Профсоюздар федерациясынын мүлкүнүн 55 пайызы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Бул тууралуу 21-июнда Жогорку Кеңеште аталган федерацияны текшерген депутаттык комиссиянын иши боюнча маалымат берүүдө депутат, комиссиянын жетекчиси Шайлообек Атазов билдирди.
– Федерациянын балансында 298 мүлктүн ичинен 134ү гана калган. 164 объект жеке жана юридикалык жактарга мыйзамсыз берилип кеткен. Профсоюздардын мүлкүн сатып алгандар жөнөкөй адамдар эмес, мурдагы министрлер, губернаторлор, депутаттар жана уюмдун мурунку жетекчилери. Бүгүн чара көрүп сактап калбасак, калган мүлктөр да сатылып кетиши мүмкүн. Баарын талкалап бүтүшкөн, 2 мүлктөн башка эч жерди оңдошкон эмес. Ошондуктан президент, УКМК жетекчиси саясий эрк көрсөтүп биздин токтомду колдоп берсе, элдин мүлкүн элге кайтарабыз. Тайсалдабай саясий чечимдерди кабыл алуу зарыл – деди Атазов.
Депутаттар чечкиндүү аракети үчүн Атазовго, ал жетектеген комиссияга ыраазычылык билдирип, аталган уюмдагы мыйзамсыз иштер үчүн күнөөлүү адамдарды тез арада жоопко тартууну талап кылышты.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Анын негизинде депутаттар Профсоюздар уюму жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, сатылып кеткен мүлктөрдү кайтарууга аракет кылганы жатышат.