ДҮЙНӨ ЭЛИНИН СЕРГИТКЕН МУЗДАК ТАМАКТАРЫ

Ысыкта ысык тамакка табит тартпай кыйналдыңызбы? Анда сиз үчүн дүйнө элинин ашканасынан муздак тамактар парадын сунуштайбыз. Башкысы, алар колдо бар, көпчүлүккө жеткиликтүү азыктардан даярдалат. Анда кеттик, меню жаңырталы!

БОЛГАР ТАРАТОРУ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Айран (1%) – 800 миллилитр

Бадыраң – 2 даана

Чамгыр (редиска) – 100 грам

Грек жаңгагы – 100 грамм

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Сарымсак – 3 тишче

Укроп – жарым боо

Каймак – 120 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Бадыраң менен чамгырды жууп, тазалап, сүргүчтүн чоң тишинен өткөрөбүз.

2. Сарымсакты, грек жаңгагын, укропту майда тууроо керек. Айран, каймак, өсүмдүк майын бир идишке куюп, үстүнө даярдап алган азыктардын баарын салып, туз, мурч себелеп аралаштырабыз. Бат даярдалчу жайкы сергиткен шорпобуз даяр!

ИСПАН ГАСПАЧОСУ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Жакшы бышкан помидор – 1,2 килограмм

Бадыраң – 300 грамм

Сельдерей сабагы – жарым боо

Кызыл болгар калемпири – 300 грамм

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 2 тишче

Алма уксусу – 20 миллилитр

Зайтун же өсүмдүк майы – 40 миллилитр

Томат ширеси – 600 миллилитр

Райкан же шпинат – табитке жараша

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидорлорду кайчылаш тилип, үстүнө кайнак суу куябыз. 15 мүнөт коюу керек. Ал эми болгар калемпирин тазалап электр табасына салып, 200 градус ысыкта 15 мүнөт коюп чыгарабыз. Булардын кабыктарын аарчып майдалоо керек.

2. Бадыраңдын бирөөсүн алып калып, калганын башка жашылчалар менен кошо майда бөлүктөргө бөлүп, туз себелейбиз. Баарын блендерге салып эзип алуу кажет.

3. Эзилген жашылчаларга томат ширесин, алма уксусун, майды кошуп аралаштырып, идиштерге куябыз. Бадыраңды майда туурап, үстүнө кошуп, ашкөк менен мурчтан себелеп коёбуз.

ГРУЗИН САЦИВИСИ

Керектелүүчү азыктар (3-4 порция үчүн):

Тоок саны – 1 килограмм

Пияз – 2 баш

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Грек жаңгагы – 150 грамм

Сарымсак – 6 тишче

Кинза – 1 боо

Лавр жалбырагы – 4 даана

Хмели-сунели – 1 чай кашык

Кызыл ачуу калемпир – 0,5 чай кашык

Алма же шарап уксусу – 3 аш кашык

Тоголок кара мурч – 1 чай кашык

Туз – 2 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Казанга тоок этин салып, көмөр-көмбөс суу куюп отко коёбуз. Кайнап чыкканда көбүгүн алып, 1 чай кашык тузду, тоголок мурчту, 1 баш пиязды аарчып бүтүн бойдон салабыз. Жай отто 40 мүнөт бышыруу керек. Даяр болгондо лавр жалбырагын салып, дагы 5-10 мүнөт коюп оттон чыгарабыз. Этин чыгарып, шорпосун да, этин да муздатабыз.

2. Калган пиязды сүргүчтөн өткөрүп же эт туурагыч менен эзебиз. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, ысып чыкканда пиязды салып 5 мүнөт кууруу кажет.

3. Жуулуп, тазаланган сарымсак, кинза, грек жаңгагын эт туурагычтан өткөрүү керек. Анын үстүнө куурулган пиязды салып, тоок шорпосун аз-аздан кошуп аралаштырабыз. Өтө суюк, өтө коюу болбошу керек. Үстүнө татымалдарды, калган тузду, уксусту кошуп аралаштырабыз. Соусубуз даяр.

4. Муздаган тоок этин идиштерге бөлүп салып, үстүнө соустан жаба куюп коёбуз.

ОРУС КЫЗЫЛЧА ШОРПОСУ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Бөдөнө жумурткасы – 8 даана

Кызылча кайнатмасы – 1 литр

Духовкада бышкан картошка – 200 грамм

Бадыраң – 100 грамм

Петрушка же көк пияз – 4-5 талча

Каймак (20%) – каалоого жараша

Кызылча кайнатмасы үчүн:

Пияз – 1 баш

Сабиз – 1 даана

Сельдерей сабагы – 3 талча

Кызылча – 300 грамм

Сарымсак – 3 тишче

Суу – 1 литр

Алма же шарап уксусу – 60 миллилитр

Туз, кумшекер – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Картошканы духовкада бышыруу оңой эле. Тууралган картошкаларга туз, мурч себелеп, 200 градустагы электр мешине 20 мүнөт коюп кызарта бышырып, муздатып алабыз.

2. Кызылча кайнатмасына керектүү жашылчаларды аарчып-жууп, майда төрт чарчы же керте туурап алабыз.

3. Сууну мискейге же казанга куюп, туз, кумшекер татытып кайнатабыз. Жашылчаларды бышуу убактысына карап кезектетип салабыз. Биринчи кызылча салынат. 5 мүнөт кайнаган соң сабизди, пиязды салабыз. 10 мүнөттөй кайнатып, сельдерей менен сарымсакты кошуп, 8 мүнөт кайнатып чыгарабыз.

4. Шорпону салкын жерге коюп муздатабыз. Жылмык абалга келгенде үстүнө уксусту куюп аралаштырабыз. Идиштерге куябыз.

5. Бадыраңды туурап кошуп, үстүнө сууга бышкан бөдөнө жумурткасын тең экиге бөлүп салабыз. Акырында каймактан 1 аш кашыктан салып, тууралган ашкөктөн себелеп коёбуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан