Уларбек Бекеев, 63 жашта: “СЫЙПАЛАМА ТЕЛЕФОНДОН КӨРӨ, БИР БЕТ ГЕЗИТ ОКУГАНЫМ ЖАКШЫ”

Редакциябызга 63 жаштагы Уларбек Бекеев аттуу окурманыбыз баш бакты. Кызыктуу инсан экен, гезитибизди 20 жылдан бери эч бир санын калтырбай окуй турганын айтат.

– Куш келипсиз, Уларбек мырза, гезитибиздин дайымкы окурманы экенсиз?

– Ооба, силердин кеңсеңерде “местный” деле болуп калдым. Жума сайын атайын редакцияңарга келип гезит алып кетем.

– Сиз жашаган аймакта гезит сатпайбы?

– Сатат, албетте. Бирок гезитти өзү даярдалган жерден сатып алуу башкача сезим да, кызым (күлүп).

– Албетте. Гезит бетин ачканда биринчи кайсы макалаларды окуйсуз?

– Биринчи эле 4-бетиңердеги саясий жаңылыктарды окуйм, өлкөдө эмне болуп жатканы кызык болот. Улуу муундагы залкарлардын эскерүүлөрүн, өмүр таржымалын окуйм. Кызыгы, жарым саатта эле бардык беттерин окуп бүтүп коём, дагы көбүрөөк жазсаңар жакшы болмок. Мага окшогондор сканворд толтурат, сериал, маектерди окуйт эле да.

– “Супер-Инфону” канча жылдан бери окуйсуз?

– Гезит чыга баштагандан бери окуйм. Мурда жума сайын өзүм жашаган Кызыл-Аскердеги дүкөнгө мага Супер-Инфо алып кой деп дайындап кетчүмүн. Ишемби же жекшемби эмес, такай жума күнү алам. Чыкканда эле “свежий” окубасам, дүйнөдө болуп жаткан маанилүү окуялардан артта калгандай сезе берем өзүмдү.

– Кандай сунуштарыңыз бар, дагы кандай макалаларды окугуңуз келет?

– Сунушум, жаштарга көбүрөөк ыктайсыңар, мисалы, мага улуу муундагылардын өмүр-таржымалы кызык. Байдылда, Мидин ким болгон, Куйручук атабыздын өмүр таржымалы тууралуу жазсаңар жаштарга да, бизге да көп пайдалуу маалымат болмок. Азыркы муун каада-салтты унутуп баратат, эч нерсени билбейт, түшүнбөйт. Улууга орун бергенди, айрымдар ата-энени сыйлаганды билбейт. Ыйман кийимде эмес, жүрөктүн толтосунда болот да. Биздин замандын адамдарында жүрөгүндө ыйман болчу эле. Ошол биздин жаштардын ыйманы, жан дүйнөсүндөгү мээримдүүлүктү, зиректикти ойгото турган макалаларды жазсаңар деген сунушум бар.

- Акындык да өнөрүңүз бар экен, ыр жазам деп калдыңыз?

– Ооба силердин гезиттен окуган маектерден, эскерүүлөрдөн таасирленип ыр жазып жиберген учурларым болот. Бир нерседен катуу таасирленгенде эргүү келип калат. Малик Аликеев жөнүндө ырым бар, Дубайда сынактан биринчи орунду алып келген жалал-абаддык кыздын маегин окуп алып да ага арнап ыр чыгаргам. Мындан сырткары энелерди сыйлагыла, ата-эненин баркын билгиле деген таалим ырларым бар.

– Гезиттерди чогултуп жүрүп, азыр үйдө жыйылып турат деп калдыңыз?

– Ооба, аялым үйдү жыйнап, тазалап баштаганда гезиттеримди ыргытып жибербесин деп аркы-берки бөлмөгө өзүм ташыйм. Тийбегиле, турган жеринде болсун деп айтам. Интернет, балким, жаштарга ыңгайлуудур. Бирок мен азыркы сыйпалама телефондон жаңылык окугандан көрө, гезиттин бир бетин окуганды артык көрөм. Кол телефонум да баскычтары бар жөнөкөй телефон. Мага окшош эски адамдар көп да, гезит-журналды шашпай алып келип алып, ысык чай ичкенче окуган кандай сонун.

– Маегиңизге чоң рахмат! Көп жашаңыз!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан