Темирлан Султанбеков, саясатчы: «АТАМБАЕВ МЕНЕН ЖЭЭНБЕКОВ АЗЫР ДОС ДА, ДУШМАН ДА ЭМЕС»

Жаш саясатчы, саясий дебаттардын жылдызы, Социал демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков түрдүү темада баарлаша турган кызыктуу инсан. Каарманыбыз “саясатта муун алмашса, мындан ары саясатчыларды, алардын оппоненттерин эмес, сотторду, прокурорлорду жоопко тартуу күчөшү керек” дейт.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 12-сентябрь

Туулган жери – Балыкчы шаары

Билими – жогорку

Кыялы – бирөө болуу эмес, бир нерсе кылуу

Билген тилдери– орус, англис, немис тилдеринде эркин сүйлөйт

Салмагы – “акыркы эки жылда 17 килограммга арыктадым” дейт

– Куш келипсиз Темирлан! Маегибизди алгач Социал демократтар партиясына кантип келип калганыңыздан баштасак?

– Саламатсыздарбы, мен мектепте окуп жүргөндө Алмаз Шаршенович президент эле. 2015-жылы БУУнун суу ресурстары боюнча конгрессине катышып калдым. Ошол кезде эле көп депутаттар, саясий активист, коомдук ишмерлер менен тааныш элем. Бирок 18 жашка толо электигиме байланыштуу партияга мүчө боло алган эмесмин. 2016-жылы 18ге чыкканда, туулган күнүмдө Социал демократтар партиясына мүчө болуп кабыл алындым. 2021-жылдан бери партия лидеримин. Биздин партия башынан көп кризистик учурларды кечирди. Бирок биз ал абалдан чыга алдык, ал гана эмес шаардык кеңешке шайлоолордо 11 шаардын жетөөсүнөн мандат алдык. Учурда өзүм “Социнтерндин” вице-президенти болуп да иштейм, жумушум аябай көп, бүгүн кечинде (ред.: 21-июнь) Түштүк Америкага учуп кетем, андан кийин Стамбулга, айтор, такай активдүүбүз.

– Саясий дебаттардын жылдызысыз, сиздеги оратордук шык табияттанбы же кийин калыптандыбы?

– Кийинчерээк калыптанды деп ойлойм. Сүйлөш үчүн да билим, мээ керек. Кээ бирлер “дебатка жакшы даярданып келипсиң” дешет, дебатка даярдануу мүмкүн эмес. Мен, мисалы, дебаттарга даярданбайм. Ага адам ар дайым даяр турушу керек.

– Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары анын кемчиликтерин деле айта аласызбы?

– Кемчиликсиз адам болбойт, Алмаз Шаршеновичтин чоң кемчилиги – социалдык түйүндөрдү колдонбогону. Бул саясатчы үчүн абдан маанилүү. Анткени элдин көйгөйүн социалдык тармактардан түз угууга мүмкүнчүлүк бар. Ал жактагы жарандардын пикирлерин талдап, аткаруу бийлигине тапшырма берүүгө болот. Президент болуп турган убагында, балким, убактысы аз болгондур. Бирок азыр 100 миллиондогон эли бар мамлекеттерди башкарган президенттер да социалдык тармактарда активдүү. Экинчиден, абдан ишенчээк, бул сапат азыркы президент Садыр Жапаровдо да бар. Саясатчылар эч кимге ишенбеши керек. Бүгүн Садыр Жапаров Асман шаары курулат, Судандан бирөөлөр инвестиция кылат деп айтты. Жыйынтыгы чыга электе кандайдыр бир иштер тууралуу айтып салуу да кичине туура эмес. Алмаз Шаршеновичтин тушунда “Лигласс”, “Русгидро” компаниялары менен ушундай болгон. Болбосо “Лиглассты” Чехиянын президенти өзү сунуштаган экен, жакшы компания, силерге чакан ГЭСтерди куруп берет, иштешкиле деп. Ага ишенип келишим түзгүлө деп өкмөткө тапшырма берген да, аягында эмне болду? Ал компания эч нерсе жасаган жок. “Русгидро” менен да ушундай болгон, жөн эле убакытты созуп эч нерсе курбай койгондо келишимди жокко чыгардык. Ошого Судандагы бирөө кантип чоң шаар курууга акча салмак эле дейм да. Мамлекеттик сыр деген болот, эл президенттин айтканына ишенип, эгер ал долбоор ишке ашпай калса бийлик тууралуу жаман ойдо калышы мүмкүн да.

– Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлүп жатат, буга оюңуз кандай?

– Эдил Байсаловго көп сын айтам, бирок бул окуяда Байсаловдуку туура. Вице-премьер министр күндө эле парламентке келе бербеши керек, анын да иши бар. Өкмөт мүчөлөрү күндө эле Жогорку Кеңешке келип отчёт бере берсе, анда ким иштейт? Парламенттин негизги функциясы – эл менен иштөө, мыйзам чыгаруу, ачык эле айтыш керек, өкмөттүн ишине көп кийлигишип жатышат. Ошол эле учурда өкмөт мүчөлөрү да депутаттарга туура түшүндүрүп биргеликте иш алып барса туура болмок.

– Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун элдешкени боюнча эмнелерди билесиз?

– Бул окуяны майда-чүйдөсүнө чейин билбейм. Менимче, экөө азыр дос да эмес, бирок жаман мамиледе да эмес. Атамбаев Сооронбай Шариповичтин президент кезиндеги жүргүзгөн саясатына каршы болгон, азыр ал президент эмес, ага эмнеге таарынмак эле. Ал кишиге эл өз баасын берди. Көрдүңөр, 2020-жылкы төңкөрүштү... Анын жакындары кызматтан алынды, кеңешчилери, кудалары, эжеси, айтор, айланасында жүргөндөр камалды. Асылбек Жээнбеков бир нече чакырылыштын депутаты болгон, кийин эл шайлабай койду. Эл баасын бергени ушул да. Мага Сооронбай Жээнбековду жамандап жүрүп силер эле кетирдиңер дешет, мен өмүрүмдө ал кишини жамандаган эмесмин. Бирөөнүн артынан жамандачу сапатым жок. Журналисттер же башкалар сураса, жүргүзгөн саясаты тууралуу кемчиликтерин бетине эле айтып келгем.

– Дубайда экс-президенттердин жолугушуу кечесинен Атамбаев “англисче” чыгып кеткени тууралуу айтылган, бул тууралуу өзү эмне дейт?

– “Англисче” кетип калды деп белгилүү орусиялык саясий талдоочу айтып чыкты, ал сөздү Атамбаев айткан эмес. Атамбаев эмнеге ал чогулуштан чыгып кеткен? Анткени ошол жерден экс-президенттердин бири “Бакиевди да Кыргызстанга алып келиш керек” деп маселе көтөрүптүр, ошондо Алмаз Шаршенович ал сунушка каршылык билдирип чыгып кеткенин айтты. Курманбек Бакиев деле өз маегинде “Атамбаевдин айынан чогулуштун аягына чыкпай калдык” деп жатпайбы, демек, аны Кыргызстанга алып келүү тууралуу сөз болгону анык.

– Тажикстанды куралдуу агрессиясы үчүн эл аралык сотко берүү боюнча маселе көтөрдүңүз эле, ал эмне болду?

– Былтыр июль айында Гаага шаарына барып келдим, эл аралык соттордун сессияларына катыштым. Ошол жактан Тажикстандын эки жолку кол салуусун, агрессиясын далилдеген факытлар бар десем, алар биз бул маселеге кийлигишүү үчүн Кыргызстан Рим статутун ратификациялашы керек деп айтышты. Тажикстан аталган Рим статутун ратификациялаган. Эгер парламент Рим статутун бекитип берсе, Тажикстан боюнча сот башталат. Бүгүнкү күндө кыргыз парламенти өзүнүн түз функцияларын аткарбай жатат, Эдил Байсалов менен кайым айтышып эмне кылышат, андан көрө Рим статутун ратификация кылбайбы.

– Сизде саясатка кызыгуу качан башталган?

– Саясатка кызыгуу тарых сабагына болгон сүйүүмдөн башталган. Мектепте тарых сабагы боюнча республикалык Олимпиадаларга катышып жеңип келчүмүн. Орусияда окуп жүргөндө ага кошо орусиялык “Единая Россия” саясий партиясынын парламентаризм мектебинин биринчи агымынын бүтүрүүчүсү болгом. Сынакка 6000ге жакын студент катышып, арасынан 200 гана студент мектепти бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

– Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, карындашым Любляна шаарында окуйт, иним Бишкектеги мектептердин биринде билим алат. Атам эл аралык уюмда иштейт, апам убактылуу үй кожойкеси. Балалыгым Балыкчы шаарында өттү.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан