Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КОШ БОЙЛУУЛАР ҮЧҮН КӨНҮГҮҮЛӨР

№429 21-27-январь, 2011-жыл.


Айымдарга кеңеш

“Кош бойлуулар көп кыймылдашы керек” деген адистердин кеңешин ар бир эле айым укса керек. Кыймылдаганда жүк көтөрүп, кара жумуш жасап эмес. Төрөт учурунда энелерге бир топ жеңилдиктерди алып келүүчү көнүгүүлөр бар, ошолор менен таанышып коюңуздар. Бардык көнүгүүлөр күнүнө 3-4 жолудан жасалуусу кажет.

КОШ БОЙЛУУЛУКТУН 16 ЖУМАСЫНА ЧЕЙИН ЖАСАЛЧУ КӨНҮГҮҮЛӨР:

  1. Колду белге таянып, денени түз кармап, башты өйдө көтөрүп, тамандын сырткы капталы менен 1-2 мүнөт басуу керек.
  2. Эки бутту бириктирип түз турабыз, эки колду бир убакытта алдыга көтөрүп дем алып, колду түшүргөндө дем чыгарабыз.
  3. Денени оң жакка бурганда колдорубузду сол тарапка көтөрөбүз. Денени сол тарапка бурганда колдорубузду оң жакка бурабыз. Тизе бүгүлбөшү керек.
  4. Бутту ийиндин кеңдигинде ачып, колду алдыга сунуу менен жерге карай ийилебиз.
  5. Башты чалкалатпай түз кармап, колду бөйрөккө таянып, денени айлантуу зарыл.
  6. Колду алдыга көтөрүү менен дем алып отурабыз, кайра дем чыгарып турабыз.
  7. Чалкабыздан түз жатабыз. Эки бутту тең өйдө көтөрүп дем алабыз, дем чыгаруу менен кайра түшүрөбүз.
  8. Чалкабыздан жатып, жамбашты өйдө көтөрүп, кайра түшүрөбүз. Бул 4-6 жолу кайталанчу көнүгүү.

17 ЖУМАДАН 31 ЖУМАГА ЧЕЙИНКИ СУНУШТАЛЧУ КӨНҮГҮҮЛӨР:

  1. Эки далыны артка тартып дем алып, далыны калыбына келтирүү менен дем чыгарабыз.
  2. Дагы деле 17 жумага чейин жасап келгендей колду бөйрөккө таянып, тамандын сырткы капталы менен 1-2 мүнөт басабыз.
  3. Чалкабыздан жатып, эки колду эки жакка сунуп, улам бир колду экинчи колго тийиштиребиз.
  4. Колду бөйрөккө алып түз жатып, эки бутту шайтан араба тээп бара жаткандай айлантуу зарыл.
  5. Оң каптал менен түз жатып, эки колду башка жаздап, бутту алдыга 5-6 жолу көтөрүү керек. Бул көнүгүүнү кайра сол капталга оодарылып жатуу менен кайталайбыз.
  6. Таякчаны эки колдоп алдыга кармап, денени оңго-солго бурабыз. Оң жака да, сол жакка да төрт жолудан.
  7. Бутту ийиндин кеңдигинде ачып, белди бүкүрөйтүп, далыбызга таякчаны коёбуз. Анан таякчаны жерге түшүрбөстөн денени акырындан 4 жолу айлантабыз.
  8. Эки кол менен таякчаны таянып, денени түз кармоо менен жамбашты 5-6 жолу айлантуу кажет.

32 ЖУМАДАН ТӨРӨГӨНГӨ ЧЕЙИН СУНУШТАЛЧУ КӨНҮГҮҮЛӨР:

  1. Үстөлгө отуруп колду тизеге коюп, анан эки колду эки жакка жайып, кайра тизеге алып келебиз.
  2. Үстөлдүн кырын кармап, бутту ийиндин кеңдигинде ачып, 4-5 жолу отуруп-турабыз.
  3. Үстөлгө отуруп, колду тизеге коюп, оңго-солго кыйшаябыз.
  4. Үстөлдүн кырын кармап, улам бир буттун учу менен 7-8 жолу турабыз.
  5. Үстөлдүн кырын кармап улам бир буттун учу менен туруп, тизебизди бүгөбүз.
  6. Үстөлгө отуруп, улам бир бутту оңду, солду карай көтөрөбүз.
  7. Эки тизебизди бүгүп чалкабыздан жатабыз да, колубуз менен жер таянып жамбашыбызды 4-5 жолу өйдө көтөрөбүз.

БОЛОЧОК ЭНЕЛЕРГЕ ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШ

Сырткы кийим тандоодо...
Сырткы көйнөк кадимки өлчөмүңүздөн эки өлчөмгө чоң болушу кажет.
Териге жагымсыз маанай бербеш үчүн дайыма үтүктөлүүгө тийиш.
Көйнөктүн сыртынан эч кандай кур тагынбоо керек.
Синтетикасы көп, абаны жакшы өткөрбөгөн кездемеден көйнөк кийүү туура эмес. Анткени дене дем ала албай кысылат.

Бут кийим тандоодо...
Бут кийимди тандоодо сырткы кийимдей эле 1 же 2 өлчөмгө чоң алыңыз. Анткени көпчүлүк айымдардын таманы сөзсүз шишийт.
Салмактын оорлошунан улам басууда бутка көп күч келет. Ошондуктан бийик такалуу бут кийим сунушталбайт.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
22.01.2011. 20:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
18-07-2010
Соӊку аракети:
28-02-2018 09:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоооон рахмат! Кенештеринер мага абдан керек болчу.
23.01.2011. 12:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
26-03-2010
Соӊку аракети:
24-02-2012 11:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Я хочу ребенка, я оооочень хочу ребенка!!!!!!!!!!!!! :((((((
24.01.2011. 11:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
16-01-2011
Соӊку аракети:
10-02-2011 14:39
Жынысы:
Белгисиз
0
чооон рахмат!ишиниздерге ийгилик. мага аябай жакты
24.01.2011. 15:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
22-01-2011
Соӊку аракети:
16-03-2013 15:12
Жынысы:
Белгисиз
0
мен созсуз колдоном буюрса уйлонсом
25.01.2011. 02:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
462
Катталган:
25-03-2007
Соӊку аракети:
06-09-2017 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
0
maga achylbai jatat saittyn surottoru bardygy
25.01.2011. 22:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
07-11-2010
Соӊку аракети:
30-10-2013 16:51
Жынысы:
Белгисиз
0
билип алдык ракмат
26.01.2011. 03:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
07-10-2010
Соӊку аракети:
21-09-2018 12:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
мы тоже с мужем оооочень ооочень сильно хотим ребенка третьего при чем мальчика, так как у нас уже есть двое прекрасные девочки,так что жду ответа
02.03.2011. 17:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
01-02-2011
Соӊку аракети:
30-06-2011 22:08
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты. ушундай ирети мн колдоно турган конугуулор керек болуп жаткан чоон рахмат сиздерге
20.04.2011. 13:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
16-04-2011
Соӊку аракети:
13-10-2011 10:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Оор жук котуруп, энкейип кир жууган, уйкуга тойбосо балага таасир этеби?
Себеби мен кош бойлуу кезимде ушулардын баарын кылгам. Уйкуга такыр тойгон эмесмин.
22.07.2011. 09:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
07-04-2011
Соӊку аракети:
12-03-2018 12:35
Жынысы:
Белгисиз
0
кенешинерге чон рахмат супер инфо ушундай пайдалуу нерселерди коп жазып тургула ишинерге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: