын теңин эле компенсацияга төлөйт.

Албетте, Жогорку Соттун чечимине комментарий бере албайбыз. Маалыматты тактоо үчүн кайрылганыбызда бул кылмыш иши 2022-жылы каралганын, редакция кат түрүндө кайрылса 14 күндүн ичинде толук маалымат берүүгө даяр экенин билдиришти. Ал эми кырсыктагы экинчи тарап менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Кошуналарынын айтымында, ал үй-бүлө Орусияга көчүп кетишкен. Редакция экинчи тараптын да пикирин чагылдырууга даяр.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан