Нур Чолпон, ырчы: «ЫДЫК КӨРСӨТКӨН ПОЛКОВНИК КЕЧИРИМ СУРАП ЭЛЕ КУТУЛУП КЕТТИ»

Назик, илбериңки кыз, үнүнө дегеле сөз жок. Бардык жанрда ырды көркүнө чыгара аткара алган таланттуу ырчы Нур Чолпон ушул аптанын негизги каарманы. Аны менен Япониядагы жашоосу, ага ыдык көрсөткөн Кыргыз полковнигинин окуясы, депрессиядан кантип чыкканы тууралуу маектештик.

– Нур Чолпон, учурда Японияда экенсиз, ал жакка кандай жумуштар менен бардыңыз?

– Саламатсыздарбы? Японияга 2022-жылы сентябрь айында келгем. Окуумду бүткөндөн кийин япониялык RCC телерадиокомпаниясынын алдындагы “Отоги Коубоу” компаниясы стажировкага чакырган. Алар мени Ютубдан көрүп, 2 жылдай байкап жүрүп, анан Кыргыз элчилиги аркылуу байланышка чыгышыптыр. Алар менен 2 жылдык келишим түздүк. Апам экөөбүз келгенбиз, чыгармачылыгыма апамдын кошкон салымын, менеджерим, продюсерим экенин айтканымда апамды да мени менен кошо чакырышты. Апам менен да өзүнчө келишим түзүштү, ага айлык төлөп беришет. Келишим боюнча концерттерде, иш-чараларда ырдоого, музыка жаратууга милдеттүүмүн, менеджерлерим мага санатчы катары пайдалуу иш-чараларды, теле, радио эфирлерди таап беришет. Андан сырткары ошол RCC компаниясынын өзүнө да жумушка чакырып жатышат.

– Япониянын жашоосунан, шоу-бизнес, маданиятынан кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?
– Шоу-бизнес, маданият тармагына анчалык сүңгүп кире элекмин. Байкаганым, бул жакта чыгармачыл адамдарга мамиле жогорку деңгээлде экен. Апам экөөбүзгө бардык шарттарды түзүп, кыргызстандык жигитти бизге котормочу кылып беришти. Бардык маселебизди өздөрү чечип турушат. Келишимде бүт нерсе каралыптыр, медициналык камсыздандыруу, эмгек өргүү, ооруп калсаң эмне кыласың, керек болсо кыздардын айыз күндөрүнө чейин жазышат экен, мисалы, аял киши айыз күндөрүндө 3 күнгө чейин дем алса болот. Япон эли ушунчалык сезимтал экен, бири-бирине кичи пейилдик, сый-урмат менен мамиле кылышат. Көчөдө бири-бири менен ашыкча сүйлөшпөйт, бирөөнүн убактысын албайын деген түшүнүк бар. Конокко барганда чай ичкен идишинен бери өздөрү жыйнап, жууп коюшат (күлүп).

Дагы бир байкаганым, маселени аябай узак талкуулап, анан чечишет. Мисалы, компанияда кичинекей эле маселени бир күн кечке конференция өткөрүп чечишет. Апам экөөбүз башында чарчап кетип жатканбыз, азыр көнүп калдык. Ошондуктан мен Японияда жеке концертимди бергенден кийин жарым жылдай үйдө отурдум. Булар ушинтип адамды тапташат экен. Жарым жылдан кийин гана радионун эфирине чыктым, жакында, буюрса, телекөрсөтүүгө чыгам.

– Япон тилинде да ырдап жатасыз, чыгармачылыгыңыз кандай багытта өнүгүп жатат?

– Мен Улуттук консерваторияны композитор катары бүтүрдүм да. Буга чейин Кыргызстанда бир дагы айым композитор опера жаза элек экен. Эң биринчи опера жазган айым композитор мен болдум. Аны агайым Муратбек Бегалиевдин сунушу менен Опера жана балет театрында көрсөттүм. Бул жакта көбүрөөк композиторлук ишиме көңүл бурайын деп ошонун үстүнөн иштеп жатам. 2-3 фильмге музыка жараттым окшойт, режиссёр Айбек Дайырбековдун “Эрмен жыты” фильмине, андан кийин Бишкектеги ыш жөнүндө документалдык фильмге композитор болдум. Ыр жаратуу ишим деле токтогон жок. Мага япон тилинде ырдашың керек деген деле талаптарды коюшкан жок. Толук эркиндик беришти, керектүү аппаратураларды коюп бардык шартты түзүштү. Ушинтип кам көргөнү, Кыргызстанга сый мамиле кылганы үчүн Япония өлкөсүн сыйлап, өзүмдүн демилгем менен япон тилин үйрөнүп жатам.

– Жакшы. Жакында мурунку жумушуңузда харассментке кабылганыңызды айтып чыктыңыз, ошол окуяга кенен токтоло кетсеңиз...
– Ооба, 4 жылдай Борбордук армия үйүнүн солисти катары кызмат өтөдүм. 2021-жылы жол кырсыгына кабылдык, анда 17 музыкантты Баткенге концерт коюуга жөнөтүшкөн болчу. Өзүңүздөр билгендей, ал кырсыкта кесиптешибиз Нурзат Ажыгожоева эжебиз каза болуп калган. Ошол кырсыктан кийин биздин дарылануубузга мамлекет, Борбордук армия үйү бир тыйын да төлөп берген жок. Мен, мисалы, жаракат алдым, ошонун айынан бетимде тырык калды. Бизди башында аскер ооруканасына жөнөтүшкөн да, ал жерден бизге ооруну басаңдатуучу дары берип, жаракаттарыбызды мүмкүн болушунча жеңил көрсөтүп, жымсалдап чыгарып салышкан. Башка ооруканадан дарыландым, дале дарыланып жүрөм. “Компенсация” төлөп беришсин деп арыз жазганбыз, натыйжа чыккан жок.

Ушул кырсыктан кийин Кара-Балтага концерт коюп барганбыз. Күндүзгү саат 1, ресторанда кадимкидей эле аскердик иш-чара өтүп жаткан. Офицерлер, полковниктер ичип алышкан экен. Кезегим келип, ырдап жатсам Аджиев деген полковник мага ыдык көрсөтө баштады. Кармалап, ары-бери сүйрөп... Буга видео далил бар. Ал сүйрөп жатса офицерлер аны кой дебестен, кайра мени шылдыңдап, менин жолумду тороп, качайын десем качырбай, алар дагы мени кармалаганга аракет кылышып... Ошол жерде тургандар, бизди алып барган командирлер да унчукпай былтыйып карап турушту. Концерт бүткөндөн кийин бир офицерге кечирим сурап койсун, болбосо арыз жазам десем силер бул жерге биздин көңүлүбүздү ачыш үчүн келгенсиңер деп кайра мени мыскылдады. Биринчи жолу ушундай окуяга кабылып, жаман акыбалда калдым. Кайра Бишкекке келатканда кесиптештериме даттанып ыйласам андай нерсе болуп турат, чыдап коюшуң керек деп сооротушту. Көп өтпөй ошол ресторандан видеожазууну алдырдым. Анан апам экөөбүз Борбордук армия үйүнө барып, коргоо министринин атына арыз жаздык. Полковник Аджиевди чакыртып, офицерлердин көзүнчө менден кечирим суратышкан. Башка эч кандай жаза беришкен жок, кечирим сурап эле кутулуп кетти. Бул окуя мага катуу травма болду, депрессияга түшүп кеттим.

– Эмне үчүн бул окуяны эми айтып чыктыңыз?

– Анткени ал кезде эч кимдин сөзүн көтөрө алмак эмесмин. Эл аны талкуулай баштаса депрессиям ого бетер күчөп кетмек. Анын үстүнө ал кезде окуяны “спокойно” айтып бере алмак эмесмин, ыйламакмын. Ал жараатымды айыктырыш үчүн 1-2 жыл убакыт керек болду. Депрессиядагы адамдын иммунитети да түшүп кетет экен, ал кезде бат-баттан эле ооруп жаттым. Тумоолоп 3 ай оорудум. Ошондуктан эч качан депрессияга түшпөгүлө дейт элем.

– Анан депрессиядан кантип чыктыңыз, ким жардам берди?
– Ошол жылы консерваториянын бүтүрүүчүсү элем. Дипломдук иш катары опера жазып калдым. Оркестрде 40 музыкант, 40 аспап бар. Ырчылардын үнүнө жараша ар бирине өзүнчө музыка, сценарий жазыш керек. Бул өтө татаал жумуш. Түндө опера жазып, күндүз иштеп жүрдүм. Ушинтип алаксыдым. Анан “максат китепчесин” ачып, ал жакка тилектеримди жазганды адатка айланттым. Андагы тилектердин баары ишке ашты. Операны койгондон кийин Японияга келдим. Жаңы өлкө, жаңы сезимдер, мага түзүлгөн жакшы шарттар депрессиядан чыгууга салым кошту. Апам дайыма жанымда. Бул өлкөдө жан дүйнөм тынчтык тапты. Мына эми жарым жыл эс алгандан кийин энергиям толуп, кайрадан иштегим келе баштады. Негизги максаттарымдын бири – адамдарды, улуттарды, өлкөлөрдү бириктире турган чыгармаларды жаратуу.

Гулийпа Маметосмон кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан