Улукбек Карачолоков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу: “СПОРТЧУ КӨКӨЛӨП КЕТСЕ ЫЛДЫЙ ТҮШҮШҮ КЫЙЫН”

Бишкекте өткөн 17-23 жаштагылар арасындагы Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда 2-орунду ээледи. Бул турнирдин жыйынтыгында улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен Азия чемпиондугу, балбандар жана машыктыруучулук карьерасы тууралуу маектештик.

– Арыбаңыз, Улукбек мырза! Маекти Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунан баштасак. Улуттук команда 2-орунду ээледи, бул жыйынтык канааттандырабы сиздерди?

– Мелдеш абдан жакшы өттү. Эң негизгиси биз даярдык көргөнбүз. Ар бир мелдешке колдон келишинче даярдык менен барабыз да. Ийгиликтер өзүнөн-өзү келип калбайт. Болуп жаткан жетишкендиктердин баары машыктыруучулук топтун максаттуу иштеп жатканынын акыбети деп айтар элем. Дал ушундай жыйынтык былтыр да болгон. Бирок анда коло байгебиз көбүрөөк, күмүш азыраак болгон эле. Быйыл коло болгон жок, 5 күмүш, 3 алтын медаль менен жыйынтыктадык. Кудай буюрса, мелдештердин сапаты жылдан жылга жакшырып бара жатат. Дегеле дүйнө жүзүндө спортко жакшы басым жасалып жатат. Биз дагы артта калбайлы деп колдон келишинче аракетибизди кылып жатабыз.

– Азия чемпиону аталган балбандарга токтоло кетпейсизби...

– 55 килограмм салмактан баштасак. Улан Муратбек уулунун курама командага кошулганына аз эле болду. Былтыр бардык турнирлерге алып бардык, бирок жыйынтык көрсөтө алган эмес. Быйыл, Кудайга шүгүр, жөндөмү эми арта баштады. Муну биринчи ийгилиги деп айтсак болот. Ал эми 67 килограмм салмакта Раззак Бейшекеев, 82 килограмм салмакта Асан Жанышов кыргыз эли үчүн мыкты ийгиликтерди жаратат деген үмүттөбүз. Бул жигиттерден элдин үмүтү чоң. Бирок үмүт чоң деп балдарды көкөлөтүп койгон болбойт. Эң негизгиси мээнет кылыш керек. Балбандарды ата-энесинен дагы, машыктыруучулар жакшы билебиз. Спортто жыйынтык көрсөтөм десең мыкты даярдык гана керек.

– Ийгилик жылмайды деген түшүнүк жок экен да, демек...

– Жок, спорттогу ийгилик – бул асмандан түшкөн периште эмес. Ар ким эмгегине жараша үзүрүн көрөт, эгер ошол эмгегин туура колдонсо гана. Себеби айрым спортчулар машыгууда абдан аракет кылышат, бирок килемге чыкканда ошол машыгуудагы жөндөмүн көрсөтө албай калышат. Негизи олимпиадалык спорт түрү эч качан адамдын көзүнө илинүүнү сүйбөйт. Спортчу элдин көзүнө түшүп, көңүл чордонунда болсо биз, тескерисинче, көп нерсени жоготуп алабыз. Азыр социалдык желелер абдан өнүгүп кетпедиби. Адамды бат эле көкөлөтүп салышат, анан анын ылдый түшүшү кыйын болуп калат. Жаш балбандарга айтар элем, Азия биринчилиги – бул спорттук карьеранын башталышы гана. Мунун түп тамыры Олимпиада оюндары. Азия чемпиону болуу менен гана чектелүү – бул жыйынтык көрсөтүүгө кирбейт.

– Убактыңыздын көбү балбандар менен өтөт да, аларды жарым сөздөн, көз караштан эле түшүнүп калсаңыз керек, ээ?

– Өзүмдүн 2 балам тең күрөшөт. Бирок эки баламды берки балбандарды билгенчелик билбейм. Анткени алардын жанында көп болбойм. Сбордон чарчап келип 3-4 күн үйдө болуп, кайра эле сборго кетип калабыз. Бир балам жогоруда сөз болгон турнирде күрөштү, бирок утулуп калды.

– Уулдарыңызды спортко сиз алып келдиңизби же өздөрү тандаштыбы?

– Өздөрү тандашты. Үйдө күрөш тууралуу сөз болгондуктан бул нерсе балдарыма дагы таасир берди көрүнөт. Кичирээк кездеринде сборлорго ээрчитип алганым болбосо, сунуштаган да, таңуулаган да жокмун.

– Спортко көпчүлүктүн кызыгуусу жылдан жылга артып баратканы сизге даана байкалабы?

– 2010-жылдарга чейин биздин өлкөдө спортту көпчүлүк сүйчү эмес. Эч ким баласын спортчу кылууну көздөчү эмес, юрист, экономист кылууну каалашчу. Ошентип жүрүп азыр балдардын көбү баңги болуп кетпедиби. Ооба, азыр балдарын спортчу кылууга умтулгандар көбөйдү. Жашоодо биринчи кезекте ден соолук керек да, ден соолук – бул спорт. Ал эми үй-бүлөдө баланы жоопкерчиликтүүлүккө тарбиялаш керек. Жоопкерчиликтүү бала гана бир нерсеге умтулат. Анын үстүнө спортто жүргөн бала өз жанына тың болуп, өзүн жакшы карайт.

– Сизди ат оюндарында да көрүп калабыз, ат таптоого да кызыгасызбы?

– Чоң атам Карачолок күлүк таптап чапкан киши болгон. Ошондон уламбы, айтор, кичинемден эле күрөшкө кандай кызыксам, атка да ошондой кызыгам. Айылда жүргөндө ат менен көбүрөөк алектенчүмүн. Кийин спорт мектебине тапшырып, Бишкекке келе бердим. Атка убакыт бөлө албай калган элем, акыркы жылдары күлүк сатып алып саяпкерге таптатып, чаптырып жатам. Быйылкы Нооруз турниринде бир күлүгүм кунан чабыштан биринчи орунду алды. Ага чейин мамлекеттик деңгээлдеги мелдештерде экинчи орунду алып жүргөн. Аш-тойлордо да алдынкы орундарды алып жүрөт.

– Өзүңүз тууралуу дагы кеп болсун, машыктыруучулукка кантип келип калгансыз?

– 1982-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 7 бир тууганмын. Үйдө баарыбыз спортко кызыгабыз. Атам Өскөнбай Союз маалында грек-рим боюнча күрөшүп жүргөн. Туугандарым да спорттон алыс адамдар эмес. Мен 1995-жылга чейин айылда машыккам. Манап деген машыктыруучубуз 1995-жылы бизди Бишкекке алып келип спорттук жатак-мектепке берген. 1999-жылы мектепти бүтүрдүм. Улуттук курамда 74 килограмм салмакта күрөшүп жүрдүм. Бирок жаракат алып, ар кандай себептер менен жыйынтык көрсөтө албай калгам. Улуттук университеттин юридикалык факультетин, андан кийин Спорт жана дене тарбия академиясынын машыктыруучук факультетин, андан соң Дипломатиялык академияны аяктадым. Жеке иштер менен алектенип жүргөнүмдө 2012-жылы грек-рим күрөшү жаатында машыктыруучулук штаб алмашып, Канат Бегалиев менен Азат Эркинбаев келди. Биз спорт мектебин чогуу бүтүргөнбүз да. Ал экөөнө штаттан тышкары жардам берип жүрүп эле, кийин машыктыруучу болуп кеттим.

– Бир учурда жетпей калган максат-кыялдарыңызды орундатуу үчүн машыктыруучу болгондой сезилип жатасыз...

– Туура баамдадыңыз, мен күрөшүп жүргөндө спортто азыркыдай шарт жок эле. Ал учурда биринчи катардагы балдар гана каралчу. Он гүлүнүн бири ачылбай спорттон кеткен балдар көп. Машыктыруучу катары убагында мен кетирген каталарды азыркы балбандар кайталабаса экен деп аларга алдын ала эскертип, колдон келишинче жол көрсөтүп турам. Айрым жөндөмдүү спортчунун үй-бүлөсүндө маселе болушу мүмкүн, ошол учурда кол куушуруп карап турбай туура жакка үндөп, көйгөйүн чечип бергенге аракет кылабыз. Ушундай учурда биздин айтканыбызды эки кылбай аткарган демөөрчү дос, ини, агаларга ыраазычылык билдиребиз. Негизи кыргызда “ынтымак бар жерде ырыс бар” дейт го. Биз арабызга ынтымакты, сый-урматты орнотконбуз. Спортто баарыбыз бири-бирибиз үчүн күйүп, ийгилигибизге кубанып келебиз.

– Алдыда олуттуу мелдештер турат, даярдык жакшы эле жүрүп жатабы?

– Жылдын жарымын өттүк, алдыда рейтингдик турнирлер, Олимпиадага жолдомо берүүчү Дүйнө биринчилиги, андан тышкары Азия оюндары бар. Азыркы тапта Кыргызстандын күрөш боюнча курама командаларынын алгачкылары Түштүк Кореядан сбор өтүп келишти. Даярдык жакшы, буюрса.

– Ийгилик каалайбыз. Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүзгө рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан