БИР БҮРКҮМ. РАЗАКОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ...

  • Самара-Бишкек-Самара багыты боюнча аба каттамы жанданды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: 30дай кесиптик лицей жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттүү курстарга окутууда.
  • Мурдагы вице-премьер, алдамчылыкка шектелип жаткан Жеңиш Разаков үй камагына чыгарылды.
  • Кыргызстанга расмий иш сапары менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер келип кетти.
  • 19-июнда Чүйдүн аймагындагы дыйкандар сугат суусу жетишпегенин айтып Бишкекте митингге чыгышты.
  • Депутат Исхак Масалиев таза суу көйгөйүнүн алдын албаганы үчүн Бишкектин мэриясына кылмыш ишин козгоону сунуштады.
  • 54 мектеп бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөнүн Алтын сертификатына ээ болушту.
  • Өлкөдө 1014 айылда таза суу көйгөйү бар экени расмий айтылды.
  • 20-июнда Сокулуктун Шопоков шаарында мунай базасынан ири өрт чыгып, бир нече автоунаа күйүп кетти.
  • Бишкек ЖЭБи көмүрдөн газга өтүшү мүмкүн экенин 20-июнда энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
  • Улуттук статистика комитети: Өлкөдө күрүчтүн баасы 15 күндө 8 сомго кымбаттады.
  • Таалайбек Байгазиев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Суу ташкынынан улам Тогуз-Торо районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
  • Таласта милиция кызматкери зордуктоо кылмышын жаап-жашырган, ал үчүн пара алган деп шектелүүдө.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги: Өлкөдө 156 жеке медициналык клиника лицензиясыз иштеп жатканы аныкталды.
  • 19-июнда Сузакта 24 жаштагы жигит чагылган тийип каза тапты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан