ДЕПУТАТТАР МАДУМАРОВДУ САДАГА ЧАБЫШАБЫ?

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сураган башкы прокурордун сунушу боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. 22-июнда комиссиянын акыркы жыйыны өттү. Бул арада интернет желесине комиссия депутат Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга уруксат берди деген маалыматтар чыгып, муну парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы четке какты. 21-июнда депутат Исхак Масалиев комиссия өз эрки менен эмес, жогору жактын көрсөтмөсүнө карап чечим чыгарат деген пикирин билдирген. 22-июндагы пленардык жыйында Масалиев Мадумаровду адилетсиз соттордун колуна салып берүү туура эмес болорун эскертти.

Айта кетсек, быйыл 31-майда Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратууну суранып 2-жолу Жогорку Кеңешке кайрылган. Анда парламенттеги ар бир фракциядан жана депутаттык топтордон бирден өкүл кирген депутаттык комиссия түзүлгөн эле. Анын курамына булар кирген: Динара Ашимова - "Ыйман нуру", Гуля Кожокулова - "Бүтүн Кыргызстан", Фарходбек Алимжанов - "Альянс", Кундузбек Сулайманов - "Ата Журт Кыргызстан", Миргүл Темирбаева - "Ишеним", Мурадил Сыдыков - "Ынтымак" фракциялары, Мирлан Самыйкожо - "Элдик" депутаттык тобу, Карим Ханджеза - "Мекенчил" депутаттык тобу. 3 жуманын ичинде депутаттык комиссия бир нече жолу жабык форматта жыйын өткөрдү.

Башкы прокуратура Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга уруксат сурап буга чейин да кайрылып, бирок анда депутаттар уруксат бербей коюшкан эле.

Депутат Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси боюнча кылмышка шектелип жатат. Коомчулукта оппозициялык маанайдагы депутаттын таламын талашкандар көп экени байкалат. Жогорку Кеңеште Мадумаров сыяктуу ачуу сын айткан депутат керек, ансыз парламент кнопка баскыч органга гана айланат деген пикирлер басымдуу. Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү же баш тартуу менен азыркы парламент өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтөт дегендер да бар.

Спикер Нурлан Шакиев Мадумаровдун маселеси күн тартибине киргизилгенин эскертти. Гезит басууга кетерде бул маселе каралганы жаткан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан