“БАЛДАР КУСА БОЛУП, ЭНЕ ЖЫТЫН ИЗДЕШЕТ...” Балдар баш калкалаган жайдан баян

Бишкектеги Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү коргоо борборунда 40ка жакын бала тарбияланат. “Бул жерде түрдүү тагдырдагы балдар баш калкалашат. Ата-энеси көчөгө таштап кеткендер, энеси же атасы аракеч, баңги болуп кароосуз калгандар, үй-бүлөсүндө зомбулукка, ур-токмокко кабылып, тийиштүү министрликтин кызматкерлери алып келгендер, ата-энелик укуктан ажыраган жарандардын да балдары бар”,- дешет борбордун кызматкерлери. Макаланы даярдоо алкагында аталган борбордогу ар бир тайпаны кыдырып чыктык. Балдар ата-эне мээримине, сүйүүсүнө абдан зар экенин алардын үмүттүү караган көздөрү эле айтып турат.

Гүлжан Ашымова, Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү коргоо борборунун директорунун орун басары: “БУТКА ТУРУП АЛГАНДА КЕЛИП БАЛДАРЫН АЛЫП КЕТКЕНДЕР БАР”

– Ушул борбордо 23 жылдан бери педиатр болуп иштейм. Бул жакта төрөлгөндөн тарта 4 жашка чейинки балдарды карайбыз. Учурда бизде 37 бала бар. Көчөдө ташталган, ата-энелик укуктан ажыратылгандардын балдары, турмуш шартынан улам кыйналып бага албай баласын таштап кеткендер да бар. Бирок андайлардын көбү кийин бутуна туруп, жашоо шартын оңдоп алгандан кийин кайра келип балдарын алып кетишет. Ата-энеси баңги, аракеч үй-бүлөнүн балдары каралбай калганын кошуналары, жакындары тийиштүү органдарга кабарлап, алар баланы үй-бүлөсүнөн тартып алып, бизге жайгаштырышат. Ар бир райондо Социалдык өнүгүү министрлигинин балдарды коргоо башкармалыгы бар, анда иштегендер андай үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүп, байкап турушат. Эгер ата-эне жаман жолдон кайтып, жашоосун жакшыртса, баласы кайтарылып берилет. Антпесе бала 4 жашка чейин бизде калат, асырап алгандар болот, 4 жаштан кийин Беловодскийдеги балдар жатак-үйүнө өткөрүп беребиз. Мурун таңдайы жок, нышан (эрини жырык) балдарды көп таштап кетишчү. Азыр көбү жашоо шартынын начардыгынан баласын бага албай таштап кетип жатышат. Балдар келгенде медициналык текшерүүдөн өтүп, кандай илдеттери бар-жоктугу аныкталат. Анан да бизге келген балдар өсүү деңгээли жагынан өзү теңдүүлөрдөн артта калгандар болушат. Биздин логопед, тарбиячыларыбыз алар менен тыгыз иштешет, ошондуктан кадимкидей өзгөрүп, өңүнө чыгып калышат. Негизи кароодон көп нерсе көз каранды, бала жакшы каралса эле оорубайт, өсүүсү да жакшы болот.

“22 ЖАШТАГЫ КЫЗ БУРКУРАП ЫЙЛАП...”

– Бизге чет өлкөдө кароосуз калган мигранттардын балдарын да алып келишет. Жакында эле Москвага барып энеси баш тарткан 1 айлык ымыркайды алып келдим. Бир жолу 22 жаштагы кыз жаңы төрөлгөн ымыркайын көтөрүп келди. Төрөтканадан чыгып эле бизге келиптир. Көздөрүнөн айласыздыкты байкадым, барарга жери жок экен. Эже, баламдан баш тарткым келбейт, бирок кайда барарымды билбейм деп буркурап ыйлайт. Ошондо энелик кеп-кеңешимди айттым,ата-энеңе түшүндүрүп айт, бирөөдөн уккандан көрө, өзүңдөн укканы жакшы деп узаткам. Ал кыз ата-энем урушат, эл эмне дейт деп таштап кеткен. 3 айдан кийин кайра келип баласын алып кетти. Көрсө, төрөттөн кийин тону түшпөй калып операция жасатыптыр. Бизге келип баласын тааныбай койду, ымыркай кезде бала бат өзгөрөт эмеспи. Ал кыз баласын алып келгенде да, алып кеткенде да мен узаттым, муунум бошоп аябай ыйлагам.

Букен Кубатова, тарбиячы: “БАЛА АПАСЫНЫН АРАКЕЧ ЭКЕНИН ТҮШҮНБӨЙТ ДА”

– 21 жылдан бери 1 жашка чейинки балдарды караган тайпада тарбиячы болуп иштейм. Бизде азыр эң кичинекейибиз 20 күндүк. 6 айлыкка чейинки балдарды кароо оңой, тамагын убагында берип, астын кургактап койсоң жата беришет. 6 айдан кийинкилердин көнүшү кыйыныраак. Себеби ата-энесин, жакындарын таанып, эне сүтүнүн даамын татып калат да. Алар кадимкидей куса болушат, ыйлашат, энесинин жытын издешет. Мурун томолой жетимдер, көчөгө ташталган балдар көп болчу. Азыр ата-энеси бар туруп таштап жатышпайбы. Бала толук кандуу үй-бүлөдө чоңоюшу керек, атанын да, эненин да мээримин алып өссө толук кандуу инсан болуп калыптанат. Мени ушул жердеги балдардын келечеги абдан ойлондурат.

Бир жолу биздин имараттын алдына 3 жашар баланы таштап кетишкен. Баштыкка кийимдерин салып баланын колуна карматып, кыштын суугунда эшикке калтырып кетишиптир. Чөнтөгүнөн кат таптык, баланын жашын, атын, анан мени кечирип койгула, баламды бакканга шартым жок болуп калды деп жазыптыр. Текшерсек, бала кургак учук менен ооруйт экен. Турмуш шартына шылтоолоп, оорулуу баланы багуудан качкан тура. Дагы жакшы, мамлекет азыркыдай шарт түзүп бериптир, болбосо бул балдар кайда барат эле?

Биз менен чогуу жүрүп балдар өз балаңдай эле болуп калышат. 4кө чыккандан кийин башка интернаттарга которулат да, өткөндө 4 жаштагы кыз дарыгерди кучактап алып ыйлаптыр кетпейм деп. Айрым учурда энелери көргөнү келишет да, ошондо өз энесине барбай, бизге жармашкан балдар да болгон. Жакында бир аракеч аялдын баласын алып келишти, ал бала апама кетем деп аябай ыйлайт. Бала энеси аракеч экенин түшүнбөйт да. Ар бир балага өз ата-энеси менен жашоо буюрса экен.

Асел Аширбаева, тарбиячы: “БАШКА ИНТЕРНАТКА КЕТПЕЙБИЗ ДЕП ИМАРАТТЫ АЙЛАНЫП КАЧКАН БАЛДАР БОЛОТ”

– 25 жылдан бери тарбиячы болуп иштейм. Биздин тайпада 3-4 жаштагы балдар тарбияланат. Бул куракта баланын тили чыгып, өз оюн айтып, чөйрөгө социалдашып калышы керек негизи. Ошого логопеддер менен тыгыз иштешебиз. Тарбиячылар баланын өсүүсү, бир айда жеткен жетишкендиги боюнча тест тапшырып турушат.

Бизде бир бала бар эле, экөөбүз дароо эле “сүйүшүп” кеттик. Мен жокто болгон окуялардын баарын мага жеткирип турат. Анан мени “мамочка” дечү. Бул жакта тарбиячылар эч кимге апа деп айт деп үйрөтүшпөйт, бала өзү эле апа деген сөзгө зар болду окшойт, мени апалап баштады. Коноктор таттууларды алып келсе да өзүнө, анан сөзсүз мага алып койчу. Мен эс алууда жүргөндө ал “баламды” бир үй-бүлө асырап алыптыр. Кийин ошол үй-бүлөсү менен келип таттууларды таштап кетиптир балдарга. Апама берип койгула деп атайын мага да бир куту таштаптыр. Келип көрүп аябай ыйладым, бир жумадай эсимден кетпей, жашып жүрдүм. Көнүп калат экенсиң да.

Балдарды башка интернатка которгону көп орундуу унаа менен келишчү. Кетерин сезип калган балдарыбыз ызылдап ыйлап, интернаттын имаратын айланып качат десеңиз. Аларга кошулуп биз шолоктоп ыйлап, анан жиберебиз. Балага көнүп калуу аябай оор, көпкө чейин анын баскан-турганы, сүйлөгөнү көкүрөктөн кетпей кыйналасың.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан