Аделя Сейитова, ЖРТдан эң көп упай алган окуучулардын бири: “ТҮРКИЯДАГЫ ЖОЖдордун БИРИНЕ ТАПШЫРУУ КЫЯЛЫМ БАР”

20-июнь күнү Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жарыяланып, Алтын сертификат алган 54 бүтүрүүчүнүн ысымы аталды. Бишкек шаарынан 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан 4, Чүйдөн 2, Ысык-Көлдөн 2, Нарындан 2, Баткенден 2, Таластан 2, Жалал-Абаддан 1 бүтүрүүчү алтын сертификатка ээ болушту. Тестирлөөдөн 234 упай алып, жалпы тизмеде 2-орунду ээлеген “Маариф” мектеп-комплексинин бүтүрүүчүсү Аделя Сейитованы кепке тарттык.

– Аделя, салам! ЖРТдан эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесине киришиң менен куттуктайбыз!

– Рахмат, азыркыга чейин толкунданып жатам. Сүйүнүчтүү кабарды мага класс жетекчим угузду, башында ишенген жокмун. Эми гана жеңишиме көнүп баратат окшойм. Учурда классташтарым, туугандарым, айтор, баары четинен куттуктап жатышат.

– Тестирлөөгө катышып жатканда жогорку упай алам деген ишеним бар беле өзүңдө?

– Бул тестирлөөгө жыл башынан эле даярданып баштагам. Жогорку упай алышыма көп адамдар себепкер. Бул үчүн окуучуга бардык тараптан колдоо күчтүү болушу керек. Учурдан пайдаланып мени атайын ЖРТга даярдаган ийримдерге окуткан ата-энеме рахмат айтам, анткени билим алууда ата-эненин каржылык колдоосу көп нерсени чечет. “Маариф” мектебиндеги мугалимдериме ыраазычылык билдиргим келет. Чынында тест тапшырып жатканда Алтын сертификат алып калсам деген кыялдар болгон, бирок анын минтип ишке ашарын күткөн эмесмин. Көрсө, аракет кылсаң болот экен.

– Келечегиңе кенен жол ачылды, буюрса, кайсы жогорку окуу жайга тапшырайын деп жатасың?

– Азырынча тандоо этабында турам, бирөөсүнө токтоло элекмин. Эгер Кыргызстанда болсо Борбор Азиядагы Америка университетине тапшырсамбы деп ойлонуп жатам. Бирок өзүм түрк мектебин бүтүргөндүктөн Түркиядагы университеттердин бирине тапшыруу кыялдарым да бар. Экономика жана бизнес жаатында билим алгым келет. Билим кенен, ала берели, кийин сөзсүз өлкөнүн келечегине пайдабыз тиет деп ойлойм.

– Учурда көп ата-энелер балдарын жеке менчик мектептерге бергенге аракет кылып калышты, себеби билимдин сапаты элеби?

– Мамлекеттик мектептерде деле жакшы окуткан окутуучулар бар. Бирок жеке мектептерде, менин билишмче, башка систем менен окутушат. Мисалы, сынчыл ой жүгүртүүгө, тил үйрөтүү терең окутулат.

– ЖРТ тапшырууда кыйынчылыктар болгон жокпу?

– ЖРТ тапшырардын алдында ооруп калдым. Ошол учурда тапшыра албай каламбы деп аябай кабатыр болгонум эсимде. Бирок баары жакшы өттү, шүгүр.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан